Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Экономика

Sorry! No content for 12 Май. See content from before

жекшемби 11 Май 2003

Сапар Орозбаков, Бишкек 10-майда Бишкекте кыргыз сомунун 10 жылдыгына карата конференция болуп, ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, өкмөт мүчөлөрү, Улуттук Банктын кызматкерлери, депутаттар жана окумуштуулар катышты. Конференцияга эл аралык финансы уюмдарынан да көп адамдар келишкен. Алардын ичинде Эл аралык Валюта Фондунун тейлөөчү директорунун орун басары Эдуардо Аннинат жана Европа боюнча 2-департаментинин директору Джон Олдинг Сми, Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча директору Денис де Трей, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын Борбордук Азия боюнча директору Масару Хонма, Азия Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын Түштүк-Чыгыш Азия департаментинин баш директорунун орун басары Шамшад Ахтар жана башкалар бар.

Конференциянын башында президент Аскар Акаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө 10 жыл мурдагы экономикалык кырдаалды эске салып, ал жылдары Кыргызстан татаал абалда калгандыгын белгиледи. Президенттин айтымында, өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөп кетиши, мурдагы Советтер Союзунун республикаларынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын үзүлүшү, борбордон мурдагыдай жардамдын келбей калышы, ошого байланыштуу финансылык ресурстардын тартыштыгы, республикалардын ортосундагы бирдиктүү акча саясатынын жоктугу жана гиперинфляция коркунучу чечкиндүү кадамга барууга түрткү берип, 1993-жылдын 10-майында улуттук валютаны киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган.


- Ал оңой чечим эмес болчу. Бүгүн улуттук валютанын керек экенине эч кимдин күмөнү жок. 10 жыл мурда бардыгы күмөн санашкан. Дыкат экономикалык талдоо жүргүзүп көрүүгө жана татаал уюштуруу иштерин карап чыгууга туура келди. Негигиси – улуттук валютаны киргизүү тууралуу чечим чыгарып, ишке ашырууга саясий эрк керек болду, - деди Аскар Акаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

Президент сомду киргизип, анын туруктуулугун камсыз кылууга жардам көрсөткөнү үчүн Эл аралык Валюта Фондуна терең ыраазычылык билдирди.

- Албетте, өзүбүздүн колубуздан мындай зор иш келмек эмес. Ошондуктан, мен азыр өзгөчө белгилеп жатам - Эл аралык Валюта Фондунун салымы зор. Эл аралык Валюта Фонду башынан бизге эсеп-кысап жагынан да, финансылык ресурс жагынан да толук жардам бербегенде, бул аракетибиз ийгиликке алып келмек эмес, - деди Аскар Акаев.

Президенттин айтымында, сом 1998-жылкы дүйнөлүк финансылык кризисте да өзүнүн туруктуулугун көрсөттү. Ал 2 эсеге жакын девальвация болгону менен, эл ишенген туруктуу валюта бойдон кала берди. Азыр өлкөдө макроэкономикалык стабилдүүлүк орноп, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүлдү.

Конференцияда чыгып сүйлөшкөн эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстанда экономикалык реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканын белгилешти.


- Экономикалык өнүгүүнүн жакшы жолу - өз алдынча аракет кылуу. Бул силердин аракетиңер Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк өңдүү финансы уюмдары тарабынан колдоо табаарында шек жок. Биз Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына жан-дилибиз менен кызмат кылабыз. Реформалар улантылып, тамырлай бере турган болсо, биз өз милдетибизди аткарууну уланта беребиз, - деди Эдуардо Аннинат.

Президент А. Акаев кыргыз сомун «Кыргызстандын көз карандысыздыгынын символу» деп мүнөздөдү.

- Сомдун 10 жылдыгы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүү менен дал келип отурат. Кыргыз сомунун тарыхы кыска болгону менен, ал кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Кыргызстандын даңазалуу доору кыргыз элинин эсинде гана эмес, биздин акчанын сүрөттөрүндө да түбөлүккө сакталып калды. Алар тарыхый окуяларды, маданий эстеликтерди, көрүнүктүү ишмерлерди, маданият жетишкендиктерин жана даңазалуу тарыхый даталарды чагылдырат. Кыргыз сому мезгилдин талабы менен бараткан жана радикалдуу өзгөртүүлөр жолуна түшкөн көз карандысыз жаш мамлекеттин чыныгы символу болуп калды, – деди Аскар Акаев.

Сапар Орозбаков, Бишкек 8-майда Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы миссиясы өз ишин аяктады. Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен «Кыргызстан «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программада белгиленген иш-чараларды ийгиликтүү аткарып жатат» деп билдирди.

Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнендин бу жолку кириш сөзү адаттан тыш кыска болду.

- Программа ийгиликтүү аткарылып жатат. Макроэкономикалык кырдаал жакшы. Тышкы карызды азайтуунун стратегиясы да ийгиликтүү ишке ашып жатат, - деди Тапио Саавалайнен.

Анын, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун жана финансы министри Болот Абилдаевдин журналисттердин суроолоруна беришкен жоопторунан төмөнкүлөр маалым болду. Программада каралган контролдук көрсөткүчтөрдүн бардыгы аткарылды. «Бюджеттин тартыштыгы» деген маанилүү көрсөткүч болсо ашыгы менен аткарылды. Ошондуктан миссия программага аз гана өзгөртүү киргизди.

Тапио Саавалайнен 2- жана 3-кварталдын бюджеттик дефицити мурда белгиленгенден бир аз көбөйтүлгөндүгүн маалымдады:

-1- жана 2-кварталдын бюджеттик тартыштыгын өзгөртүп, биз чынында тобокелге бардык. Бирок жаратылыш кырсыктарына байланыштуу ушундай кадамга барууга аргасыз болдук. Мен ликвиддүү каражаттардын өсүшүнө карабай, абал көзөмөлдөн чыкпайт деп ойлойм.

Болот Абилдаевдин айтымында, бюджеттин чыгаша бөлүгү 150-200 млн. сомго көбөйтүлөт. Ал акча жер көчкүдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилет.

Тапио Саавалайнен миссия өкмөт менен 3 маселе боюнча талкуу жүргүзгөнүн белгиледи. Алардын биринчиси - энергетика секторундагы абал. ЭВФтин өкүлү миссия «тармактын квазифискалдык тартыштыгы» деген контролдук көрсөткүч кийиргенин, ал көрсөткүч программа бүткөнчө белгилүү бир чекке чейин кыскартылышы зарыл экенин жана аны кыскартуунун жолдорун өкмөт өзү билээрин айтып өттү. Экинчи маселе - тышкы соода саясатына байланыштуу. Кыргызстан дан азыктарына жогорулатылган импорттук тариф киргизгени маалым. Миссия аны жоюш керек деген көз карашта. Ал эми үчүнчү маселе - тамекинин импортуна жакында киргизилген кошумча акциздик салык.

- Биз аны да өзгөртүү тууралуу өкмөт менен макулдаштык, - деди Тапио Саавалайнен.

Бул жолку басма сөз жыйынында өлкөнүн тышкы карызы тууралуу көп сөз болду. Тапио Саавалайнен тышкы карызды өлчөш үчүн дүйнөдө 2 көрсөткүч пайдаланылаарын айтты. Алардын бири - тышкы карыздын экспортко катышы. Бул көрсөткүч 150%дан ашпаса, тышкы карыз коркунучтуу эмес. Эгерде ал 200%дан ашып кетсе, өлкө кризисте деп эсептелет. Кыргызстандын көрсөткүчү болсо, анын айтымында, азыр 190-195%дан түзөт. Экинчи көрсөткүч - тышкы карыздын бюджет менен катышы. Бул көрсөткүч 250%дан ашпоого тийиш. Кыргызстандыкы болсо 350%дан чыгып кеткен.

- Биз тышкы карызды моделге салып эсептеп чыктык. Албетте, анын жыйынтыгы ар кандай факторлордун таасирине жараша болот. Башкача айтканда, биз бир нече божомол кылдык. Бирок, ички дүӈ продукт жылына 5% менен өсүп турса, экспорттун көлөмү 4% көбөйсө, бюджеттин тартыштыгы 2006-жылга чейин 3% азайса, тыштан таасир болуп, кыйынчылык туудура турган бир нерсе болуп кетпесе жана Париж клубу келишимге ылайык тышкы карызды кечсе, тышкы карыз 2010-жылдын 2-жарымында коркунуч туудурбай турган деӈгээлге жетет деп айтууга толук негиз бар, - деди Тапио Саавалайнен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG