Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн теңинен көбүн көтөрүп келген өнөр жай өндүрүшү ушу тапта оор кризистен чыга албай турган кези. Бир топ ишканалардын жабдуулары чет өлкөгө ташылып же сатылып, андай болбогондору аз-аздан бутуна туруу аракетин жасоодо. Өкмөт быйыл бир топ өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, жаңы жумушчу орундарын камсыз кылуу аракетин көрүүдө.
Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн барандуусу «Кумтөр» алтын кенинин экономикалык көрсөткүчтөрү жылдан-жылга басаңдап, эми ал жылына 15-16 тонна алтын казып алса чоң жетишкендикке жетерин белгилеп, өкмөт азга каниет кылууда. Кадамжай сурма, Айдаркен сымап комбинаттарынын абалы деле чеке жылытарлык эмес. Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу «Интергласс» айнек заводу баш болгон ондон ашуун ири ишканалардын иши жүрүшүп кетсе экономикалык өнүгүүнүн ырааты кыйла көтөрүлөрүн белгилеп, өкмөт быйылкы жылга программа иштеп чыккан.
Иши жакшы жүрүшпөй жаткан ири өнөр жай ишканаларынын мамлекетке тиешелүү акцияларынын кыйласын баалуу кагаздар базарына чыгарып, өкмөт биртоп ишканалардын ишин жандантууну көздөөдө. Ушу тапта кадыресе иштеп жаткан «Дастан» акционердик коомунун акцияларынын 37% гана өкмөттүн колунда, калганы жеке, укуктук жактарга тиешелүү.
Ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Султан Табалдиевдин айтымында, өткөн жылы завод өндүрүш көлөмүн 1 миллирад 60 миллион сомго жеткирүү милдетин койгон эле.
- Биз өз проблемаларыбызды өкмөттү кийлигиштирбей эле чечүү аракетин көрүп келатабыз. Анткен менен биздин деле суранычыбыз бар. Алгач көрсөткүчтөрдү айта кетейин, «Дастан» өткөн жылды өндүрүш көлөмүн 100 миллион сомго көбөйтүү менен аяктады.
Бир жылга белгиленген көрсөткүчкө жетише албаганы менен Кыргызстан шартында дурус дегидей өсүшкө ээ болгон ишкананын үлгүсү башкаларга өрнөк болушуна өкмөт башчы Феликс Кулов кызыкдар экенин жашырбайт.
- Жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен азаматтарды өлкө билиши керек. Мен аны билем, бирок да эл билсин үчүн болгонду болгондой айтып бергиле. Муну маалымдоо каражаттары да билишсин.
«Дастан» акционердик коомунун өткөн жылы белгиленген чекке жетпей калышына Кыргызстандын бажы кызматы тоскоол болгон. Чет өлкөдөн ташылып келчү жабдуулардан алынчу кошумча нарк салыгына завод өткөн жылы 35 миллион сом төлөп берген. Үзгүлтүксүз иштеп турган ишкана үчүн сырттан ташылып келаткан жабдууга деп бөлүнгөн 35 миллион сом эки айдан кийин ишканага кайтарылып берилген.
Каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү ишкана соңунда келип белгиленген өндүрүштүк чекке жете албай калды.
Учурунда орусиялыктар менен жеңил учактарды чыгаруу демилгесин көтөрүп чыккан «Дастан» акционердик коому биртоп буюмдарды чыгарат, миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат.
- Завод атайын максаттагы аскерий техниканы, медициналык жабдууларды, аркыл суюк системаны бөлүштүрүүчү медициналык аспап чыгарабыз. Ал ооруканаларда, илим-изилдөө мекемелеринде пайдаланылат. Биз чыгарган товарлар Казакстан, Украина, Орусияга жөнөтүлөт,- деп маалымдады заводдун маркетинг бөлүмүнүн башчысы Зинаида Саидбагина.
«Дастан» акционердик коомунун башкы инженеринин орунбасары Борис Удод Бишкекте аспаптарды чыгаруучу жападан-жалгыз эле ушул ишкана калды дейт.
- Бизге «Электротехника», «Машинарадиатoрдoн» кайрылышат. Импорттук машинелер үчүн пресс-калыпты, радиаторлорду жасап беребиз. Ташкендеги Чкалов атындагы авиазавод машина дөңгөлөктөрүнүн дискин чыгарып атат, ошого калып даярдап беребиз. Заводдун иши көбөйүп жатат.
Быйылкы жылы Аксуу жүгөрүнү кайра иштетүү – кант заводу, Кызылкыядагы цемент заводу ишке киргизилип, «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭС курулуштары улантылышы керек. Непадам, өкмөт жыйырмага жете бербеген ири өнөр жай ишканаларынын ишин жандантууга жетишсе ички дүң продукттун өсүшү 8%, өнөр жайдын өсүшү 5,8% жетмекчи.