Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:38

Экономика

Мындан үч айча мурун КМШнын төрт өлкөсү: Орусия, Украина, Беларусия жана Казакстандын президенттери өзүнчө жаңы экономикалык биримдик түзгөнүн жарыялашкан эле. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору мындай аракеттердин артында Орусиянын стратегиялык кызыкчылыктары жатканына көңүл бурат. КМШнын аймагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасын эске алганда, жаңы биримдиктин көздөгөн максатына жетери көп күмөн саноолорду жараткан маселе.

Орусия, Украина, Беларусия, Казакстан КМШнын калган өлкөлөрүнөн бөлүнүп жаңы биримдикти негиздөө менен катар бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришти. Адистердин айтымында, бирдиктүү экономикалык мейкиндик деген түшүндүрмөдө үч идея: баажы союзу, валюталык союз жана Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү координациялоо маселеси камтылган. Баажы союзу менен валюталык союз КМШнын аймагында мурдатан эле болгону белгилүү. Дүйнөлүк Соода уюмуна азырынча КМШнын экономикасы чабал башка төрт өлкөсү: Армения, Кыргызстан, Молдова жана Грузия гана мүчө. Эми жогорудагыдай максаттарды аркалоого, башкача айтканда, ич ара баажы жана валюта союзун түзүүгө, Дүйнөлүк Соода уюмуна чогуу – чараан кошулууга КМШнын экономикалык державалары катары саналган мамлекеттер биргелешип киришип олтурат.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы жана экономикалык саясатын координациялоого жетишүү Орусиянын узактан берки стратегиялык максаты экени талашсыз. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору Москва учурда КМШнын лидерлери эл аралык изоляцияда калган өлкөлөрүн Орусиянын стратегиялык саясатына баш ийдирүү максатында пайдаланып жатканына көңүл бурат.

Маселен, Иракка "Кольчуга" тибиндеги радардык жабдуулар сатылганы тууралуу маалымат ачыкка чыккандан кийин украин президенти Леонид Кучманы АКШда жана Батышта кабыл албай калышты. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да көптөн бери эл аралык изоляцияда калган саясатчы экени маалым. Ал дагы БУУнун санкцияларын бузуп, Иракка курал сатылышына жол бергени үчүн айыпталган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев болсо коррупциялык жаңжаалдардан арыла албай жүрөт. Андыктан алар мындай жагдайда Орусиянын жардамына муктаж. Москва да өз тарабынан жогорудагы президенттерге колдоо көргөзүүдө. Алсак узак убакыт бою КМШнын саясий жана экономикалык өңүттөрү боюнча Орусия менен эки ача позицияда жүргөн Украина быйыл жыл башында уюмдун төрагалыгына шайланды. Бул кызматты такай Орусиянын президенти гана ээлеп келген. "Жейнс" изилдөө борборунун пикиринде, украин президентинин КМШда төрагалык кылуусу юридикалык жактан күмөндүү. Анткени ,украин парламенти уюмдун уставын ратификациялаган эмес. Андыктан, Орусия КМШдагы төрагалыгын Украинага өткөрүп берүү менен акыркы жылдары АКШ жана Батыш өлкөлөрү жээрий баштаган украин президентине дипломатиялык колдоо көргөзгөндөй болду.

Айтор, эгер чын эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы ишке ашса Орусиянын КМШ өлкөлөрүнүн соодасына, тышкы саясатына таасир көргөзүүсү күчөйт. Орус президенти Владмир Путиндин планында, КМШнын жаңы экономикалык структурасы Европа Биримдигине атаандаш болууга жардам бериш керек. Апрель айында Душанбеде болгон саммитте тараптар жалпы сөздөрдөн конкреттүү аракеттерге өтөрү айтылганы менен КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасы келечектен көп үмүттөндүрбөйт. Өткөн жылдар көргөзгөндөй, КМШ структураларынын көпчүлүгү натыйжалуу иштеген жок, турмушка ашкан келишимдер сейрек.

АКШдагы Карнеги Фондунун кызматкери, кезинде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө кеңешчилик кылган профессор Андерс Аслунд "Мурдагы Советтер Союзундагы соода" деген макаласында белгилегендей, төрт өлкөнүн жаңы биримдиги деле алардын эч кимисине пайда алып келбейт. Жаңы Баажы союзу иштеши арсар. КМШнын аймагындагы мурдагы Баажы союзу жараксыз уюм экени анык болгондо Евразия Экономимакылык Шеришктештиги болуп кайра түзүлгөн эле. Мунун себептерин профессор Аслунд КМШ өлкөлөрүнүн тышкы соода боюнча кызыкчылыктары бири-бирине төп келбегенинен, Орусия өзүнүн баажы саясатын КМШнын калган өлкөлөрүнө таңуулаганына көрөт. Профессор Аслунддун пикиринде, КМШнын ичиндеги соода ошол Орусия, Казакстан, Украина Дүйнөлүк Соода уюмуна киргенде гана оңолушу мүмкүн.

Сапар Орозбаков, Бишкек 15-майда Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңеши Кыргызстанга бере турган жардамдын стратегиясын бекитти. Кыргызстандын бул эң ири кредитору 2003-2006 жылдары, 4 жыл ичинде 171 млн. доллар бере турган болду. Анын 65 млн. доллары грант түрүндө берилээрин айтышууда.

Кыргызстан кредиттерди ала берип, анын тышкы карызы азыр коркунучтуу дей турган абалга жетти. Ошондуктан былтыр октябрда болуп өткөн донорлордун кеңешмесинде донорлор ага жардамды колдон келишинче грант түрүндө берүү, эгерде ал кредит менен бериле турган болсо, жеңилдетилген гана кредиттерди берүү тууралуу чечимге келишкен. Ошого ылайык Дүйнөлүк Банк өз жардамынын стратегиясын өзгөрттү. Ал 171 млн. доллардын 65 млн. долларын грант түрүндө бермек болду.

- Бул акча айыл чарба институттарын, чакан шаарлардын инфрастуктурасын, саламаттык сактоо жана билим берүү секторлорун колдоого бөлүндү. Бул секторлор азыр каражатка муктаж. Бирок аларга салынган акчанын кайтарымы түз жана дароо болбойт. Ошондуктан аларга грант түрүндө колдоо көрсөтүлөт, - дейт вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, бул акча 2004-жылдан баштап келе баштайт. Азырынча конкреттүү долбоорлор тактала элек.

Кредит түрүндө берилчү акча «экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз шарт түзөт» деп эсептелген жеке секторго, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурага жана башкаруу системасын реформалоого бөлүнөт.

- Программанын калган бөлүгү кредит болот. Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясынын кредиттеринин шарты ушундай - алар 35 жылга берилет. 10 жылдан кийин гана негизги сумма кайтарыла баштайт. Үстөк пайызы – 0,75%. Биздин кредит канчалык жеңил экенин ушундан көрсөңүздөр болот, - деди Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү Крис Лавлэйс. Анын айтымында, Дүйнөлүк Банк айыл чарбасын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, энергетиканы, чакан жана орто бизнести артыкчылыктуу багыт деп эсептейт.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын башкаруу системасын реформалоого өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Буга ал 2 кредит бере турган болду.

- Кечээ Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңешинде ошол 2 кредит кабыл алынды. Биринчиси – GSAC – 20 млн. доллар. Экинчиси – GTAC - 8 млн. доллар. Биз башкаруу системасын реформалоого катуу киришип жатабыз. Буга Азия Өнүктүрүү Банкы, Европа Өнүктүрүү Банкы жана башка донорлор акча беришет. Бул акча мамлекеттик кызматты талапка ылайык кылып өзгөртүп чыгууга, коррупцияга каршы күрөшкө жана башка программаларга пайдаланылат, - дейт Жоомарт Оторбаев.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери Дүйнөлүк Банк 621 млн. доллар кредит берген. Анын 460 млн. доллары алынып, пайдаланылды. Дүйнөлүк Банк өз акчасын Кыргызстан натыйжалуу пайдаланып жатат деген пикирде.

- Мен бул акча экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген секторлордо максаттуу пайдаланылып жатат деп ойлойм. Анткени акыркы мезгилде ички дүң продуктунун 5% өсүшүнө жетиштик. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, бардык эле долбоорлор бирдей ийгиликтүү болгон жок. Биз өткөн тажрыйбадан кайсы демилгелерибиз пайдалуу болуп жатканын, кайсы багыттарыбыз ийгиликтүү ишке ашып жатканын байкап көрүп, сабак алдык. Бирок биздин өзүбүздүн иликтөөбүз Кыргызстандын долбоорлору канааттандырарлык иштеп жатканын көрсөтүп жатат, - дейт Крис Лавлэйс.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG