Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Абхазия: митингге чыккандар парламенттин имаратына кирип барды


Грузиянын курамындагы жикчил Абхазияда 15-ноябрда Орусия менен инвестициялык келишим түзүүгө каршы жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыгып, парламенттин имаратына кирип барды. Жума күнү кечинде оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин жикчил өлкөнүн президенти Аслан Бжания отставкага кетүүдөн баш тартты. Митингчилер менен күч кызматкерлеринин кагылышында кеминде 7 адам жараат алды.

Жикчил аймактын парламенти 15-ноябрда Орусия менен жаңы инвестициялык келишимди карамак. Бирок нааразылыктан улам бул маселе күн тартибине киргизилбей, парламенттин жыйыны болгон эмес.

Нааразылык акциясына чыккандар депутаттардан бул документке каршы добуш берүүнү талап кылып жатат.

Оппозиция бул келишимдин негизинде аймакта орусиялык бизнес көбөйүп, жергиликтүү калктын туризм тармагында кирешеси азаят деп чочулап жатат. Нааразылык акциялары 12-ноябрда, оппозициянын беш өкүлү кармалгандан кийин эле башталган.

Абхазия жана Түштүк Осетия Кавказдагы жикчил аймактар. Дүйнө өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көбү аларды Грузиянын бир бөлүгү деп тааныйт. Өз алдынча өлкө катары аларды алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG