Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Экономика

28-октябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылга өлкөнүн бюджет долбоорун карай баштады. Депутаттарга долбоор тууралуу каржы министри Болот Абилдаев маалымат берди.

Каржы министринин маалыматына караганда, келерки жылкы бюджеттин киреше бөлүгү 15 миллиард 670 миллион сом, чыгашасы 16 миллиард 173 миллион сом болоору болжолдонууда. Ал эми Ички дүң продуктынын көлөмү 100 миллиард 800 миллион сомго жетип, 5 пайы зөсүш болору белгиленүүдө. Өкмөт 2005-жылы макроэкономикалык туруктуулукту сактап, инфляцияны 4 пайыздын тегерегинде, ал эми сомдун курсун долларга карай 44 сомдун айланасында кармоону болжоп жатат. Бирок эмки жылы өлкөнүн импорт-экспорттук ишмердүүлүгүндө кыйнчылыктар пайда болоору көрүнүп турат. Анткени экспорттун жалпы көлөмү 650 миллион доллар болот деп эсептелип жатса, импорт 891 миллион долларга жетери күтүлүүдө. Натыйжада тескери сальдо 241 миллион долларга жетмекчи. Абалдын мындай болушуна алтын өндүрүшүнүн кыскараары таасир этээри маалымдалууда.

Бюджет мойнуна келерки жылы тышкы жана ички карызды төлөө да оор жүк болуп түшөөрү байкалып турат. Маселен, тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөөгө 2 миллиард 146 миллион сом же 48 миллион 700 миң доллар чегерилсе, ички карыздарга 1 миллиард 783 миллион сом жумшалаары айкын болууда.

Бюджет долбоорунун негизги параметрлеринде мына ушундай татаалдыктар бар экендигине карабай-аны депутаттар оң баалап жатышат.

Каржы министри Болот Абилдаев бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча кеңири маалымат берүү менен депутаттардын буга чейин айтылган сунуштары тууралуу буларды билдирди:

- Жыйынтыгында айтаарым, Эл өкүлдөр жыйынынын комитеттеринин сунушу менен бюджеттин чыгашасы 300 миллион сомго жогорулады. Мына ошентип бюджеттин жалпы чыгашасы 16 миллиард 473 миллион сом көлөмүндө долбоорлонуп жатат. Бюджеттин тартыштыгы болсо 502 миллион 700 миң сомду түзүп атат.

Каржы министринен кийин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов сөз сүйлөп, бюджетти биринчи окууда кабыл алууга коллегаларын чакырды. Ал өз сөзүндө беш жыл ичинде өлкө бюджетинин көлөмүнүн өсүшүнө токтолду:

- ИДПынын көлөмү 2000-жылы 65 миллиард 357 миллион сом болгон. Келерки жылы анын көлөмүн 100 миллиард 784 миллион сомго жеткирүү болжолдонуп, беш жылдык өсүш 54, 2 пайыз болуп, жыл сайын орто эсеп 10.8 пайыз өскөнүн көрсөтүп турат. Келерки жылда 5 пайыз өсүш реалдуу деп эсептеймин.

Каржы министри менен комитет төрагасынын сөзүнөн кийин депутаттар министрге суроолорун узатышып, анда негизинен депутаттар өз шайлоо округдарындагы социалдык багыттагы курулуштарды каржылоо маселесин козгошту. Айрым депутаттар өнөр жай тармагын көтөрүү багытында кандай иштер жасалаарын сураганда, каржы министри бул тармактын карызы 4 миллиард 500 миллион сомго жеткенин жана ал карыздардын чет өлкөлүктөргө болгон бөлүгүн өкмөт төлөп жатканын билдирди.

Суроо-жооп бүткөндөн кийин депутаттар долбоор боюнча жарыш сөзгө чыкмакчы. Андан соң долбоор биринчи окууда кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

«Сорос» фонду Кыргызстандын каржы министрлиги менен бирдикте бюджеттин ачык-айкын болуусуна багытталган «Бюджет жөнүндө сүйлөшүү» деп аталган шериктештик долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишин баштаган. Бүгүн аталган долбоордун негизинде ишкерлердин, атуулдук коом жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Бюджеттин ачык-айкын болуусунда коомчулукиун жана ММК нын ролу» деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

Тегерек үстөлдө негизинен бюджеттин ачык-айкын, жалпыга маалым болуусунда коомдук уюмдардын жана маалымат каражаттарынын ролу чоң экендиги тууралуу айтылды. Анткени мамлекетте жумшалып жаткан каражаттардын кайсы жакка кетип жаткандыгы тууралуу коомчулуктун да кабардар болуп туруусу-демократиянын бир талабы болуп саналат. Эл аралык «Сорос» фондунун каржы министрлиги менен бирдикте түзгөн долбоорунун негизги максаты ушуга багытталган. Фонддун координатору Чолпон Ногойбаеванын айтуусунда долбоордун негизги максаты-мамлекеттик, атуулдук коом жана ишкерлер менен сүйлөшүү жолу аркылуу Кыргызстанда бюджеттин айкын болушу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу болуп саналат. Долбоорго: Мамлекеттик каражаттар тууралуу маалыматтар, жаңы маалымат ресурстары, долбоордун интернет сайты
негиз болуп берет.

Каржы министринин коомдук кеңешчиси Эмил Алымкуловдун айтуусунда мамлекеттик бюджет тууралуу буга чейин деле массалык маалымат каражаттары, каржы министрлигинин атайын сайты аркылуу маалыматтар ачык эле берилип келген. Бирок, журналисттер анын сөзүнө каршы чыгышты. «МСН» басылмасынын кабарчысы Лариса Линин айтымында бюджет тууралуу айрым чектелген гана маалымат каражаттарында, карапайым окурманга түшүнүксүз тил менен берилип келет. Ошондой эле Лариса айымдын сөзү боюнча журналисттерге айкын деп саналган бюджеттин киреше бөлүгү гана белгилүү да, чыгаша бөлүгү таптакыр жабык:

- Бюджеттин киреше бөлүгү: түрдүү гранттар, салыктар жана кредиттер кантип келип жаткандыгы тууралуу бир аз маалымат алууга болот. Бирок бюджеттин чыгаша бөлүгү тууралуу тема биз үчүн табу бойдон калууда. Ошондуктан коомчулук бир-эки жылдан кийин гана кайсы бир министрлик канча бир миллиондогон акчаны максатсыз жумшап жибергендигин билет, ошондо да эсеп палатасынын жыйынтыктары боюнча гана. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө жооп берген каржы министрлиги ушул жагына да көңүл бөлүшү керек.

Бюджеттин айкын болушу керекпи?- деген суроонун тегерегинде кызуу сөз болду. Айрым катышуучулар тоодо мал баккандар менен талаада кетмен чапкандарга бюджеттин айкындыгынын кереги жоктугу тууралуу да пикирлерин айтышты. Ал эми тегерек үстөлгө катышып отурган ишкер Эмил Үмөталиевдин пикиринде бул таптакыр туура эмес түшүнүк:

- Чындыгында эле демократиялык жолдогу өлкө түзүп аткан болсок, анда бул ишти аткармайынча биз эч кандай ийгиликке жетише албайбыз. Элдин бардыгы канчалык ушул процесске катышкан болсо, ошончолук жер-жерлерде экономикалык жана социалдык маселелер пайдасы менен чечилиши мүмкүн.

Ишкердин айттуусунда коомчулук керек болсо бюджетти түзүү учурунда да катышуусу зарыл:

- Башынан баштап, бюджет түзүлө баштаганда эл өз акылы, билими менен аралашып, бюджет түзгөнгө катышуусу керек. Адистер, эксперттер, мамлекеттик деңгээлде иштегендер бюджет эмне экенин, анын кандай түзүлөөрүн түшүнөт. Бирок, ошону элге деле түшүндүрүү керек. Анткени эл үчүн мүмкүн республикалык деңгээлдеги сандардын кереги жоктур, бирок жер-жерлердеги, конкреттүү турмушубузга зарыл социалдык сферанын тегерегиндеги маселелер көпчүлүк элге керек болуусу мүмкүн. Ошондуктан аларга биз бюджетти көрсөтүп, түшүндүрө билишибиз керек. Алсак айыл өкмөттөрдүн, райондун бюджети ошол аймактын тургундары үчүн зарыл нерсе.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG