Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Экономика

Sorry! No content for 10 Август. See content from before

ишемби 9 Август 2003

Сапар Орозбаков, Бишкек Электр энергиясын өндүргөн “Электр станциялары” акционердик коому 11-августтан тартып энергия бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиясын берүүнү чектей тургандыгын жарыя кылды. Алар бул акцияны бөлүштүрүүчү компаниялардагы карыздарын өндүрүү үчүн жасамакчы.

“Электр станциялары” акционердик коомунан алынган маалыматка караганда бул акция 11–августта өлкөнүн Ош жана Баткен областарын тейлеген “Ошэлектр” энергия бөлүштүрүүчү компаниясынан башталат.

- Анткени бизге “Ошэлектр” төлөбөй жатат. Электр энергия үчүн ал бизге 470 млн. сом карыз. Бере турган каражаттын болгону 6% акча түрүндө төлөйт,- деди “Электр станциялары” акционердик коомунун сатып өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Светлана Ефименко. Анын айтымында, аталган акционердик коомго 4 бөлүштүрүүчү компания биригип 1 млрд 631 млн. сом карыз.

Эгер башка компаниялар карыздарын жойбосо, мындай акция аларга карата да жасалат. Светлана Ефименко акча төлөбөгөн электр пайлалануучулардын энергиясын кесип салуу тууралуу көрсөтмө өйдө жактан болгонун белгилейт. Чынында эле мындан 10 күндөй мурда коопсуздук кеңештин чечимине байланыштуу өкмөт жыйыны болуп, анда премьер-министр Николай Танаев электр энергия акысын төлөбөгөндөргө каршы аеосуз күрөш жүргүзүү тууралуу айткан болчу. Бирок ал төлөгөндөргө тийбей, төлөбөгөндөрдүн гана электр зымы кыркыла тургандыгын билдирген. “Электр станциялары” акционердик коому “биз бөлүштүрүү компаниялар канча төлөбөсө, ошончо көлөмдө бербей коебуз, кимди өчүрүп, кимди калтырарын алар өздөрү билишсин” дейт.

“Ошэлектр” энергия бөлүштүрүүчү компаниясына кайрылганыбызда анын жетекчиси Курманбек Укулов “Электр станциялары” акционердик коомунан андай каттын келгенин ырастады. Анын айтымында, ошондой эле кат “Улуттук электр тармак” акционердик коомунан да келген. “Улуттук электр тармактын” жетекчиси Бакирдин Сартказиев чектөө 25-августтан башталарын билдирген. “Ошэлектрдин” баш директору Курманбек Укуловдун айтуусу боюнча, эки ишкананын ортосундагы келишим боюнча “Электр станциялары” акционердик коомунун мындай чектөө киргизүүгө акысы бар. Бирок төлөбөгөндөр өчүрүлүп, төлөгөндөр калат деген бекер сөз.

- Эгерде 100 мегаватт берип жатсак, 30 мегаватын беребиз, 70 мегаватын бербейбиз деп жатышат. Ошол 30 мегаватын төлөгөндөргө жеткирип, төлөбөгөндөргө бербегиле деп айтып жатышат. Теория боюнча ошондой кылса болот. Практика жүзүндө ал мүмкүн эмес. Менде 320 миң абонент болсо, анын 20 миңи төлөп, 300 миңи төлөбөсө, анын баарын бир күндө өчүрүп чыгышым керек. Мен анын ар бирин бир күндө столбадан кыркып чыга албайм да, - дейт Курманбек Укулов.

Анын айтымында, компания «Электр станциялары» жана «Улуттук электр тармак» акционердик коомуна биригип 1 млрд сомдой бересе. Бирок анын элде ошондой эле аласасы бар. Эл болсо акчасы жогунан төлөй албай жатат. 11-августка чейин төлөбөгөңдөрдүн электр өткөргүчтөрүн кыркып салуу техникалык жактан да мүмкүн эмес.

- Өчүрүү иштерин жасаган адамдар биздин штатта каралган эмес. Бир монтер бир күндө 10 абонентти өчүрүшү мүмкүн. 300 миң абонентти өчүрүш үчүн 30 миң адамдан турган армия кармашым керек. Менин техникалык персоналым 1 миңдин тегерегинде эле. Бул практикалык жактан мүмкүн эмес кадам, - деди Курманбек Укулов.

Ошентип жакында убагында акча төлөп жаткан пайдалануучулар да электр энергиясыз калат. Алардын жазыгы-төлөбөгөн адамдар менен бир айылда жашап калганы.

Сапар Орозбаков, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын апрелинде «Акционердик коомдор жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынган болчу. Бул мыйзам ишканалардагы корпоративдик башкаруу системасын жолго салуу үчүн чоң роль ойноп жатканын айтышууда. Бирок кыска эле мөөнөттүн ичинде анын бир топ кемчиликтери да бар экени көрүндү.

Баалуу кагаздар базары боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтарына таянсак, өлкөдө 1,5 миң акционердик коом бар. Алардын 800-900 гана реалдуу иштейт. Акционердик коомдор ушу күндөрү жыл жыйынтыгына арналган акционерлердин чогулушун өткөрүштү. Комиссияга өздөрүнүн иши тууралуу маалымат берген 736 акционердик коомдун жылдык отчетун талдап көргөндө, алардын 352 гана өткөн жылды таза киреше менен аяктаганы маалым болду. Алардын тапкан таза пайдасы 1,5 млрд сомду түзгөн. Бул акционердик коомдор өздөрүнүн акционерлерине 358 млн сом дивиденд төлөгөн. Бирок, алардын өткөн жылдагы көрсөткүчтөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөн экенин айтышууда.

- Былтыр дивидендер көбүрөөк болгон. Анын себеби бизде «Кыргызэнерго”, “Кыргызтелеком” өңдүү ири ишканалар бар. Ошолордун финансылык көрсөткүчтөрү жалпы көрсөткүчтөргө аябай таасир берет, - дейт Баалуу кагаздар базары боюнча мамлекеттик комиссиянын башкармалык жетекчиси Алтынбек Алымкулов.

Быйыл жазында “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзам кабыл алынган болчу. Бул жаңы мыйзам ишканалардын директорлорунун укугун чектеп, андагы бийлик полномочилеринин көпчүлүгүн директорлор кеңешине өткөрүп берет. Мурда директорлор акционерлердин жалпы чогулушунда эл көзүн жазгырып шайланып алып ишкананы өзү билгендей башкарып келсе, азыр алар жаңы мыйзамга ылайык директорлор кеңешине түздөн-түз баш иет. Алар эми директорлор кеңеши аркылуу шайланып, анын чечими менен кызматтан алынат.

Бирок, бул мыйзамдын ишканалардын натыйжалуу иштешине кандай таасир көрсөткөнүн айтууга азыр эрте. Азыр акционердик коомдор өз уставдарын ага ылайыкташтырып, башкаруу органдарын жаңы жоболордун негизинде түзүп жатышат. Мыйзам бул үчүн аларга бир жыл мөөнөт берген. Ошентсе да адистер жаңы мыйзамдын көп жакшы жактары бар экенин айтышат.

- Жазылбай, ачык калган жерлер азайды. Коомду кайра түзүү жактарын чагылдыруу жагынан ал толугураак болуп калды. Бул акционердик коомду реорганизациялоо учурунда чыкчу маселерди азайтат, - деди корпоративдик башкаруу борборунун директорунун орунбасары Александр Зазульский. Бирок жаңы мыйзамдын көп кемчиликтери бар экени да айтылууда.

Мыйзам кабыл алынып жатканда бул мыйзам майда акционерлердин укугун коргой турган мыйзам болорун айтышкан эле. Бул үчүн кумулятивдик добуш берүү тартиби кирет дешкен. Бирок ал тартип эгерде акционерлер көпчүлүк добуш менен директорлор кеңешин шайлай албай калган учурда гана колдонулат экен.

- Эгерде сизде 51% добуш болсо, сиз каалаган адамыңызды директорлор кеңешине шайлай аласыз. Майда акционерлер болсо өз өкүлдөрүн ага өткөрө алышпайт. Бул, менин оюмча, мыйзамдын кемчилиги болуп эсептелет, - дейт Александр Зазульский.

Батыш өлкөлөрүндө, Орусия жана Казакстанда кумулятивдик добуш берүү эч кандай шарт коюусуз колдонулат. Бизде баалуу кагаздар базары өнүкпөгөндүгү, ага байланыштуу майда акционерлер өз акцияларын сатып жиберип, ишкананы башкаруучуларга карата өз пикирлерин билдире алышпастыгын эске алганда, алардын укугу дагы эле жок. Мындай мүчүлүштөр, Алтынбек Алымкуловдн айтымында, жаңы мыйзамда бир топ.

- Биздин комиссиянын алдында ведомстар аралык жумушчу топ түзүлдү. Ага юстиция министрлигинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин, корпоративдик башкаруу борборунун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып жатышат. Жумушчу топ күзгө чейин жаңы мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдап чыгышы керек. Анын мүчөлөрүнүн баардыгы директорлор кеңеши жалаң эле кумулятивдик добуш менен шайланышы керек деген бир ойдо болуп жатышат, - дейт Алтынбек Алымкулов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG