Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Трамп Мамлекеттик департамент башчылыгына Марко Рубиону сунуш кылды


Дональд Трамп жана Марко Рубио. 2024-жылдын ноябры.
Дональд Трамп жана Марко Рубио. 2024-жылдын ноябры.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп республикачы сенатор Марко Рубиону Мамлекеттик департаменттин башчысы кызматына көрсөттү. Трамптын 13-ноябрдагы билдирүүсүндө:

"Ал биздин өлкөнүн күчтүү коргоочусу, биздин союздаштардын чыныгы досу жана биздин каршылаштар алдында эч качан чегинбей турган тайманбас жоокер болот", - деп айтылды.

Европа аймагында жана Жакынкы Чыгышта согуш болуп, Азия-Тынч океан аймагында Кытай менен атаандаштыгы күчөп турган шартта АКШнын башкы дипломаты кызматына, ошентип, Сенаттын чалгын, эл аралык иштер комитеттеринде эмгектенип, тышкы саясат боюнча бай тажрыйбага ээ боло алган адис келе жатат.

Рубио Кытай боюнча катаал саясат зарылдыгын айткан, Кубанын коммунисттик өкмөтүн ачык сындаган, Израилди активдүү колдогон саясатчы. Быйыл апрель айында ал Украинага жана башка бир нече өнөктөш өлкөгө аскердик жардам бөлүү тууралуу ири каржылык долбоорго каршы добуш берген. Жакындагы интервьюларынын биринде Рубио Киев маселени Орусия соңку он жылда басып алган жерлерин кайтарууну талап кылып эмес, Москва менен сүйлөшүү аркылуу чечүү жолдорун издегени туура болорун айткан.

Рубио Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоо керектигин бир нече жолу айтып, украиндерди Орусиядан коргонгон согушу үчүн "укмуштуудай кайраттуу жана күчтүү" деп мүнөздөгөн. Согуш башталган алгачкы күндөрү эле ал "Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө", Орусияга каршы санкция жарыялоо мыйзамдарынын авторлорунун бири болгон. Бирок кийин ал кырдаал "туңгуюкка" кептелгенин айтып, "аягына чыгаруу" зарылдыгын белгилеген.

Газа боюнча Трамп да, Рубио да Израилди колдошот жана ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) жок кылуу керек деп эсептешет.

Сенат талапкерлигин жактырса, 53 жаштагы Рубио Кошмо Штаттардын алгачкы латынамерикалык мамлекеттик катчысы болот.

Вашингтондогу Демократияны коргоо фондунун талдоочусу Бехнам Бен Талеблу тышкы саясаттын көптөгөн маселелери боюнча катаал позицияны карманган сенатор Рубиону тандоодо Трамп эң актуалдуу эл аралык темалар боюнча өзүнүн көз карашын бөлүшө турган адамды издегенин көрсөткөнүн белгилөөдө.

"Рубио улуттук коопсуздук маселесинде улуу державалар ортосундагы атаандаштык, Кытайга каршы туруу, Иранга каршы туруу жана болушунча бекем басым өнөктүгүн калыбына келтирүү сыяктуу негизги маселелер боюнча Трамп менен идеологиялык жана саясий тил табыша ала турган адам", - деди Талеблу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG