Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Экономика

Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Эртең, бейшемби күнү, Стамбул шаарында Түркийа, Каспий аймагындагы жана Борбордук Азийа өлкөлөрүнүн отун-кубат министрлеринин аймактык мунай жана табигый газ саммити башталат. Анын алкагында мунай жана табигый газ технологийалары бойунча эл аралык жармаңке ачылат.

Каспий аймагынын өлкөлөрү менен Борбор Азийа жумуруйаттарынын отун-кубат министрлеринин катышуусунда өтө турган Стамбулдагы саммитте соңку технологийалар маселеси талкууга алынат. Саммитте ачыла турган жармаңкеде мунай жана газ продуктулары менен кызматтары көргөзмөгө койулат. Саммитке АКШ, Украина, Румынийа, Азербайжан, Сирия, Афганистан жана Пакистандан жогорку даражалуу мамлекеттик мунай жана газ ширкеттеринин өкүлдөрү да катышып, аймактык отун-кубат маселелери жөнүндө бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк табышмакчы.

Бул чогулуштун Стамбулда өткрүлүп жатканы бекеринен эмес. Каспий бассейниндеги өлкөлөр менен Орусийанын мунайы жана табигый газын батышка алып чыккан боролор жана танкер каттам жолдору тогошкон жерде орун алган Түркийа дүйнөнүн эң узун мунай кууру Баку-Тбилиси-Жейхан багыты, Карадеңиздин түбүнөн 2000 метр тереңдикте өткөн “Көгүлтүр Агын” газ боросу; ошондой эле, Азербайжандын газын Европага алып чыгуучу “Шахдеңиз” газ боро долбоору менен Орусийа сунуш кылган жаңы бир мунай куур багыты аркылуу алдыдагы 10 жылдын ичинде бир гана өз аймагынын эмес, жалпы дүйнөнүн эң ири отун-кубат каттам бекеттеринин бири болууну пландап жатат.

Дүйнөдөгү кадыресе тенденцийага эриш-аркак, Түркийанын өзүнүн дагы, суйук жана газ отунга жана электр кубатына керектөөсү жыл сайын өсүп баратат. Кийинки 20 жылдын ичинде, “Түштүк Чыгыш Анатолийа Долбоору” (GAP) сыйактуу ири кубат долбоорлорунун ишке ашырылганына карабай; электр кубатынын өндүрүмү, өзгөчө өнөржай секторунун талаптарына жооп бере албай, өлкө сырттан электр кубатын сатып алууда.

“Көгүлтүр Агын” аркылуу Орусийадан сатылып алынган табигый газдын дээрлик көпчүлүгү табигый газ менен иштеген көчмө электр өндүрүү ишканалары тарабынан колдонулат. Түркийа, ошол эле учурда, отун-кубат булагы катары бир өлкөгө жана бир гана табигый газ же мунайга көзкаранды болуп калбоо стратегийасынын чегинде, отун-кубат өндүрүүнүн жаңыча жолдорун издеп жатат. Отун-кубат булактарынын ар кыл түрүнө таянуу стратегийасынын алкагында курулган ишканалардын соңкусу кечээ (шейшемби күнү) ачылды.

Алманийанын (Германиянын) каржылоосунда Адана шаарынын Искендерун районунда курулган “Сугөзү Жылуулук Електр өндүрүү ишканасынын” ачылыш аземине Түркийада сайакатта болгон Алманийанын канцлери Герхард Шрөдер менен бирге Түркийанын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган катышышты. Өлкөнүн отун-кубатка болгон жалпы керектөөсүнүн 7 пайызынын өндүрүлүүсү болжолдонгон бул ишкана жылына 9 миллиард киловатт/саат электр кубатын өндүрөт жана анын курулушуна чыгымдалган 1,5 миллиард доллардын баарын Алманийа көтөрдү. Түштүк Африка жана Түштүк Америкадан импорттолгон жогорку сапаттагы көмүр менен иштей турган бул ишканада эң алдыңкы технологийа колдонулмакчы.

Ишкананы ачуу аземинде чыгып сүйлөгөн Режеп Тайып Эрдоган Түркийанын отун-кубат керектөөсү жылына 8 пайызга өсүп жатканын айтып, эч кандай чара көрүлбөсө, анда 2020-жылы өлкөнүн бул тармактагы чет өлкөлөрдөгү булактарга көзкарандылыгы 78 пайыга жетиши ыктымалдыгын айтты. Баку-Тбилиси-Жейхан мунай долбоорун куруу жумуштары тынымсыз улантылып жаткандыгын жана ал аркылуу алынып чыккан алгачкы мунай 2005-жылы Жейхандан танкерге жүктөлөөрүн билдирген Эрдогандын башка бир маалыматына караганда, Азербайжандын табигый газын Европага алып чыга турган “Шахдеңиз” газ боросу долбоору 2006-жылдын күз айларында ишке киргизилмекчи.

Сапар Орозбаков, Бишкек Президент өткөн жылдын сентябрындагы жарлыгы менен 4-инвестициялык матрицаны бекиткен болчу. Шейшемби күнү өкмөт башчы Николай Танаев анын аткарылышын караган кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде бул тууралуу маалымат берген вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев инвестициялык матрицаны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти негизинен жакшы деп баалады:

- Иш пландарды аткаруу боюнча бизде жалпысынан жакшы иш жүрүп жатат. 5-февралга карата матрицанын 13 беренеси аткарылды.

Ж.Оторбаевдин айтымында, матрицада каралган 13 мыйзам кабыл алынып, ишке киргизилди. «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», «Кыргыз республикасынын нормативдик актылары жөнүндө», «Аудитордук ишмердүүлүк жөнүндө» сыяктуу бир топ мыйзам долбоорлору даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Инвестициялык матрица өлкөдөгү маанилүү деп эсептелген программалардын катарына кирет. Анда инвестицияны тартуу боюнча конкреттүү иш-чаралардын тизмеси, аларды ким, кайсы мөөнөттө аткарары белгиленген. Өткөн жылдын жайында болуп өткөн 3-инвестициялык саммитте айтылган сушнуштардын негизинде түзүлүп, сентябрь айында президенттин жардыгы менен бекитилген 4-матрица 48 беренеден турат. Анын жалпы аткаруу мөөнөтү быйылкы жылдын 1-июлунда аягына чыкмакчы. Азыр ал иш-чаралардын айрымдарынын аткаруу мөөнөтү келе элек. Кеңешмеде мөөнөтү келген иш-чаралардын аткарылышы тууралуу сөз жүрдү.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, матрицага кирген 6 иш-чара аткарылбай калган. Матрица боюнча кандай уруксат кагаздары болору, аны ким берери тууралуу бир документ даярдалышы керек болчу. Андан тышкары төлөө системасын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыгып, анын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалмак. Бул иш-чаралар GTAC жана GSAC программаларына да киргенине карабай, аткарылбай калган:

- GTAC жана GSAC программалары боюнча өзүбүз алган милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтүнөн артта калып жатабыз. Кечээ биз жолугуштук. Бизге аларды аткаруу боюнча кыйынчылыктар болуп жатканы тууралуу айтышты. Март айында бул мыйзамды алга жылдырбасак транш албай калабыз, – деди Николай Танаев.

Айрым маселер боюнча, айрыкча, акчага байланыштуу маселелер боюнча министрликтердин ортосунда бир пикир жок болуп, ага байланыштуу иш-чаралар да үзгүлтүккө учурап жатыптыр. Мисалы, матрицанын бир беренесинде ишканалардын айып пулдарын кечүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу көрсөтүлгөн. Кеңешмеде бул маселе боюнча Каржы министрлиги менен башка министрликтердин ортосунда талаш-тартыш бар экендиги айтылды. Николай Танаев бул маселе экономика үчүн өтө маанилүү экенин, аны депутаттар каникулга тарап кеткенге чейин бүтүрүү зарыл экендигин белгилеп, бир жуманын ичинде анын долбоорун иштеп чыгууну өкмөт мүчөлөрүнө тапшырды:

- Оторбаев эртең жумушчу топту чогултуп, резиденцияга барсын. Бир пикирге келмейин бир жума эч кимди койо бербесин , – деди Николай Танаев.

Жогоруда айтылгандай, өкмөт 3-4 жылдан бери инвестициялык саммит өткөрүп, инвестициялык матрицаларды түзүп келе жатат. Өкмөт алар өлкөгө пайда берип, өткөн жылы инвестициянын көлөмү 25% өстү деп эсептейт. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, быйыл июль айында Ысык-Көлдө кезектеги 4–инвестициялык саммит болот. Бирок, коомчулукта «бул матрицалар эч кандай натыйжа берген жок» деген пикир кеңири тараган. Улуттук Илимдер академиясынын кызматкери, экономикалык илимдердин доктору Владимир Кумсков алар азырынча кагаз жүзүндө гана калып жатканын белгилейт:

- Бирок инвестициялар келбей жатпайбы. Тикелей инвестиция абдан жетишсиз. Жокко эсе.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG