Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Экономика

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен ушул аптанын соңунда бейөкмөт уюм, маалымдоо каражат өкүлдөрү менен жолугушуп Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Кыргызстан карызын кечип жиберүү-жибербөө маселеси эмдиги жылдын март айында билинет. Мунун артында эч кандай саясий сыр жок.

Эларалык валюта корунун миссиясы Кыргызстанга жылына бери дегенде төрт ирет келет. Туруктуу экономикалык өнүгүшкө жетишип, жакырчылыкты азайтуу милдетин артынган үч жылдык программа быйыл сентябрь айында жыйынтыкталды.

Тапио Саавалайнен быйылкы жылдын бүйүжетинин аткарылышы август айындагы божомолдон ашып түшөрүнө ынанганын айтты. Бул ирет Кыргызстанга жыйынтыкталып аткан үч жылдык программанын айрым сандык көрсөткүчтөрүн тактап, эларалык каржы уюмунан келишкен кеңешчи топтун эмдиги аптанын үчүнчү күнү өтүүчү жыйынына катышуу үчүн келгенин маалымдады. Эларалык валюта корунун үч жылдык программасы ишке дурус ашырылганын белгилеп, Тапио Саавалайнен момундай пикирин ортого салды:

- Башкача бир жагдай болушу деле ыктымал. Кайсы бир мыйзам же токтом, жарлык Эларалык валюта корунун программасынын талабы менен кабыл алынганына байланыштырып түшүндүрүшү мүмкүн. Бирок бул чындыкка туура келбейт. Ошон үчүн биз маалымат жыйындарында программанын максатын айтып келатабыз. Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү да ал тууралуу кенен мааламат бере алат. Булардан тышкары керектүү документтердин биртобун интернетке чыгарып, түшүнүктүү болсун үчүн орусча котормосун да веб-сайтка жайгаштырганбыз. Каалоочулар аны менен тааныша алышат. Ошондо гана маалыматтын чын-төгүнү аныкталат, - деп айтты Тапио Саавалайнен.

Кыргызстан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциацсяынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын ырасташынча:

- Өкмөт ушул фонддун айтуусу, талабы боюнча жасап атабыз дегенине макул эместигин билдирип кетти. Тапио Саавалайнендин айтуусу боюнча, Эларалык валюта кору макроэкономикалык өнүгүштүн туруктуу болушу жана өнүгүү керек. Ал ушуга токтолуп кетти.

Тапио Саавалайнен Кыргызстанда 50 пайыздан ашуун жакырчылык быйылкы расмий маалымат боюнча 44 пайызга түшкөнүн белгилеп, кыргызстандыктарды өзгөчө кызыктырган маселе тышкы карыздардын кечирилиш-кечирилбешине токтолду:

- Париж клубу маселеси баарын кызыктырат. Окуялар кайсы багытта өнүгөөрүн көрөбүз. Мен Орусиянын Тышкы иштер министринин Бишкектеги билдирүүсүн окудум. Менимче, баарын мезгил көрсөтөт. Париж клубунун жыйналышына чейин дагы кыйла убакыт бар. Бара көрөбүз, - деди Тапио Саавалайнен.

Тапио Саавалайнен 2002-жылы Париж клубуна кирген өлкөлөр карыз акчаны кечүү-кечпөө маселеси ыктыярга жараша чечилиши ыктымал деген бүтүмгө келишкенин билдирди.

- Карыздарды кайтаруу мөөнөтү деле ошол эле 2002-жылы чечилген. Клубдун жыйынында Кыргызстанга карызды кайтарууга үч жыл убакыт беришкен. Мөөнөт ушул жылдын аягында – 5-декабрда бүтөт. Париж клубу эгер Кыргызстан үч жылдык программаны жакшы аткарса, жаңы программаны түзүүгө макул болсо, анын карызынын бир бөлүгүн кечип жиберүү маселеси атайын жыйында каралат.

Париж клубунун жыйыны эмдиги жылдын март айында өтүшү болжолдонууда. «Мунун артында эч кандай саясий сыр жок», деп билдирди Тапио Саавалайнен. «МСН» эркин басылмасына карата монополияга каршы мыйзамды колдонууга токтолгон Тапио Саавалайнен кыргыз өкмөтүнүн алдагыдай кадамына таң калганын жашырган жок.

- Баанын арзандатылышы монополияга каршы мыйзам боюнча күнөө коюуга олуттуу жүйө болууга жарабайт. Гезит базардын баарын ээлеп, башкаларга жол бербей атканын далилдеш керек. Менин оюмча, жаңы программага монополияга каршы мыйзамды жаңылоо милдетин коюшубуз керек окшойт. Кеп, бул жерде мыйзамда эмес, анын аткарылышында, - деп айтты Тапио Саавалайнен.

Акыркы 10 жылда миңдеген молдовандар жакшы турмуш издеп, Ата журтунан сырт өлкөлөргө кетишти. Молдова, ырасмий маалыматтар боюнча, Европадагы эң жарды мамлекет. Орточо эмгек акы 100 АКШ долларыга жетпейт. Айрым эсептөөлөргө караганда, чет өлкөлөрдө жашаган молдовандар жылына мекенине азы 5 000 миллион, көбү 1 миллиард доллар жиберип турушат. Өлкөнүн 2004-жылкы бюджети 450 миллион долларга барабар. Бирок, президент Владимир Воронин өлкө жакырчылыкта деген кепке макул эмес.

45 жаштагы Гаврил Канду кесиби боюнча агроном. Бир нече жылдан бери жумушсуз. Ал 5 жашар кызы менен Молдованын байтакты Кишиневдин түштүгүндөгү чакан кыштакта жашайт. Аялы Италияда үй кызматчысы болуп иштеп жүрөт:

- Муктаждыктан улам аялым бизди калтырып кетти. Биз азыр аялым жиберген акчага жашоодобуз. Анын кеткенине үч жыл болду. Былтыр күздө келип кетти. Жакында бир нече күнгө келип, кайра кетет.

Аялы жөнөткөн акчага Гаврил там салууда жана улуу кызынынын окуусун төлөйт.

Эксперттер 4, 5 миллион элдүү Молдованын эмгекке жарамдуу жарандарынын бери дегенде 20 пайызы турмуштун айынан улам сырт жерлерде безерип жүргөнүн айтышат. Эл аралык Эмгек уюмунун Кишиневдогу координатору Жана Костахинин сөзүнчө:

– Эң азын алганда, 300 миңдей адам чет өлкөдө жүрөт. Алардын көбү мыйзамсыз, эч кандай келишими жок эле иштеп жүрүшөт. Жаштары 25 менен 45тин ортосунда. Бул эмгекке жарамдуу элдин маанилүү бөлүгү.

Ырасмий эмес маалыматтар боюнча, жан багуу үчүн бөтөн жакка кеткен молдовандардын саны 1 миллионго жетет.

Республиканын миграция башкармалыгынын директору Ольга Паулелунж айымдын сөзүнчө, молдовандар 1994-жылдан тартып тышка иш кууп кете баштаган:

- Адегенде, мигранттардын көбү Россияга барышты. Тээ совет заманынан бери молдовандар Ортолук Россияда, Москва облусунда иштешет.
1997-98-жылдардан кийин миграциянын багыты алмашты. Молдовандар тили, маданияты жана социалдык жактан өздөрүнө жакын Италияга, ошондой эле Португалия, Греция жана Испанияга кетишти. 2001-2002-жылдардан тартып молдовандар Германия, Ирландия жана Улуу Британияга барчу болушту.


Эл аралык Эмгек уюму менен Сорос фонду былтыр өткөргөн изилдөөгө караганда, ар бир экинчи мигрант визанын кереги жок деп, Россияга жол алат. Иш издеген адамдардын 18 пайызы Италияга кеткенди оң көрөт. Ар бир үчүнчү үйдөн бир адам тыш өлкөдө иштейт, мигранттардын 70 пайызы кыштак жеринен экенин ушул изилдөө аныктаган.

Эл аралык Эмгек уюмунун адиси Жана Костахи айым чет өлкөгө жогорку билимдүү адамдардын көбү кетип жатканына көңүл бурат:

– Билимдүү, өтө жарды балалуу адамдар чет өлкөгө иштегени кеткен жарандардын 30 пайызга жакынын түзөт. Алар сыртка кеткенге чейин бюджеттик мекемелерде иштешкен. Алардын ичинде профессорлор, мугалимдер, архитекторлор, инженерлер, доктурлар, билимдүү медсестралар бар.

Молдованын түндүгүндөгү Гличени Век кыштагынын тургуну, төрт баланын энеси Танянын сиңдиси да Италияда иштеп жүрөт:

- Көптөгөн адамдар, анын ичинде биздин үйлөнүн мүчөлөрү чет өлкөлөргө кетишти. Америкада да туугандарым бар. Сиңдим Италияда.Сиңдим кыздарынын бирөөсүн мага таштап кеткен. Ал да мен сыяктуу медсестра эле. Бирок, 60 доллар жашоого жетпеди. Менин күйөөм болгону 41 доллар табат. Кудайга тобо, сиңдим жана ата-энем бизге жардамдашат.

Бирок, Молдованын президенти Владимир Воронин “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна берген интервьюда көпчүлүк элдин турмушу оор деген пикирди четке кагат:

– Эл тегиз эле жакыр десек чоң жаңылыштык болот. Бул бизди кемсинтүү болот. Кишиневдо адамдар кандай кийинип жүргөнүн, көчөлөрдө “Мерседес” сыяктуу кымбат баалуу автомобилдер көп болгондуктан, шаардын бир башынан эки башына чыгуу өтө кыйын экенин айтсак, кайдагы жакырлык. Ырас, маалыматтар биз каалагандай жакшы эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG