Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Экономика

Эларалык валюта корунун Кыргызстанда жакырчылыкты азайтып, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүүгө арналган үч жылдык программасы аягына чыкты. Өкмөт программа ийгиликтүү аткарылганын маалым кылды. Кыргызстанда кедейликти азайтуу, экономикалык өнүгүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн айтып Каржы министри Болот Абилдаев Эларалык валюта корунун финансы жылынын аягында өтүүчү башкаруучулар жыйынына катышып келди. Келерки үч жылга белгиленчү программанын тагдырын, Париж клубуна кирген өлкөлөргө төлөнчү карызды кечип жиберүү маселеси эмдиги жылы дайынга чыгат.

Эларалык валюта кору талап кылган тапшырмалары так аткарылганына канааттанганын жашырбай, Кыргызстанды «үлгүлүү студент» катары сыпаттаганын Каржы министрлигинин пресс-кызматы ай башында эле кабарлаган.

Баш-аягы 108 миллион долларга бааланган үч жылдык программанын негизги талабы – Улуттук банктын эларалык резервдик капчыгында жок эле дегенде 267 миллиондон кем эмес доллар акча сакталып турушу керек болсо, ушу тапта башкы банкта 280 миллиондон ашуун доллар сакталууда.

Бюджет таңкыстыгы да программада көрсөтүлгөн чектен - 4 миллиард сомдун тегерегинен чыккан жок. Айырма 36 миллион сомду түздү. Үч жыл аралыгында салык жыйноо - программада көрсөтүлгөн өлчөмдөн 517 миллион сомго арбын аткарылган. Социалдык тармактагы жыйымдар менен төлөмдөр толугу менен ишке ашкан. Өкмөт үч жыл ичинде жеңилдиги жок кредит албай, тышкы карыздардын биртобун төлөп берүүнү кийинкиге жылдырууга жетишкен.

Ушу тапта үч жылдык программаны ийгиликтүү аткарган өкмөт кийинкисине киришүүнүн убакты-саатын күтүп аткан кези. Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен программанын аткарылышы кылдат көзөмөлдө турганын айтып келди:

-Эларалык валюта кору кийинки он жыл ичинде 7 жылдан ашуун убакытка кредит алган мамлекеттерде программанын аткарылышын текшерип туруусун эрежеге айланткан.

Эларалык валюта кору антип «үлгүлүү студентинин» экономикалык көрсөткүчтөрүнө кылдат көз салып, бюджет менен социалдык тармакты каржылоону бекем тартипке салуу аракетинин артында кийинки программанын тагдыры, ага улай Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Кыргызстандын карызынын бир бөлүгүн кечип жиберүү-жибербөө маселеси турат.

- Мен болгону Саавалайнен мырзанын айткандарын кайталагым келет. Биздин милдет өзгөрүүсүз калды. Эң башкысы - макроэкономикалык туруктуулук, тышкы карыздын оорчулугун жеңилдетүү, структуралык реформалардын негизинде экономиканын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү,-деп билдирди Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев.

Ушу тапта Кыргызстанда баш-аягы отузга бираз жете бербеген, баасы жарым миллиарддан ашуун долларды түзгөн долбоорлор иштетилүүдө. 24 долбоор жеңилдетилген шартта алынган кредиттердин эсебинен каржыланса, 3 долбоор грант акчаларга эсептелген. Дүйнөлүк банк менен Азия өнүгүү банкы аталган долбоорлорду ишке ашырууга 593 миллион долларга бираз жете бербеген акча бөлүшкөн.

Эларалык валюта корунун жыйынтыкталып аткан программасы кандай аткарылганына карап Париж клубуна кирген өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карызынын 452 миллион долларын кечүү-кечпөө маселесин карашмакчы.

Каржы министри Болот Абилдаев октябрь айынын башында Вашингтондогу иш сапары учурунда Эларалык валюта корунун жетекчилиги менен жолугушуп, алардан маселени оңунан чечүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүп кайтты. Ага чейин министр мырза Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Каржы министрлери менен көзмө-көз сүйлөшүп, алардын баш терисин байкап келген.

Парламент депутаты Акылбек Жапаров өкмөт кредит акчаларды алууда анын өлкө үчүн кандай пайда беришин ойлонушу керек деген пикирде:

- Баары «давай алабыз» деп эле чабалактап атышат. Биздин өкмөт дагы булар менен карым-катышында эл үчүн пайдалуу жагын ойлонушу керек. Ошондо гана алган туура болот.

Кыргызстанда Салык кодексин жаңылоо аракети жыл башында эле башталган. Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн комиссия, анын карамагындагы эксперттик топ жайды-жайлата баса олтуруп иштеп негизги экономикалык документти күзгө чейин бүтүрүү аракетин көрүштү. Бирок да маалында аягына чыкчу иш кыйла эле кечеңдеп, салык жыйноо боюнча айрым маселелер азырынча тактала элек.

Адистердин айтымында, Салык кодексинин улам-улам жаңыланып турушу мыйзамченемдүү зарылдык. 1996-жылы кабыл алынган Салык кодексине деле жыл өтпөй жүзгө жакын өзгөртүү, алымча-кошумчалар киргизилген. Ошондой алымча-кошумчалардын көптүгүнөн негизги экономикалык документте биртоп карама-каршылыктар орун алган. Бул асыресе эркин экономикалык аймактардан салык жыйноого байланыштуу келип чыккан. Жаңы Салык кодексинде алдагыдай алешемдиктер четтетилип, салык жыйноонун жол-жобосу так, анан да жыйынтыктуу берилмек.

Кыргызстандын Каржы министринин орунбасары Мурат Исмаилов комиссия күн кур эмес жыйналып, баса олтуруп Салык кодексин жаңылоо аракетин жасаарын ушул жылдын августунда эле маалымдаган.

-Мындан ары эксперттик топ өкмөттүк комиссия мүчөлөрүнүн айрымдарын тартуу менен күн сайын кечки саат бештен жетиге же сегизге чейин такай иштөөсү тууралуу чечим кабыл алдык.


Эксперттик топтун мүчөсү Равкат Хасановдун айтымында, өкмөт комиссияга биртоп маселелерди өз алдынча чечүүнү тапшырган.

-Жаңы Салык кодексинде кайталоолор болбос үчүн өкмөт башчынын макулдугу менен инвесторлорго берилчү преферциал режими комиссия кароосуна берилди. Бул өтө маанилүү маселе. Мен Инвестициялык матрицага жоопкермин, ошондуктан протокол талабын эске алуу сөзсүз зарыл.


Мурат Исмаиловдун ырасташынча, жаңы Салык кодекси салык жыйноо, чогултуу жаатындагы стратегиялык багытты, концепцияны өзгөртүүнү түшүндүрбөйт. Салык жыйноо, чогултуунун негизги багыттары 2002-жылы аныкталып, ага кошумча президент жарлыгы менен мамлекеттик жыйымдар реформасы белгиленген.

Каржы министрлигинин алдындагы Кирешелер комитетинин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев жаңы Салык кодексинин негизги өзгөчөлүгүн момундайча мүнөздөйт:

-Мыйзамдардын баарын чогултуп келип туруп бир кодекске жазып атабыз. Эң башкысы, салык жыйноо жагын көбөйтүп, ким эмне кылыш керектигин, салык төлөөчүлөр кайсы жерде кантип төлөш зарылдыгы, анын жол-жобосу бүт айтылган. Биздин кызматкерлердин милдеттери да так аныкталган. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан салык жыйноонун жол-жоболору аз болчу. Салык төлөөчүлөр менен биз көп талашып-тартышып, алар өз пикирин, биз өзүбүздүкүн жактап турчубуз. Салык төлөөчүлөр менен жыйноочулар ортосунда талаш-тартыш болбош керек деп ойлойбуз.


Жаңы Салык кодексин даярдоочу эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красниковдун ырасташынча, документти даярдоо учурунда бир жарым миңге жакын сунуш-пикирлерди иликтеп чыгууга туура келди.

- 1480 ашуун сунуштар келип түшкөндүктөн Каржы министрлигине бюджеттин кирешелер бөлүгүн кайра карап чыгуу тапшырмасы берилген. Анда салык өлчөмүн көбөйтүү же азайтуу канчалык деңгээлде бюджетке таасирин тийгизери аныкталышы керек.

Салык кодексин даярдоочулар менен ага сунуш жөнөткөндөрдүн ортосундагы талаштан улам негизги экономикалык документтин даярдалышы кечеңдөөдө. Талаш барып-келип социалдык маселелердин айланасына топтолууда. Кайсы уюмга кандай салык жеңилдиктерин мамлекет сунуш кыла аларын комиссия чечмекчи. Айрым адистердин айтымында, Салык кодексин кабыл алууга ашыгуунун кажети жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG