Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Экономика

Эки жылдан бери Кыргызстандын Каржы министрлиги бюджеттин ачыктыгына жетишүү аракетин жасап, коомдук талкууларды өткөрүп келатат. Ушул аптанын аягында Бишкекте өткөн жарандык коом, ишкер өкүлдөрдүн «тегерек үстөл» жыйынында келерки жылдын бюджети тууралуу кеп болду. Анда өкмөт программалык бюджетти түзүү камылгасы көрүлүп жатканы маалымдалды.

Жыйында көлөмү жагынан опсуз чоң бюджет текстин толук жарыялоонун зарылдыгы барбы-жокпу деген суроо кыйла талаш чакырды. Так эсептер, жалаң адистер гана түшүнчү тилде жазылган негизги экономикалык документ – 2005-жылдын бюджет долбоору иштелип чыккан. Бирок да анын айрым бөлүктөрү, айталы, социалдык тармакка чегерилчү каражаттын так саны, андан да маанилүүсү, бюджеттин аткарылышы көпчүлүктүн баам сыртында калып келатканы жыйында көп айтылды. Мына ушул кенемтени кайсы бир өлчөмдө Каржы министрлиги менен «Сорос-Кыргызстан» фонду биргелешип ишке ашырып аткан «Бюджет диалогу» долбоору толтурат.

- Кыйла эле консервативдүү Каржы министрлиги бул демилгени колдоду. Айтып коюш керек, буга жетиш оңой-олтоң болгон жок. Демилгени колдоо менен кандай пайда-зыянга ээ болорун таразалап көрүп, кантсе да зыянына караганда пайдасы көбүрөөк экенине ынанган соң макул көрдү. Жарандык коом менен ырасмий өкүлдөрдүн ортосундагы диалог жанданбай келатат. Мунун айынан жалган маалымат таратылат же адамдар айрым сандар менен фактыларды түшүнбөй калышат,- деп айтты Каржы министринин кеңешчиси Любовь Тен.

Ага жооп кылып, «Социалдык демилгелердин Бишкек борбору» коомдук уюмунун жетекчиси Халида Ракишева өкмөт өзүнө керек болгондо эле жарандык коом өкүлдөрүн жыйындарга чакырып, башка убакта элдин сөзүн уккусу келбегенин билдирди:

- Сиз өнөктөш катары бир кепке келели деп атасыз. Мен сизге айтып коёюн - андай болбойт. Биздин эсибизден КОР программасын кантип иштеп чыгышканы кете элек. Жарандык коом өкүлдөрүн чакырып, өнөктөш бололу, чогуу иштейли, каршы турбагыла деп чакырып келишти. Үч жыл бою биз да билген сунуштарыбызды бердик. Соңку улуттук жыйын өтүп аткан филармонияда да сунушубузду киргиздик. Бирөө да кошулган жок, баары сөз жүзүндө гана калды,- деп айтты Халида Ракишева.

Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Зинаида Зажигаева өкмөт бюджет түзүүдө ардагерлердин абалын эсепке албай, эмдигиче эң аз керектөө акчасын 100 сомдон өйдө көтөрбөй койгонуна токтолду:

-Менин айтканымы жакшы укпай жатасыңар. Биз кайрыла турган маселе – аз керектелчү акча. Каржы министрлиги аны кичине көбөйтүп, бизге кошулчу акчаны ага киргизиши керек. Бул карыларын кароосуз таштап кетүү го. Акчасыз эч нерсе кыла албайсың,-деди Зинаида Зажигаева миңдеген карылардын атынан.

-Бул биринчи эле жолугушуубуз эмес. Дагы чогулуп, кыйла маселелерди талкуулайбыз,- деп айтты «Сорос-Кыргызстан» фондунун кызматкери Александр Третьяков.

Жыйында айтылгандай, өкмөт ушу тапта социалдык топтогу министрликтердин бюджет программасын түзүү аракетин көрүүдө. Эгер ал жүзөгө аша турган болсо салык төлөөчүлөр бир окуучунун билим алуусуна, бир адамдын акысыз дарыланышына мамлекет канча каражат сарптай ала тургандыгын так билер эле.

Өткөн жылы да бейөкмөт уюмдардын катышуусунда бюджеттин ачыктыгы боюнча коомдук угуу өтүп, анда да биртоп пикир-сунуштар айтылган. Быйыл бул ишке «Сорос-Кыргызстан» фонду катышып, долбоордун каржылык чыгымын көтөрүүдө. Жыйында белгиленгендей, бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтан көпчүлүк кабарсыз калууда.

Мындан он жыл мурда түзүлгөн «Каракол» эркин экономикалык аймагы Ысыккөл облусунун борбору Каракол шаарынан Балыкчы шаары менен Тамчы айылына көчүрүлөт. Ага негиз берген мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул жылдын июнь айында кабыл алган. Аймактагы ишканаларды башка жерге көчүрүү демилгеси аймакта иш жүргүзгөн ишканалар менен алардын жумушчуларынын тынчын алып жатат.

«Каракол» эркин экономикалык аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү өкмөт өткөн жумада парламентке сунуштаган. Ал долбоордо аймакта иш жүргүзгөн ишканаларды жаңы жерге мыйзамда көрсөтүлгөндөй үч жылда эмес, үч айдын ичинде көчүрүү каралган. Бул - аймакта иш жүргүзгөн ишкана өкүлдөрүнүн тынчыздануусун жаратты.

Бул долбоор палатада талкууланганда ага көп депутаттар каршы болгондуктан мыйзам кабыл алынбай калган. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, аймакты башка жакка көчүрүү туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жерде ишканаларды куруп, инфраструктураны өнүктүрүү максаты менен жасалууда.

Анткени аймак иштеген 13 жылда ал жерге өзүнүн же чет өлкөнүн инвестициясын алып келип, эч ким жаңы ишкана курган эмес. Аймактагы 101 ишкананын көбү алып-сатарлык гана иш жүргүзүп, салык төлөшкөн эмес. Ушундан улам губернатор аймактын атына жамынган ишканаларды тескеп, бир нерсе өндүрбөгөн ишканалардын салыкты толук өлчөмдө төлөтүүгө аракеттенүүдө. Ал тууралуу Токон Шайлиева мындай дейт:

-Эркин экономикалык аймакка жамынып алышып, салык төлөнбөй калган. Анча-мынча гана адамдардын чөнтөгү толуп, элдин казынасына эч нерсе түшкөн эмес. Эч ким эчтеке курбаптыр. Илгерки союз убагынан калган имараттарды ээлеп туруп, эркин экономикалык аймактын ишканасы деп катталып кирип алышкан. Эркин экономикалык аймакка кирген ишкананын негизги милдети - инвестиция алып келип, жаңы ишканаларды куруу да.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын көп депутаттары аймакты башка жакка көчүрүүнүн зарылдыгы жок, тескерисинче туңгуюкка жайгашкан шаарга чет элдик инвестицияны алып келүүгө Каракол абдан ыңгайлуу деп каршы болушту. Алардын бири депутат Бөрүбай Жураев өз оюн минтип билдирди:

-Азыр ал жерде отуздан ашык өндүрүш ишканасы иштеп жатат. Өткөн жылы 58 миллион сомдук продукция чыгарыптыр. Каракол - туңгуюк шаар болсо, эч кандай жеңилдик берилбесе, ал жакка ким барат? Андан тышкары азыр аймак деп бөлүнгөн жерде суу, жарык, канализация жок кургак жер экен. Андай жерге ким көчүп барып, ким ишкана курат?

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев 13 жылдан бери Каракол шаарында эч нерсе курулбагандан кийин жаңы жерди өздөштүрүү зарыл деген ойдо:

-Эмне үчүн Тамчыга которуш керек? Ошондой бош жерди эркин экономикалык аймак деп жарыялап, жаңы ишканалар курулсун дейбиз да. Ысыккөлдүн өзгөчөлүгү туристтик аймак экендигинде да! Ун менен колбаса чыгарып Караколдо отура бербей, ошол Кудай берген өзгөчөлүктү пайдаланып, жаңы аймак түзүлсүн деп жатышат да!

Каракол эркин экономикалык аймагындагы 101 субьектин 38и өндүрүш ишканасы жана анда 1146 жумушчу иштейт.

Алардын арасында алкоголдук эмес суусундуктарды чыгарган ишкананын ээси Ибрагим Идиров Казакстандан 200 миң долларга жакын инвестиция алып келип ишкана ачкан. Ибрагим Идиров өкмөт менен губернатордун демилгеси ишкананы иштетүүгө кетирген чыгымын кайтаруу мындай турсун, социалдык абалды да курчутту деген ойдо. Анын айтымында, бул аракет президенттин инвестициялык абалды жакшыртуу саясатына да карама-каршы келип, социалдык абалды оорлотту:

-Мамлекеттин аброюна да абдан катуу кедергисин тийгизүүдө. Президенттин инвестициялык кызыкчылыкты камсыз кылуу саясатына карама-каршы келип жатат. Эгер ишкананы үч айдын ичинде көчүрүү мыйзамы кабыл алына турган болсо өндүрүш ишканаларында иштеген 1146 жумушчу пикетке чыкканы жатышкан. Себеби алар дароо жумушсуз болуп калышат да.

Губернатор Токон Шайлиева болсо Караколдон көчкүсү келбеген ишканалар салыкты кадимкидей төлөп иштей беришээрин, төлөөнү каалабагандар сот жообуна тартылаарын билдирди:

- Кааласа Караколдо эле иштей берет. Эгер ишкана ээси Тамчыга барып, ишкана салам десе жер берип, тегерегин курчап, жеңилдиктерди беребиз. Аны каалабаса салыкты кадимкидей төлөп иштей берет. Эгерде салык төлөбөй турган болсо сотко беребиз.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоевдин билдирүүсү боюнча бир топ фирмалардын «Каракол» эркин экономикалык аймагына кирип алып, күйүүчү майды аткезчилик менен алып келип сатып, салык төлөбөй койгондугу да аймактын чек арасын тактоого башкы себеп болду.

Анткени 14-15 фирманын бир жарым жылдык ишин палатанын депутаттык комиссиясы текшерип, казынага 200 миллион сом түшпөй калгандыгын аныктаган. Ушундан улам палата дүйшөмбү күнү баштала турган сессиясында бул жагдайды талкуулаганы жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG