Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Экономика

Бакыт Аманбаев, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны соңку бир аптада президенттик админстрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков жана премьер-министр Николай Танаев баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда 1991-жылдан бери жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын талкуулашууда. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар эгер чет элдик уюмдардын жардамы токтоп калса Кыргызстанда сегиз-тогуз айдын ичинде экономикалык кризис болуп, Аскар Акаев түзгөн бийлик системасы кыйрап калаарын айтышты. Мындай пикирдин тууралыгын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да моюнга алышууда.

Эларалык валюта кору менен кыргыз өкмөтү биргелешип түзгөн үч жылдык мамлекеттик программанын мөөнөтү быйыл аяктайт. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, эгерде кыргыз өкмөтү бул программаны ийгиликтүү аткара турган болсо Дүйнөлүк банк, Эларалык валюта кору жана башка донор уюмдар Кыргызстандын тышкы карызынын 450 миллион долларын Париж клубу аркылуу кечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.

Ал үч жылдык программада Кыргызстандын энергетика тармагын менчиктештирүү да пландаштырылган. «Эгерде жакынкы күндөрдүн ичинде Жогорку Кеңештин кош палатасы энергетика тармагын менчиктештирүүгө макул болбосо, анда Кыргызстандын тышкы карызынан 450 миллион доллар жоюлбай, өлкөдө экономикалык кыйын абал түзүлөт» дейт Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси Равшан Жээнбеков.

Парламенттеги талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар чындыгында эле дүйнөлүк каржы уюмдарынын жардамысыз Кыргызстанда кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык-социалдык оор абал түзүлөөрүн айтышты. Адегенде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мурдагы өкмөт башчысы Курманбек Бакиев мындай деди:

-Эгерде Эларалык валюта кору Кыргызстандын экономикасына жардамын токтото турган болсо биз өзүбүздүн күчүбүз менен жети-сегиз айга араң чыдайбыз. Андан кийин бизде экономикалык оор абал түзүлөт.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, эгерде Кыргызстанга дүйнөлүк каржы уюмдары жардам бербесе Кыргызстанда Аскар Акаевдин саясий режими кыйрайт, бирок келечекте кыргыз эли андай кыйынчылыктарды жеңип кете алат:

-Мамлекет эмес, Акаевдин саясий режими сегиз айда кыйрап калат. Азыркы бийлик системасы кыйрайт. Эл-жер калат. Бул кыйынчылыктан биз жеңип кетебиз.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Бюджет жана финансы комитетинин башчысы, мурда каржы министри катары жана кийин Улуттук банкты жетектеген азыркы депутат Марат Султановдун маалыматына караганда, Кыргызстан жылына чет өлкөлүк уюмдардан бюджетти жана улуттук акча - сомду кармап туруш үчүн кредит, грант түрүндө бери дегенде эле 100, 120 миллион доллар жардам алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамысыз жашай албайт», деген пикирге негедир Аскар Акаевдин саясатын ачык колдогон депутаттар жана бийликтин айрым өкүлдөрү да кошулушат. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитетинин башчысы, «Аскар Акаев кийинки мөөнөттө да бийликте калса колдойм» деп Жогорку Кеңештин трибунасынан ачык айткан депутат Акылбек Жапаров мындай дейт:

-Экономикалык кыйроо болот. Анткени, эларалык уюмдардын жардамысыз биз улуттук акча - сомду кармап тура албайбыз. Биз сомду тышкы карыз жана алтын менен кармап турабыз.

Акылбек Жапаровдун жогорудагыдай пикирин мурдагы каржы министри, азыркы Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев да жокко чыгара албайт:

-Албетте оор болот. Анткени учурда Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн өзүнүн ресурсу аздык кылат.

Ал эми Мыйзам чыргаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков болсо, соңку жылдары Кыргызстандын аткаруу бийлиги эларалык донор уюмдарга көз каранды болуп калгандыгын белгилеп, эгерде шайлоонун алдында донор уюмдар Кыргызстанга жардам берүүнү токтотсо Грузиядагыдай абал түзүлөт дейт:

- Саакашвилинин бийликке келишинин башкы себеби ушундай абалдан улам болду. Адегенде Грузияга донор уюмдар жардам бербей койду. Өлкөдө электр кубаты өчүп, экономикалык оор абал түзүлдү. Натыйжада эл көтөрүлүп, Саакашвили бийликке келди.

Ошентип, соңку бир апта бою өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү энергетика тармагын менчиктештирүү аракети менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна катышышты. Жума күнкү отурумда энергетика маселеси дүйшөмбү күнү каралсын деген чечим болду. Бул жолу Жогорку Кеңештин кош платасы өкмөттүн сунушуна ылайык энергетика тармагын менчиктештирүүгө макулдук береби же жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

Сүрөттө: Эларалык валюта корунун өкүлдөрү Кыргызстанда дайыма сый үстүндө (Президент Аскар Акаев Эларалык валюта корунун бөлүштүрүүчү директору Хорст Келлер менен (архив)).

Эки айдан бери кыргыз-казак чегарасынан өтүү татаалдашып, узакка кезек күтмөй көнүмүшкө айланып баратат. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Казакстан аймагы аркылуу ташылып өткөрүлчү жүктөрдү текшерип, аларга бажы төлөмдөрүн толук салуу себеп болгон. Шаршембиде Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчилери маселенин чоо-жайын баяндап, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бажы кызмат жетекчилеринин айтымында, башта чегарадан Кытай товарларын ташып өткөн челнокчуларга кыйла жеңилдиктер берилчү. 50 килограммга чейинки жүгү бекер, 200 килого чейинкиси жеңилдетилген шарт менен өткөрүлчү. Мындай жеңилдиктин ыраатын Кытайдан жүк ташыгандар жакшы эле көрүшчү. Алардын көбү оор жүгүн кайсы бир адамдардын атына жаздырып, чектен кыйналбай өтүшчү.

Казак өкмөтүнүн 2001-жылы кабыл алган токтому ошентип үч жылдан кийин ишке киришти. Чектен өтүп аткан товарлардын баары кылдат текшерилип, челнокчулар менен бажы кызматчыларынын ортосундагы жазылбаган эсеп-чоттуу мамиленин кылы чорт үзүлдү да калды. Чегарада чубалжыган узун кезек күтмөйлөр башталды.

Иштин чоо-жайын Каржы министрлигинин Кирешелер комитетинин алдындагы Бажы департаментинин директору Айдарбек Дүйшалиев мындайча түшүндүрөт:

- Казак Республикасы бизге мыйзамдуу талап коюп жатат. Казакстан өкмөтүнүн 2001-жылы 31-майда кабыл алынган 741-токтому бар. Ушул токтомдун негизинде алар 50 килограммдан 200 килограммга чейинки жүктү, 1000 доллардан 10 000 долларга чейинки жүктү алар жеңилдик менен өткөрүшү керек эле. Коммерциялык максатка эмес, жеке өзү колдоно турган товарларды алар бажы төлөмдөрү жок эле чегарадан өткөрүшчү. 200 килограммдан ашкан, 10 000 долардан көп товарлардын баарынан алар бардык бажы төлөмдөрүн алып атышат. Буга чейин булар муну колдонушкан эмес. Эки айдан бери колдоно башташты. Ошон үчүн биздин ортобузда проблема болуп атат. Биз алар менен сүйлөшүп атабыз. Бирок алардын талабы мыйзамдуу.

Кысталыш кырдаалдан чыгуу, «Акжол» бажы пунктунун ишин жеңилдетүү амалында Кыргызстандын бажы кызматы Канттын тушунан «Карасуу» бажы жүк өткөрмөсүн уюштурууда.

Бажы департаментинин текшерүү башкармалыгынын жетекчиси Түркмөн Боотаев Казакстандын чегарадагы катаң чаралары ириде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында чыгып жатканын белгиледи:

- 200 килого чейинки жүктү ташып өтүү жеңилдетилген төлөм формасы аркылуу жүргүзүлчү. Эч кандай кыйынчылыгы жок эле өткөрүлчү, белгиленген акчасы төлөнчү. Эгер 200 килодон ашып кетсе жалпы тартипте бажы жүк декларациясы толтурулчу. Эгер челноктор ушул эрежени сакташса азыркыдай түртүшмөй болмок эмес. Алар сатып алган жүгүнүн канча кило экенин билишет. Жайында элдин чегарада жыйылып калышы жолдун оңдолушуна байланыштуу болду. Биздин чегарадагы көпүрө тар, аны кеңейтүү кыйын. Ошон үчүн башка ылайыктуу жер изделип жатат.

Бажы кызматынын текшерүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Мурат Серкебаевдин ырасташынча, Бажы биримдигине кирген беш өлкөдө чыгарылган товарларды ташып өтүүгө тоскоолдук жок. Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Белорусия кирген бажы союзунда өндүрүлгөн товарларды ташып өтүүдө эч кандай чектөөлөр коюлбайт, бажы төлөмдөрү жүргүзүлбөйт, эркин соода кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

- «Дордой» же челноктор проблемасы жөнүндө кеп кылганда бир нерсени эске алуу жөндүү. Мында кеп товар чыгарган үчүнчү бир өлкө тууралуу болуп жатат. Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык үчүнчү өлкөдө өндүрүлгөн товарга бажы төлөмдөрү, башка талаптар коюлат,-деп түшүндүрдү Мурат Серкебаев.

Бажы департамент жетекчилеринин маалымдашынча, чегарадан жүк ташып өтүүнүн кыйындашынын чекке жакын жерге курулган «Барыс-2» жайма базарынын ишке кириши менен эч кандай байланышы жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG