Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргыз өкмөтү башкаруу системасын радикалдуу реформалоого киришти. Даярдалып жаткан административдик реформанын негизги багыттарынын бири - саясий кызмат орундары менен мамлекеттик чиновниктик кызмат орундарын бири-биринен ажыратуу. Бул иш азыр финансы министрлигинде башталды.

Кыргызстандын экономикасынын каалагандай өнүгө албай жатышынын бирден бир себеби - башкаруу системасынын талапка жооп бербестигинде. Чет өлкөлүк эксперттер Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкөлөрдүн бири экенин, коррупция өнүгүүгө тоскоол болуп жатканын көптөн бери айтып келишет. Бирок өлкөдөгү буга чейинки жүргүзүлгөн административдик реформалар министрликтерди бириктирүү, анын санын азайтуу жана мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен гана чектелип келген. Алар күткөндөй натыйжа берген жок. Эми өкмөт эларалык финансы уюмдардын айтуусу боюнча радикалдуу административдик реформа жүргүзүүгө белсенип жатат. Эларалык финансы уюмдары кеңеш берип гана тим болбостон, реформага каржы жагынан да жардам беришерин айтышты.

15-майда Дүйнөлүк банк Кыргызстандын алдминистративдик реформасына арналган 2 долбоорду жактырып, 20 млн. доллар акча бөлдү. Кыргызстандагы административдик реформаларды эларалык валюта кору да колдоорун билдирди.

«Мен малекеттик башкарууну реформалабай жана коррупция менен күрөшпөй, өлкө өзүнүн экономикасын кескин жакшырта албасын жана туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшпөсүн мурдагы жолугушууларымда көп жолу айткам. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлердин жакшы иштешине түрткү боло турган моделди түзүү зарыл. Биз азыр жүргүзүп жаткан иштин негизги багыттарынын бири – саясий жоопкерчилик менен мамлекеттик кызматчылардын кызматтык жоопкерчилигин бөлүү»,- дейт Эларалык валюта корунун жооптуу кызматкери Тапио Саавалайнен.

Кыргызстанда өкмөт башчы же министр алмашса, жаңы келген жетекчи өзүнүн командасын ала келип, аппараттын теңинен көбүн алмаштыруусу адатка айланган. Мамлекетик чиновниктер бир орунда узак иштей алышпайт. Андыктан алар өз ишин өздөштүрүп, өркүндөтө алышпайт. Жаңы келген кызматкер мурдагы кызматкердин ага чейин эмне кылгандыгын жана эмне кылам деп пландаганын билбейт. Практикада жада калса жаңы кызматка алынган адам мурда кабыл алынган документтерди да таппай каларын айтып жүрүшөт. Чиновниктер премьер-министрге жана министрге көз каранды. Алар бүгүн бар, эртең жок саясатчылардын тапшырмаларын мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбесе да аткарууга мажбур. Саясий өзгөрүүлөргө карабай, бир ишти баштап аягына чыгарар туруктуу мамлекеттик аппарат жок. Мындан, албетте, мамлекет, биринчи кезекте экономика зыян тартууда.

Тапио Саавалайнен саясий кызматтар менен мамлекеттик кызматчылардын кызматын бири- биринен бөлүү финансы министрлигинен башталарын айтты. Болот Абилдаевдин билдирүүсүнө караганда, министрликте мурдагы министрдин биринчи орунбасары деген кызматтын ордуна туруктуу катчы деген кызмат орун киргизилди. Жөнөкөй орунбасарлар болсо туруктуу катчынын орунбасарлары болуп калышты. Бул тажрыйба «Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин башка министрликтерге жайылтылат. Азыр ал мыйзамдын долбоору даярдалып жатат. Анда мамлекеттик кызматкердин укуктары жана милдеттери тууралуу жоболор киргизилет.

«Бул мыйзам саясий жоопкерчиликти жана мамлекеттик кызматчылардын функцияларын ажыратат. Ага ылайык мамлекеттик кызматкерлер кандайдыр бир белгилүү мөөнөткө - 4 же 5 жылга дайындалат. Ал мөөнөт бүткөнгө чейин кызматкер мыйзамды же башка нормаларды бузган учурларда гана кызматтан бошотулат» - дейт Тапио Саавалайнен.

Мындан үч айча мурун КМШнын төрт өлкөсү: Орусия, Украина, Беларусия жана Казакстандын президенттери өзүнчө жаңы экономикалык биримдик түзгөнүн жарыялашкан эле. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору мындай аракеттердин артында Орусиянын стратегиялык кызыкчылыктары жатканына көңүл бурат. КМШнын аймагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасын эске алганда, жаңы биримдиктин көздөгөн максатына жетери көп күмөн саноолорду жараткан маселе.

Орусия, Украина, Беларусия, Казакстан КМШнын калган өлкөлөрүнөн бөлүнүп жаңы биримдикти негиздөө менен катар бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришти. Адистердин айтымында, бирдиктүү экономикалык мейкиндик деген түшүндүрмөдө үч идея: баажы союзу, валюталык союз жана Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү координациялоо маселеси камтылган. Баажы союзу менен валюталык союз КМШнын аймагында мурдатан эле болгону белгилүү. Дүйнөлүк Соода уюмуна азырынча КМШнын экономикасы чабал башка төрт өлкөсү: Армения, Кыргызстан, Молдова жана Грузия гана мүчө. Эми жогорудагыдай максаттарды аркалоого, башкача айтканда, ич ара баажы жана валюта союзун түзүүгө, Дүйнөлүк Соода уюмуна чогуу – чараан кошулууга КМШнын экономикалык державалары катары саналган мамлекеттер биргелешип киришип олтурат.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы жана экономикалык саясатын координациялоого жетишүү Орусиянын узактан берки стратегиялык максаты экени талашсыз. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору Москва учурда КМШнын лидерлери эл аралык изоляцияда калган өлкөлөрүн Орусиянын стратегиялык саясатына баш ийдирүү максатында пайдаланып жатканына көңүл бурат.

Маселен, Иракка "Кольчуга" тибиндеги радардык жабдуулар сатылганы тууралуу маалымат ачыкка чыккандан кийин украин президенти Леонид Кучманы АКШда жана Батышта кабыл албай калышты. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да көптөн бери эл аралык изоляцияда калган саясатчы экени маалым. Ал дагы БУУнун санкцияларын бузуп, Иракка курал сатылышына жол бергени үчүн айыпталган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев болсо коррупциялык жаңжаалдардан арыла албай жүрөт. Андыктан алар мындай жагдайда Орусиянын жардамына муктаж. Москва да өз тарабынан жогорудагы президенттерге колдоо көргөзүүдө. Алсак узак убакыт бою КМШнын саясий жана экономикалык өңүттөрү боюнча Орусия менен эки ача позицияда жүргөн Украина быйыл жыл башында уюмдун төрагалыгына шайланды. Бул кызматты такай Орусиянын президенти гана ээлеп келген. "Жейнс" изилдөө борборунун пикиринде, украин президентинин КМШда төрагалык кылуусу юридикалык жактан күмөндүү. Анткени ,украин парламенти уюмдун уставын ратификациялаган эмес. Андыктан, Орусия КМШдагы төрагалыгын Украинага өткөрүп берүү менен акыркы жылдары АКШ жана Батыш өлкөлөрү жээрий баштаган украин президентине дипломатиялык колдоо көргөзгөндөй болду.

Айтор, эгер чын эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы ишке ашса Орусиянын КМШ өлкөлөрүнүн соодасына, тышкы саясатына таасир көргөзүүсү күчөйт. Орус президенти Владмир Путиндин планында, КМШнын жаңы экономикалык структурасы Европа Биримдигине атаандаш болууга жардам бериш керек. Апрель айында Душанбеде болгон саммитте тараптар жалпы сөздөрдөн конкреттүү аракеттерге өтөрү айтылганы менен КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасы келечектен көп үмүттөндүрбөйт. Өткөн жылдар көргөзгөндөй, КМШ структураларынын көпчүлүгү натыйжалуу иштеген жок, турмушка ашкан келишимдер сейрек.

АКШдагы Карнеги Фондунун кызматкери, кезинде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө кеңешчилик кылган профессор Андерс Аслунд "Мурдагы Советтер Союзундагы соода" деген макаласында белгилегендей, төрт өлкөнүн жаңы биримдиги деле алардын эч кимисине пайда алып келбейт. Жаңы Баажы союзу иштеши арсар. КМШнын аймагындагы мурдагы Баажы союзу жараксыз уюм экени анык болгондо Евразия Экономимакылык Шеришктештиги болуп кайра түзүлгөн эле. Мунун себептерин профессор Аслунд КМШ өлкөлөрүнүн тышкы соода боюнча кызыкчылыктары бири-бирине төп келбегенинен, Орусия өзүнүн баажы саясатын КМШнын калган өлкөлөрүнө таңуулаганына көрөт. Профессор Аслунддун пикиринде, КМШнын ичиндеги соода ошол Орусия, Казакстан, Украина Дүйнөлүк Соода уюмуна киргенде гана оңолушу мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG