Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Экономика

Sorry! No content for 29 Август. See content from before

бейшемби 28 Август 2003

Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкектеги «Рентонгрупп» аттуу компаниянын жетекчилери качып кетишкендиги тууралуу маалымат чыкты. Аталган компания облигация чыгарып, элден акча топтогон болчу. Эми анын акча салуучулары акчабызды кайрып бергиле деп тиешелүү органдарга кайрылып жатышат.

«Рентонгрупп» сок, пиво, минералдык суу, пластикадан жасалган терезелерди чыгарган көп тармактуу холдинг түрүндө түзүлгөн өлкөдөгү ири ишканалардын бири. Ишкананын директору Рысалиев деген адам болгондугун айтышат. Анын ээси тууралуу баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын көзөмөл боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азиза Юлдашева буларды айтты:

- «Рентонгруппту» түзүүчүлөр Кононенко, Малько, «Юртан инвестмен» компаниясы, Пак, Медведев, дагы бир Пак, Ким жана Ли болушкан.

«Рентонгрупп» элге канча карыз экенин тактай алган жокпуз. Аталган комиссиядан алынган маалыматтарга караганда, ал 2 жолу облигация чыгарып саткан. 2001-жылдын апрелинде 5 млн. сомго, ошол эле жылдын июлунда дагы 50 млн. сомго облигация чыгарган. Анын 2002-жылдын аягында тапшырылган финансылык отчету боюнча 263 млн сом кредитордук карызы болгон. «Рентонгрупп» пирамида түзүп жатканы мурда эле белгилүү болгон Брокерлер ассоциациясынын төрагасы Эрик Таранчиев дейт:

- 40% деген проценттик ставка коммерцияда эле болбосо, өндүрүштө жок. 2-3 жылдан бери банктар ашып кетсе 12-13% менен акча алат. Алар кредитти 30% менен беришет.

Ошентип эл дагы бир алдамчыга алданды. Эл, албетте, баарын биле бербейт. Бул үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдар кайда карап отурган, деген суроо чыкпай койбойт. Баалуу кагаздардын рыногу боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылганыбызда ал жердегилер 2002-жылдын ноябрында компания текшерилгенин айтышты. Комиссия текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо көрсөтүлгөн имараттын ага тиешелүү экенин далилдеген кагаздарды берүүнү, аудитордук текшерүү өткөрүүнү жана финансылык отчетту жарыя кылууну талап кылып эскертүү берген. Бирок Азиза Юлдашеванын айтымында:

- Талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. Талаптарды аткарбагандан кийин биз чара көрүүсүн сурап Башкы прокуратурага кат жөнөттүк.

Бирок кат 26–июнда гана жөнөтүлгөн. Ал эми «Рентонгрупптун» жетекчилери, «АКИ-пресс» маалымат агенттигинин кабарлашынча, андан 4 күн мурда - 22-июнда эле жумушка келишкен эмес. Алардын качып кетүүгө камдануусунун белгилери жазында эле байкала баштаганына Эрик Таранчиев көңүл бөлдү:

- Жаздан баштап сата беришиптир. Бүт баарын сатып жиберишти. Азыр анын эч нерсеси жок. «Гелиос» деген сок азыр чыкпай калды. «Барс» деген пиво чыкпайт. Мүлктүн баарын акырындап сатып кетишкен.

Азиза Юлдашева «Рентонгрупп» финансылык отчетту тапшырарын тапшырчу, бирок анын чын-төгүнүн тактоого мүмкүнчүлүк болбой койду дейт. Анын айтымында, текшерүүгө тыюу салынган указ чыккандан кийин бирөөлөр арызданганда гана комиссия компаниянын ишин текшере алат. Андай арыз эч кимден түшкөн жок, дейт А.Юлдашева. Э.Таранчиев андай дооматты негизсиз деп эсептейт:

- Бухгалтердик баланстан баары эле көрүнүп эле турат. Аны караганда эле көп суроо чыгат. Комиссиянын көзөмөл башкармалыгында атайын адистер бар. Алар карап чыгып, бул кайдан чыкты, бул кайда кетти деп сурашы керек болчу.

Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкекке келген Эларалык валюта корунун кезектеги миссиясы өз ишин аяктап, 27-августта журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү. Миссия жакырчылык кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү деп аталган 3 жылдык программа өлкөдө ийгиликтүү аткарылып жатат деп эсептейт. Болгону бюджет тартыштыгы программада коюлган чектен бир аз ашып кеткен.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен журналисттерге билдиришинче миссия программада белгиленген иш-чаралар канаатандырарлык аткарылып жатат деген пикирде:

- Программада коюлган көпчүлүк параметрлер аткарылды. Бир гана бюджеттин тартыштыгы боюнча прогрмманын аткарылышы аксап жатат. Бирок бул көрсөткүч анчалык деле көп бузулган жок. Биз экинчи жарым жылдыктын перспективасын изилдеп көрдүк. Анын негизинде биз мурдагыдай эле программаны толук аткарса болот деп эсептейбиз. Бирок ал аткарууга оор.

Саавалайнен шейшемби күнү өкмөт мүчөлөрү менен жолукканда айтканына караганда, бюджеттин тартыштыгы программада коюлган чектен 440 млн. сомго өсүп кеткен. Бирок бул көрсөткүч боюнча так маалымат жок. Ал бул айырманы 400-500 млн. сом деп болжол менен айтты. Өкмөттүн өзүнүн эсеби боюнча, ал 1 млрд 171 млн сомду түзөт. Тапио Саавалайнен пресс-конференцияда миссия Бишкекке келген алгачкы күндөрү аны1 млрд сомдон ашык деп эсептеп, тактагандан кийин суманы 400-500 млн. сомго түшүргөнүн белгиледи.

Пресс-конференцияда миссия өкмөттүн дарегине катуу сын айткан жок. Тапио Саавалайнен өлкөдө баары жакшы эле болуп жаткандай түр көрсөттү.

- Бюджеттин тартыштыгын программанын параметрлерине тууралаш үчүн айрым чыгымдарды азайтууга туура келет. Мисалы, капиталдык салымдарды, эксплуатация жана ремонтко бйланыштуу чыгымдарды, мамлекеттик инвестицияны азайтса болот.

Миссиянын өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүүсү оор болду. Премьер-министр миссия даярдаган докладды түпөйүл кабыл алып, Тапио Саавалайнен менен кер-мур айтышканга чейин барды. Николай Танаев докладдын бюджеттин тартыштыгы өсүп кетти деген жерин көрсөтүп мындай деди:

- Ушул сүйлөмдүн негизинде мен айрым жетекчилердин кызмат ордуна туура келиши тууралуу чечим кабыл алышым керек.

«Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» 3 жылдык программасынын аткарылышы кыргыз өкмөтү үчүн өтө маанилүү. Анткени анын жыйынтыгына жараша Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алат. Программа 2001-жылдын октябрында кабыл алынган болчу. Быйыл анын 2-жылы жүрүп жатат. Буга чейин программа ийгиликтүү аткарылып келе жаткан. Өкмөт бул жылды да жакшы аяктоону көздөп, анда белгиленген иш-чараларды толугу менен аткарууга аракет кылып келет. Быйыл бюджеттин тартыштыгы боюнча проблеманын чыгышы негизинен табигий кырсыкка байланыштуу. Жер көчкүнүн кесепетинен үйсүз калгандарга жардам берүү максатында өкмөт бюджеттен мурда каралбаган акча бөлүүгө аргасыз болду. Программанын экинчи жылы сентябрь айында бүтөт. Октябрь айында миссия дагы бир жолу келип, программанын жыйынтыгын биротоло чыгарат жана 3-жылга иш-чараларды өкмөт менен макулдашат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG