Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

“Социнтерн” вице-президенти Султанбековдун кармалышына тынчсыздануу билдирди


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

“Социнтерн” уюму эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти, Кыргызстандагы демократиянын чыныгы коргоочусу Темирлан Султанбековдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун сайтына чыккан билдирүүдө Султанбековго суракта талапкерлигин алып салуу сунушу менен басым жасалганы, адвокаты менен жолуктурбай жатканы демократиялык принциптерге каршы келери айтылат.

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин мыйзамдарды сактоого, эл аралык коомчулукту - Европарламентти, ЕККУну Султанбековду боштондукка чыгарууга жана Кыргызстандагы демократияны коргоодо тилектеш болууга чакырды.

2022-жылы ноябрда КСДПнын төрагасы Султанбеков “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланган. 126 өлкөдөгү 150 партиянын башын бириктирген “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жыл мурун түптөлгөн.

13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Атасы кийинчерээк бошотулган.

Кадыр Атамбаев Султанбековго адвокаты кире албай жатканын, ага талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге билдирген.

Бишкек шаардык милициясы КСДПнын дооматтарына жооп бере элек. Ошол эле маалда партиянын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганын ырастаган.

13-ноябрдын кечинде партиянын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Тинтүүдөн мурдараак милиция Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG