Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти


Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-демократтар" партиясынын маселеси каралып, партияны Бишкек шаардык шайлоосунан четтетүү чечимин кабыл алды. Жыйында партияны четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болду.

“Социал-демократтар” партиясы боюнча маселени кароого Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.

13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Атасы кийинчерээк бошотулган.

Кадыр Атамбаев Султанбековго адвокаты кире албай жатканын, ага талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге билдирди.

Бишкек шаардык милициясы “Социал-демократтар” партиясынын дооматтарына жооп бере элек. Ошол эле маалда Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганын ырастаган.

13-ноябрдын кечинде партиянын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Тинтүүдөн мурдараак милиция Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG