Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Экономика

Энергетика менен газ тармагын менчиктештирүү программасы, аны узак мөөнөт ижарага берүү маселеси парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын эки жаатка бөлүп, бир айдан бери талаш-тартыш. Айрымдар муну келерки шайлоо алдындагы саясий күрөштүн башталышы катары бааласа, бирөөлөрү өкмөт эмнеликтен кирешелүү эки тармакты оор абалга жеткиргенин сыр кылып айтпай атканына нааразы экенин жашырбайт.

Өкмөт тарабынан киргизилген энергетика, газ тармагын менчиктештирүү программасы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында чоң талашты чакырып, жаатташкан тараптар бир жүйөөгө келе алышпай, экономикалык тема саясий өң-түс алып кетти. Менчиктештирүүдөн мурун кирешелүү тармакты оор абалга кириптер кылгандар эмне үчүн жоопко тартылбайтты алдыга жайган депутат Алымбай Султанов кесиптештерин таланып-тонолгон айыл чарба машиналарын жасоочу Фрунзе заводуна барып көрүүнү сунуш кылган.

- Мен өткөндө айттым: «Эй, жигиттер, жүргүлө мынабул эле Фрунзе заводуна барып көрөлү. Ичине кирели, кыдырып көрөлү. Менчиктештирүүгө чейин завод кандай эле, бүгүн кандай? Буга ким күнөөлүү? Ага ким жооп берет. Балким ушул заводдун кейпин кийип эртең эле «Түндүкэлектр» менен «Кыргызгаз» ушундай болуп калбайбы?»

Энергетиканы менчиктештирүү программасынын парламентте бул ирет шыдыр колдоо таба албай жатышын депутат Махмуд Күчүков шайлоо алдындагы саясий оюн катары сыпаттайт.

- Иш жүрүп атат. Эмне себептен булар каршы болгонун мен түшүнбөй жатам. Саясий оюндар башталды. Мына, жакында шайлоо болот да. Анан ар бир киши өзүн көрсөтүшү керек. Беш жылы бою унчукпай отуруп анан «мен кыйынмын» деген да толуп атат бул жерде.

Дүйшөмбү күнкү палата отуруму башталар алдында депутат Акылбек Жапаров энергетика менен газ тармагын узак мөөнөт ижарага берүү – концессия тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырды.

- Болгону үч ай калды. Трибунадан, телевизордон көрүнөлү дедик – көрүндүк. Айылга шашып аткан депутаттарга айтып коеюн. Келгиле талкууну баштайлы. Концессия тууралуу мыйзамды колдойбуз-колдобойбуз деп мурдагыдай эле иштеп кете берели.

Адахан Мадумаровдун айтымында, энергетика тармагы менчиктештирилсе электр акысы 1 сом 10 тыйынга чыгат, бул эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабы.

-Эгер жеке менчикке өтүп кетсе дүйнөлүк каржы уюмдарынын каттарында койгон талабы бар. Анда пенсионердин үйүбү же мектеп, оорукана болобу, мекеме-ишкана болобу тарифтерди 1 сом 10 тыйынга көтөрүү керек, деген талап туруп атат. Экинчиден, бу концессияга беребиз дегени деле жалган жол. 49 жылга чейин бирөө башкарат экен да, ал кааласа сатып алат экен. Мыйзамда сатып алуучу катары чет өлкөлүк деп гана көрсөтүлүптүр.

Тармакты менчиктештирүүнү колдогон депутат Тайырбек Сарпашев программага каршы чыккандарды бийликти күсөгөндөр дейт.

- Жакындаштырылган диагнозду койсок, бул бийлик үчүн эле күрөш. Бул президенттик үчүн күрөштүн башталышы жана да депутаттыкка күрөшүүнүн кызуу кези. Күрөшкөндө эми мындай да. Бийликти ошол топ талашып атат. Бийликти талашкан топ, алар президенттик такты талашкандар негизинен. Жанагы топ президенттик бийликти талашкандар.

Депутат Бейшебек Акунов кесиптештерин президент А.Акаевдин кайрылуусун чогуу барып угууга чакырды.

- Эгер эртең ошол оюн айтса, бизди ынандырса, биз эки колубузду тең көтөрүп колдоп берели. Эгер болбой калса эртең эле айтышы мүмкүн: «Урматтуу депутаттар, бүгүнкү күндөн баштап келген жагыңарга кете бергиле» деп таратып жибериши да мүмкүн.

Президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев менчиктештирүү жарым жолдо токтоп калбай, аягына чыгышы керек деп айтты. Анын ырасташынча:

- Мындан ириде энергетика тармагы андан да электр энергиясынан пайдаланган эл зыян тартат.

Эки жылдан бери Кыргызстандын Каржы министрлиги бюджеттин ачыктыгына жетишүү аракетин жасап, коомдук талкууларды өткөрүп келатат. Ушул аптанын аягында Бишкекте өткөн жарандык коом, ишкер өкүлдөрдүн «тегерек үстөл» жыйынында келерки жылдын бюджети тууралуу кеп болду. Анда өкмөт программалык бюджетти түзүү камылгасы көрүлүп жатканы маалымдалды.

Жыйында көлөмү жагынан опсуз чоң бюджет текстин толук жарыялоонун зарылдыгы барбы-жокпу деген суроо кыйла талаш чакырды. Так эсептер, жалаң адистер гана түшүнчү тилде жазылган негизги экономикалык документ – 2005-жылдын бюджет долбоору иштелип чыккан. Бирок да анын айрым бөлүктөрү, айталы, социалдык тармакка чегерилчү каражаттын так саны, андан да маанилүүсү, бюджеттин аткарылышы көпчүлүктүн баам сыртында калып келатканы жыйында көп айтылды. Мына ушул кенемтени кайсы бир өлчөмдө Каржы министрлиги менен «Сорос-Кыргызстан» фонду биргелешип ишке ашырып аткан «Бюджет диалогу» долбоору толтурат.

- Кыйла эле консервативдүү Каржы министрлиги бул демилгени колдоду. Айтып коюш керек, буга жетиш оңой-олтоң болгон жок. Демилгени колдоо менен кандай пайда-зыянга ээ болорун таразалап көрүп, кантсе да зыянына караганда пайдасы көбүрөөк экенине ынанган соң макул көрдү. Жарандык коом менен ырасмий өкүлдөрдүн ортосундагы диалог жанданбай келатат. Мунун айынан жалган маалымат таратылат же адамдар айрым сандар менен фактыларды түшүнбөй калышат,- деп айтты Каржы министринин кеңешчиси Любовь Тен.

Ага жооп кылып, «Социалдык демилгелердин Бишкек борбору» коомдук уюмунун жетекчиси Халида Ракишева өкмөт өзүнө керек болгондо эле жарандык коом өкүлдөрүн жыйындарга чакырып, башка убакта элдин сөзүн уккусу келбегенин билдирди:

- Сиз өнөктөш катары бир кепке келели деп атасыз. Мен сизге айтып коёюн - андай болбойт. Биздин эсибизден КОР программасын кантип иштеп чыгышканы кете элек. Жарандык коом өкүлдөрүн чакырып, өнөктөш бололу, чогуу иштейли, каршы турбагыла деп чакырып келишти. Үч жыл бою биз да билген сунуштарыбызды бердик. Соңку улуттук жыйын өтүп аткан филармонияда да сунушубузду киргиздик. Бирөө да кошулган жок, баары сөз жүзүндө гана калды,- деп айтты Халида Ракишева.

Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Зинаида Зажигаева өкмөт бюджет түзүүдө ардагерлердин абалын эсепке албай, эмдигиче эң аз керектөө акчасын 100 сомдон өйдө көтөрбөй койгонуна токтолду:

-Менин айтканымы жакшы укпай жатасыңар. Биз кайрыла турган маселе – аз керектелчү акча. Каржы министрлиги аны кичине көбөйтүп, бизге кошулчу акчаны ага киргизиши керек. Бул карыларын кароосуз таштап кетүү го. Акчасыз эч нерсе кыла албайсың,-деди Зинаида Зажигаева миңдеген карылардын атынан.

-Бул биринчи эле жолугушуубуз эмес. Дагы чогулуп, кыйла маселелерди талкуулайбыз,- деп айтты «Сорос-Кыргызстан» фондунун кызматкери Александр Третьяков.

Жыйында айтылгандай, өкмөт ушу тапта социалдык топтогу министрликтердин бюджет программасын түзүү аракетин көрүүдө. Эгер ал жүзөгө аша турган болсо салык төлөөчүлөр бир окуучунун билим алуусуна, бир адамдын акысыз дарыланышына мамлекет канча каражат сарптай ала тургандыгын так билер эле.

Өткөн жылы да бейөкмөт уюмдардын катышуусунда бюджеттин ачыктыгы боюнча коомдук угуу өтүп, анда да биртоп пикир-сунуштар айтылган. Быйыл бул ишке «Сорос-Кыргызстан» фонду катышып, долбоордун каржылык чыгымын көтөрүүдө. Жыйында белгиленгендей, бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтан көпчүлүк кабарсыз калууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG