Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

МАГАТЭ Иранга сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кыскарышы ыктымал экенин эскертти


Рафаэл Гросси жана Аббас Аракчи. 2024-жылдын 14-ноябры.
Рафаэл Гросси жана Аббас Аракчи. 2024-жылдын 14-ноябры.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Иранды жана анын ири өнөктөштөрүн Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө "конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк жыйынтыкка" жетишүүгө чакырды.

АКШда бийликке кайрадан Дональд Трамп келе жатышы менен бул маселедеги дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр азайышы ыктымал деген кооптонуу жаралып жаткан чакта ал:

"Эл аралык жана аймактык чыңалуу чынында эле бар деген фактынын өзү сүйлөшүү жана дипломатия үчүн мейкиндик кеңейип эмес, кыскарып жатканынан кабар берет", - деди 14-ноябрда Тегеранда журналисттердин алдындагы сөзүндө.

Бул күнү Гросси Ирандын өзөктүк маселелер боюнча мекемесинин башчысы Мохаммад Эслами менен жолугушуу өткөрдү.

"Биз азыркы тапта конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк, бул биргелешкен иш кырдаалды жакшыртып, ачыктык киргизип, бизди конфликттен, жана, акыры, согуштан алыстата турган жыйынтыктарга жетишүү өтө маанилүү болуп турганын билебиз", - деп айтты Гросси.

МАГАТЭ башчысы Иранга 2015-жылдагы келишимден үч жылдан кийин бир тараптуу чыгып кеткен Дональд Трамп эки айдан кийин АКШда президенттик кызматка расмий киришкени жаткан маалда барды.

14-ноябрда ал Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен да сүйлөшүү өткөрдү.

Иранга уранды 3,65 проценттен жогору деңгээлде байытууга тыюу салган келишим боюнча сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышкан негизги саясатчы Аракчи Гросси менен сүйлөшүү "маанилүү жана түз" болгонун X социалдык түйүнүнө жазды. Ал МАГАТЭ менен кызматташтык "кайрат жана ак ниеттүүлүк" негизинде улана берерин убада кылып, Тегерандын өзөктүк программасы тынчтык гана максатын көздөй турганын кайталады.

Ошону менен катар Ирандын башкы дипломаты сүйлөшүүлөрдө "басым жасалбашы керектигин" белгиледи.

Батыш Иран өзүнүн өзөктүк программасын куралдануу үчүн өнүктүрүүдө деп эсептейт. 2018-жылдагы маселеден кийин Тегеран бул программасын 2019-жылдан тартып активдештире баштаган.

Ирандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. 2018-жылы АКШ ошол кездеги президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек.

Тегеран өзөктүк программасы өлкөдө атом энергетикасын өнүктүрүү гана максатын көздөгөн илимий жана өндүрүш иш-чаралар комплексинен турарын айтууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG