Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Экономика

Кыйладан бери Кыргызстанда административдик реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы айтылып келет. Быйылкы жылы өлкөдө адилет башкаруу, социалдык дем-шык берүү жылы катары жарыяланып, башкаруу системасын жаңылоо, административдик реформаны илимий негизде ишке ашыруу талабы коюлган. Оболу системаны ичтен иликтеп, аны функционалдык анализге алуу керектиги айтылган.

Административдик реформа деген аталыштагы кызмат орундарын кыскартуу аракетинен натыйжа чыкпаганын көргөн кыргыз өкмөтү жакындан бери бу кытыгылуу маселени функционалдык анализге сала баштады.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин ырасташынча, бул иштен азырынча дурус майнап чыкпай жатат. Башкаруу кызматында отурган аткаминерлердин реформаны ийгиликтүү өткөрүүгө көңүлү жок. Өкмөт административдик реформаны алдыга жылдырат деген үмүт менен Мамлекеттик кызмат агенттигин түзгөн.

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын көмөгү менен ишке ашырылчу бул иш өкмөттүк атайын комиссиянын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт. Эки жыл ичинде 3 миңден ашуун кызмат орундары кыскартылды, 7 башкармалык, 60 ашуун бөлүм, секторлор жоюлду. Өткөн жылы 7 миң ашуун мамлекеттик кызматкерлер аттестацияланган. Алардын кыйласы кызмат ордунда калып, 200 адамга бираз жете бербегени сынактан өтпөй калышкан, 400 ашуун адам сынак мөөнөтү менен ордунда калтырылган. Өкмөт башчынын айтуусунда, мамлекеттик кызматкерлердин көбү мыйзамдарды билишпейт.

- Жакшы мыйзамдар көп эле кабылданат. Бирок андан көпчүлүк эл кабарсыз калууда. Анын найтыжасында мыйзам талаптарын ишке ашыруу жакшы жүрбөй жатат, - деп айтты Николай Танаев.

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүк жетекчисинин кеңешчиси Таалай Койчумановдун айтымында, административдик реформаны алдыга жылдырууга чакырылган функционалдык анализ жападан-жалгыз ийкем инструмент эмес.

- Белгилүү го, функционалдык анализ баарына жараган универсал инструмент эмес, бирок ал башкаруу системасын кайра куруунун жарамдуу усулу. Азыркы учурда башкаруу бийлигин жаңылоо максатында биз функционалдык анализге басым коюудабыз.

Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Болот Айдаралиев борбордук бийлик өзүнө энчилеп алган кызматтык милдеттеринин кыйласын жергиликтүү жетекчилерге өткөрүп беришин туура деп эсептейт. Себеп дегенде, негизги иштердин баары жеринде чечилип, аткарылышы лаазым.

- Бардыгын эле бир министрликте, өзүбүздө камтылганын туура эмес деп эсептейм. Проблемалардын баарын жергилдиктүү органдар жер-жеринде адистер болуп, колунда бир каражат болуп чечип койсо бизге да жыйынтык болор эле. Себеби, каттардын баары бүт эле жер-жерден келип атат. Мисалы, айыл өкмөттө момундай экологиялык проблема болуп атат дейт. Өзгөчө кырдаалдар боюнча да көп каттар жергиликтүү жарандардан, органдардан келүүдө. Ал каттар өкмөткө келип, андан кайра эле ошол жергиликтүү бийликке кетип жатат, - дейт Болот Айдаралиев.

Кыргызстандын мамлекеттик чиновниктери ушул жылдын аягында функционалдык анализди жыйынтыкташат. Ийкем башкаруу системасын түзүү үчүн эмнелер зарыл экендигин өкмөт болсо эмдиги жылы аныктайт.

Жапан Эларалык кызматташуу агенттиги (JICA) Ысыккөл кылаасын өнүктүрүү багытында биртоп долбоорлорду жүзөгө ашыруу аракетине киришти. Агенттиктин изилдөөчүлөр тобу аймактын социалдык-экономикалык абалын иликтеп чыгып, сунуш кылынган 72 долбоордун ичинен 43 долбоорду тандап алган.

Жапан Эларалык кызматташуу агенттигинин изилдөөчүлөр тобу тарабынан жактырылган долбоорлордо негизинен экологиялык-социалдык маселелер камтылган.

Алардын арасында Чолпонатадагы тазалоочу жайды оңдоо, жергиликтүү жамааттардын ишин жандантуу, айыл жерлеринде бак-дарактарды арбын өстүрүү, токойду сактоо сындуу долбоорлор бар. Жапан изилдөөчүлөрү Ысыккөл облусун өнүктүрүү үчүн атайын форум түзүү сунушун киргизүүдө.

Жапан адистеринин көбүнесе экологиялык маселелерге басым койгон долбоорлорду тандап алышы Ысыккөлдү өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш мүчөлөрүнүн арасында чоң талкууну жараткан жок. Өкмөт башчы Николай Танаев эмнеликтен жапан изилдөөчүлөрү «Тамчы» абамайданын кеңейтүү долбооруна маани бербегенине таң калганын жашырбады.

- Сиздерге маалымат иретинде айтып коёюн, Совет мезгилинде эле «Тамчы» абамайданын пайдалануу, анын экологияга тийгизчү таасири изилденип чыккан. А кезде биз Көлдү курорттук эс алуу аймагы катары карап, келе турган туристтердин санын чектөөнү туура көргөнбүз. «Тамчы» абамайданын куруу, аны кеңейтүү долбоорун деле жапан адистери иштеп чыгып, бул ишке 25 миллион доллар сарп кылынарын эсептеп чыгышкан. Жапан өкмөтү акчаны быйыл бөлөт деп үмүттөнгөнбүз, бирок ал эмдиги жылга жылдырылып калды. Бирок биз өз күчүбүз менен учуу-конуу тилкесин узартууга кириштик. 5-6 айдан кийин аэронавигациялык жабдуулар коюлган соң бардык типтеги учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз,- деп айтты Николай Танаев.

Жапан изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Хажими Коизуми азырынча бул маселе терең иликтене электигин, дегеле абамайданы аркылуу келип-кетүүчүлөрдүн көп болору күмөндүү экенине, анан да долбоордун экологиялык салакасы кандай болору так изилденбегенине басым жасады.

- Жагдайды жакшылап иликтеп туруп бир бүтүмгө келебиз. Бирок мен бир нерсени тактап алгым келип туру. Сиздердин өкмөттүн сунушу JICA аркылуу өткөн эмес. Бул жеке жапан ишканаларынын сунушу. Кыргыз өкмөтү «Тамчы» абамайданын кеңейтүү сунушун Жапан тышкы иштер министрлигине жөнөткөн. Ошондуктан маселе Токиодо чечилет,- деди Хажими Коизуми.

Жапан изилдөөчүлөр тобу «Тамчы» абамайданын кеңейтүү долбоорун кенен-кесир иликтеп аны 2010-жылы ишке ашырууга кызыкдар. Кыргыз өкмөтү аймакты өнүктүрүүнүн бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары аба каттамын жакшыртуу маселесин алдыга жылдырууда. Анын себебин Николай Танаев Көлгө үч-төрт саат машинеде баргыча, туристтердин учак аркылуу катташы жакшы болоруна такап, негизи бул жашы өтүшүп калган атуулдарга көрүлгөн камкордук деп түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG