Сапар Орозбаков, Бишкек Каракече көмүр кениндеги «Акулак» разрезин ишенимдүү башкарууга алган «Премикс центр» келишимдеги мөөнөтү бүтүп, Кыргызстандан кетти. Бирок ал жердеги ызы-чуу азыркыга чейин токтой элек. Мындан 20 күн мурда «Акулак» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган Александр Кадацкий 10 күндөн кийин кетип калды. Эми анын ордуна жаш адис Тилек Сабыров дайындалганы айтылууда.
- Келишим боюнча 3 млн. доллар инвестиция жасалмак болчу. 3 сом да инвестиция жасалган жок. Тескерисинче, алып келген жабдыктарын 5-6 эсе кымбат баа менен өткөзүп, акча топтоп, бу жерден активдердин көбүн чыгарып кетти. Азыр Александр Холяванын «Виканат» деген фирмасынын «Акулакта» 43 млн. сом аласасы бар. «Акулактын» абалы абдан оор. 110 млн. сом кредитордук карызы бар. Жумушчулар 4-5 айдан бери айлык албайт. 5 млн. сомго жакын айлык боюнча карызы бар. Соцфондго 10 млн. сом, салык инспекциясына 10 млн. сом, электр энергиясы үчүн 3 млн. сомго жакын жана башка толгон-токой карыздары бар. «Акулак» банкрот абалда, - дейт «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Картайбек Муканбетов.
Келишим боюнча «Премикс центрдин» иштөө мөөнөтү өткөн жылдын июль айында бүткөн. Бирок кандайдыр-бир себептер менен анын мөөнөтү июлдан ноябрга чейин, ноябрдан мартка чейин 2 жолу узартылып, апрель айында гана «Акулак» мамлекетке кайра кайтарылып алынгансыды. «Алынгансыды» деп айтып жаткан себебибиз - аны расмий түрдө жаңы жетекчиликке эч ким өткөрүп берген жок.
- Жаңы директор болгондон кийин ишти өткөрүп алыш керек болчу. Мурунку жетекчи Абдыкапаров качып, барбай жатат. «Андай болгондон кийин эмнеси бар экенин тактап, акты түзгүлө, жокторун жок деп чыгарабыз» деп айттык, - дейт депутат Орозбек Дүйшеев.
26-апрелде акционердик чогулуш «Акулак» разрезинин башкармалыгынын төрагалыгына жаңы жетекчи - мурда ошол жерде иштеп кеткен Александр Кадацкийди шайлаган. Ал болсо 10 күндөй иш менен таанышып, иштебестен кетип калды дешет.
- Ошо жердеги элдин каалоосу боюнча Александр Кадацкий шайланган. Ал абалдын начар экендигин көрүп, андан тышкары жергиликтүү бийликтерден кысым болуп, 10 күн иштеп, анан арыз жазып кетип калды. Анын ордуна Тилек Сабыров деген жаш жигитти койдук. Эки күн болду, ал иш менен таанышып, «Акулакты» иштетүүгө аракет кылып жатат, - дейт Картайбек Муканбетов.
Александр Холява «Акулактын» эмнесин алып кетип, эмнесин калтырганын эч ким билбейт.
- «Эсеп палатасы текшерсин» деген чечим бар. 16-17-майларда палатадан 2 адам барат. Алар бардыгын текшеришет. Андан тышкары көз карандысыз аудит жиберебиз. 1 айда ал ишкананын финансылык абалын текшерип чыгат. Ошонун негизинде «Акулакка» мамлекеттен кандай жардам керек экенин аныктайбыз, - дейт Орозбек Дүйшеев.
Азыр «Акулактын» ээси да алмашты. Мурда анын мамлекетке тиешелүү акциялары Мамлекеттик мүлк фондунда болчу. Февралдагы өкмөттүн токтому менен мурдагы «Кыргызкөмүр» акционердик коому «Көмүр» мамлекеттик ишканасы болуп кайра түзүлуп жатат. Эми «Акулактын» жана көмүр казган башка ишканалардын мамлекетке тиешелүү акциялары ошо «Көмүр» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилет.