Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек 8-майда Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы миссиясы өз ишин аяктады. Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен «Кыргызстан «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программада белгиленген иш-чараларды ийгиликтүү аткарып жатат» деп билдирди.

Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнендин бу жолку кириш сөзү адаттан тыш кыска болду.

- Программа ийгиликтүү аткарылып жатат. Макроэкономикалык кырдаал жакшы. Тышкы карызды азайтуунун стратегиясы да ийгиликтүү ишке ашып жатат, - деди Тапио Саавалайнен.

Анын, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун жана финансы министри Болот Абилдаевдин журналисттердин суроолоруна беришкен жоопторунан төмөнкүлөр маалым болду. Программада каралган контролдук көрсөткүчтөрдүн бардыгы аткарылды. «Бюджеттин тартыштыгы» деген маанилүү көрсөткүч болсо ашыгы менен аткарылды. Ошондуктан миссия программага аз гана өзгөртүү киргизди.

Тапио Саавалайнен 2- жана 3-кварталдын бюджеттик дефицити мурда белгиленгенден бир аз көбөйтүлгөндүгүн маалымдады:

-1- жана 2-кварталдын бюджеттик тартыштыгын өзгөртүп, биз чынында тобокелге бардык. Бирок жаратылыш кырсыктарына байланыштуу ушундай кадамга барууга аргасыз болдук. Мен ликвиддүү каражаттардын өсүшүнө карабай, абал көзөмөлдөн чыкпайт деп ойлойм.

Болот Абилдаевдин айтымында, бюджеттин чыгаша бөлүгү 150-200 млн. сомго көбөйтүлөт. Ал акча жер көчкүдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилет.

Тапио Саавалайнен миссия өкмөт менен 3 маселе боюнча талкуу жүргүзгөнүн белгиледи. Алардын биринчиси - энергетика секторундагы абал. ЭВФтин өкүлү миссия «тармактын квазифискалдык тартыштыгы» деген контролдук көрсөткүч кийиргенин, ал көрсөткүч программа бүткөнчө белгилүү бир чекке чейин кыскартылышы зарыл экенин жана аны кыскартуунун жолдорун өкмөт өзү билээрин айтып өттү. Экинчи маселе - тышкы соода саясатына байланыштуу. Кыргызстан дан азыктарына жогорулатылган импорттук тариф киргизгени маалым. Миссия аны жоюш керек деген көз карашта. Ал эми үчүнчү маселе - тамекинин импортуна жакында киргизилген кошумча акциздик салык.

- Биз аны да өзгөртүү тууралуу өкмөт менен макулдаштык, - деди Тапио Саавалайнен.

Бул жолку басма сөз жыйынында өлкөнүн тышкы карызы тууралуу көп сөз болду. Тапио Саавалайнен тышкы карызды өлчөш үчүн дүйнөдө 2 көрсөткүч пайдаланылаарын айтты. Алардын бири - тышкы карыздын экспортко катышы. Бул көрсөткүч 150%дан ашпаса, тышкы карыз коркунучтуу эмес. Эгерде ал 200%дан ашып кетсе, өлкө кризисте деп эсептелет. Кыргызстандын көрсөткүчү болсо, анын айтымында, азыр 190-195%дан түзөт. Экинчи көрсөткүч - тышкы карыздын бюджет менен катышы. Бул көрсөткүч 250%дан ашпоого тийиш. Кыргызстандыкы болсо 350%дан чыгып кеткен.

- Биз тышкы карызды моделге салып эсептеп чыктык. Албетте, анын жыйынтыгы ар кандай факторлордун таасирине жараша болот. Башкача айтканда, биз бир нече божомол кылдык. Бирок, ички дүӈ продукт жылына 5% менен өсүп турса, экспорттун көлөмү 4% көбөйсө, бюджеттин тартыштыгы 2006-жылга чейин 3% азайса, тыштан таасир болуп, кыйынчылык туудура турган бир нерсе болуп кетпесе жана Париж клубу келишимге ылайык тышкы карызды кечсе, тышкы карыз 2010-жылдын 2-жарымында коркунуч туудурбай турган деӈгээлге жетет деп айтууга толук негиз бар, - деди Тапио Саавалайнен.

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл 10-майда улуттук валютанын киргизилгенине 10 жыл болот. Ушуга байланыштуу бүгүн Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, сомдун киргизилишинин тарыхы, аны туруктуу валютага айлантуу багытында Улуттук Банктын жүргүзүп жаткан иштери жана бул юбилейлик датаны тосуш үчүн белгиленип жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Сом 1993-жылдын 10-майында Кыргызстандын улуттук валютасы катары киргизилген болчу. СССР кулагандан кийин, анын ордуна пайда болгон көз карандысыз мамлекеттер мурдагы Союздун валютасы - рублди жалпы валюта кылып алабыз деп, бирок анын туруктуулугун камсыз кыла алышкан эмес. Ар бир мамлекет өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүп, финансылык жана макроэкономикалык турукташууга жетише албай коюшкан. Сомдун киргизилиши ушундай себептерге байланыштуу болгон. Мисалы, 1992-жылы инфляция 800%, 1993-жылы 1400% түзгөн.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан улуттук валютаны биринчилерден болуп киргизген. Бул өз учурунда кошуна мамлекеттердин түшүнбөстүгүн жана каршылыгын жаратканы маалым. Мезгил кыргыз жетекчилигинин чечими туура болгонун көрсөттү. Кийин Кыргызстанды сындаган өлкөлөрдүн бааары өз валюталарын киргизүүгө аргасыз болушту. Азыр, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, өлкөдө инфляция толук ооздукталды. Былтыр ал болгонү 2,3% түздү. Өлкөдө макроэкономикалык жана финансылык турукташуунун белгилери бар. Азыр Улуттук Банктын валюталык резерви 328 млн. долларды түзөт. Улуттук Валютанын туруктуулугу башында чет өлкөлүк кредиттердин эсебинен кармалганы эч кимге жашыруун эмес. Бирок Улан Сарбанов акыркы кезде сомдун туруктуулугун камсыз кылууда чет өлкөлүк кредиттердин ролу азайып баратканын белгилейт:

- Сомго финансылык жардам берүү азайып баратат. Сомго кандай финансылык жардам берилет? Биз өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлөрдүн валюта рыногундагы абалга такай көз салып турабыз. Эгерде валюталык рыноктогу абал фундаменталдык экономикалык көрсөткүчтөргө туура келбесе, биз кандайдыр-бир чара көрөбүз.

Сом туруктуу валюта болгону менен, Кыргызстанда ири суммадагы соода-сатыктын баары доллар менен жүргүзүлүп келет. Акча сактаганда да Кыргызстандын калкы доллар менен сактайт. «Сом эч качан эл ишенген күчтүү валюта боло албайт. Күчтүү валюта болбогондон кийин экономиканын оӈолушу кыйын. Ошол себептен улам Кыргызстан долларга же башка бир эл ишенген туруктуу валютага өтүп алса жакшы болот эле» деген пикирлер да айтылып жүрөт. Президент Аскар Акаевдин кеӈешчиси Марек Домбровский да «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери» аттуу программа даярдалып жатканда ушундай сунуш киргизгени маалым. Бул сунушка Улан Сарбанов:

- Эмне үчүн дүйнөдөгү өлкөлөр өз валютасынан баш тартып, долларга өтүшөт? Алар ошону менен белгисиз жагдайларды азайткылары келишет. Эгерде долларга өтүп, ошону менен белгисиз жагдайларды азайта алсак, биз ошого барышыбыз керек. Менин оюмча, ал бизде башка факторлордун негизинде келип чыгып жатат, – деп, анын себеби катары административдик реформадагы кыйынчылыктарды атап өттү.

Улан Сарбанов алдыдагы юбилейлик даталарга карата Улуттук Банк «Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн түпкү уюткусу» жана «Улуттук валютага 10 жыл» деген 2 монета чыгаргандыгын маалымдады. 10-майда сомдун 10 жылдыгына карата эл аралык конференция өткөрүлөт. 12-13-майда болсо КМШнын 7 жакыр өлкөсүнүн каржы секторунун проблемаларына байланыштуу дагы бир эл аралык семинар болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG