Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:53

Шольц Путин менен эки жылдан бери биринчи жолу сүйлөшүп, Украинаны талкуулады


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия президенти Владимир Путин менен бүгүн 15-ноябрда телефондон сүйлөшкөнүн алгач немис өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянып Reuters жазды жана алар дээрлик эки саат сүйлөшкөнүн кабарлады. Бир аздан соң маалымат расмий тастыкталды.

Расмий Берлин канцлер "Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун айыптап, Путинди согушту токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырганын", Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үндөгөнүн жана Германия Киевге канча жардам керек болсо, ошончолук колдоосун көрсөтө берерин айтканын билдирди. Немис өкмөтү жарыялаган маалыматта Путин менен сүйлөшөр алдында Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленскийге да чалганы айтылды.

Кремлдин маалыматында Путин менен Шольц немис тараптын демилгеси менен сүйлөшкөнү, Украина боюнча "ачык пикир алмашуу" болгону, орус президенти азыркы кырдаалды "НАТОнун агрессивдүү саясатынын түздөн-түз натыйжасы" деп атаганы, абалды жөнгө салуу жана тынчтык жолдорун издөө аракеттери тууралуу кабарлаганы айтылды. Жакынкы Чыгыш маселеси да талкууланганы маалымдалды.

Акыркы жолу Шольц менен Путин эки жыл мурда, 2022-жылдын декабрында сүйлөшкөн.

Жакында ARD телеканалына курган маегинде Шольц Путин менен сүйлөшкөнү жатканын, өзү жалгыз эмес, башкаларды да, анын ичинде Украинанын өкүлдөрүн тартууга аракет кыларын айткан.

Украинага 2022-жылдын февралында толук масштабдуу согуш ачып, кол салган Орусия украин тарап тарттырган жерлеринен баш тартып, башка да шарттарына макул болсо сүйлөшүүгө барарын билдирүүдө.

Ал эми Киев мындай шарт кабыл алынгыс экенин белгилеп, Орусия ээлеп алган жерлеринен аскерлерин толук алып чыгып кетмейинче сүйлөшүүгө бара албай турганын айтууда.

Соңку маалымат боюнча фронттогу абал Украина үчүн оор болуп турат. Түштүктөгү негизги транспорттук түйүнү болгон Купянск шаарын орус аскерлери толук ээлеп алганы 15-ноябрда кабарланды. Украина өзү бул боюнча комментарий бере элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG