Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Экономика

Өткөн аптанын соңку күндөрү Флорида штатынын Бока-Рейтон шаарында Чоң жетиге мүчө 7 өлкөнүн финансы министрлеринин кездешүүсү болду. Министрлер башка экономикалык маселелерге катар Америка долларынын наркын туруктуу кармоонун жолдорун да талкуулашты. Бул жыйындын соңунда кабыл алынган билдирүүдө Кошмо Штаттардын улуттук акчасы-долларды жөлөп-тайоонун зарылдыгы да белгиленет.

Чоң жетиге мүчө АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Япониянын финансы министрлеринин кез-кез жолугушуп, дүйнөлүк экономиканын орчун суроолорун талкуулап туруусу кадыресе көрүнүш.

Финансы министрлеринин бул ирет Флориданын Бока-Рейтон шаарында чогулуусуна АКШ долларынын күчтөн тайып баратканы себеп болду.Алсак, 2002-жылдын башынан бери доллардын евро сыяктуу валюта рыногундагы маанилүү акчаларга алмашуу курсу 40 проценттен көпкө арзандады. Ал эми акыркы 2 айда эле евро долларга салыштырмалуу 10 проценттен да көпкө кымбаттады.

Флоридадагы жыйын соңунда кабыл алган коммюникеде өнөр жайы мыкты өнүккөн жети өлкөнүн финансы министрлери АКШ долларынын “алмашуудагы ашыкча туруксуз абалы жана өйдө-ылдый кетүүсү экономикалык өсүү үчүн жагымсыз” деп белгинет. Чоң жетинин финансы министрлери -йендин кубатын арттырбоо үчүн, Америка долларын утурум сатып алып турган япон өкмөтү сыңары- еврону “тушап”, долларды турукташтыруу боюнча эч кандай чара көрүшпөдү.

Ага карабай, Британиянын финансы министри Гордон Браун коммюникенин кабыл алынганын “чоң ийгилик” деп эсептейт:

- Менин баамымда, жыйынга келген бардык адамдардын бир мунасага келгени баалуу. Менин оюмча, биздин алга жылуубуздун экономикадагы оң жылыштар менен коштолуп жатканын моюнга алганыбыз маанилүү. Биз соода жана реформа сыяктуу оң ийгиликке жеткирчү тармактарга өзгөчө көңүл буруудабыз.

“Күчтүү доллар америкалыктардын экономикалык кызыкчылыгына ылайыктуу” экенин үзбөй кайталап жүргөн Кошмо Штаттардын финансы министри Жон Сноу мурдакыдай эле “акчанын кубатын рынок аныкташ керек” деген сөзүн кайталады:

- Кошмо Штаттар узак мезгил күчтүү доллар саясатын жүргүздү. Доллардын күчтүү болуусуна биз да кызыгабыз. Бирок, акчалардын баасы ачык жарышта, валюта рыногунда аныкталганы жөндүү. Жөлөп-тайоодон акча күчтүү болуп кетпейт. Акчанын кубаты анын негизине жараша болот жана акчанын наркы соода өтчү жайдагы талапка жана сунушту чагылдырат.

Байдөөлөт мамлекеттердин финансы министрлеринин сөзүнө кылдат кулак төшөгөн сараптарга же акча сатып адистешкен соодагерлерге Жон Сноудун бул сөзү эч кандай жаңы маалымат бербеди.

Буга кийинки күндөрү Кошмо Штаттардын долларынын еврого салыштырмалуу бирде арзандап, бирде кайра аз да болсо кымбаттап турганы да далил.

Мунун өзү, Парижде чыкчу “Le Monde” гезити жазгандай, Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын илең - салаң өсүүсүнө коркунуч туудуруп жаткан орток акча-евронун күн санап кубаттануусун токтотуу аракети оңунан чыкпаганын күбөлөйт.

Буга караганда, талдоочулар айткандай, баалуу кагаздар менен соода кылган сараптар АКШнын Борбордук банкынын төрагасы, кудурети күчтүү Алан Гринспен жакында Конгрессте жасачу докладды күтүп жаткан сыяктуу.

Башка талдоочулардын айтымында, Флоридада министрлердин долларды колдоо боюнча бир бүтүмгө келбегени Европа Борбордук банкы менен Европа өкмөттөрү ортосундагы тирешүүнү дагы күчөтөт. Евробанк валюта рыногундагы кырдаалга кийлигишүүгө мурдакыдай каршы болсо да, акыр аягында евронун асман серпип өсүүсүн токтотууга мажбур болот.

Ошондо да, кээ бир эксперттер евронун тагдыры “Ак Үй менен Алан Гринспендин колунда” дешет. Демек, АКШ “доллар ашыкча арзандап кетти” деп, аны бекемдөө үчүн чара көрмөйүнчө, евро Европа өлкөлөрүнүн товарларын кымбат кылып, экономикалык өсүүгө жолтоо боло берет.

Сапар Орозбаков, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылдын июнь айында «Кумтөралтын» долбоору боюнча келишим «Жогорку Кеңештин макулдугусуз өзгөртүлбөсүн» деген токтом кабыл алган болчу. 31-декабрда өкмөт токтом чыгарып, анда Канаданын «Камеко» корпорациясы менен 1992-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүп, аталган корпорация менен бирге «Центерра» аттуу компания түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаршемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын 3 комитети: Курулуш, жер байлыктары, транспорт жана коммуникация боюнча комитет, Бюджет жана каржы комитети, Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитет биригип, бул маселе тууралуу парламенттик талкуу өткөрүштү.

Парламенттик угууга төрагалык кылган Курулуш, кен, транспорт жана коммуникация боюнча комитеттин төрагасы Ишенбай Кадырбековдун айтымында, талкууга премьер-министр Николай Танаев чакырылган болчу. Бирок ал келген жок. Мыйзам чыгаруу жыйынынын аталган комитеттеринин атынан чыгып сүйлөгөн депутат Орозбек Дүйшеев каралып жаткан маселе боюнча буларды билдирди:

- «Кумтөр боюнча келишимге жана техникалык-экономикалык негиздемеге өзгөртүүлөр жана кошумчаларды киргизүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана киргизилсин» деп так чечим кабыл алынган. Биздин аткаруу бийлиги бул чечимди аткаруунун ордуна Жогорку Кеңешти тоотпой, эл шайлаган депутаттардын укугун тебелеп-тепсеп, 31-декабрда тымызын эч ким менен макулдашылбаган, кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбеген, мурда иштеп жаткан башкы макулдашууну жокко чыгарган инвестициялык келишимге кол койгон. Бул токтом 3 комитеттин кошмо отурумунда каралып, Конституцияны жана Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузгандык катары бааланды. Биз ушул маселени жалпы коомчулуктун кароосуна алып чыгып жатабыз.

Бул маселе боюнча өкмөттүн атынан юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул инвеcтициялык келишим эл аралык келишим эмес, чарба аралык келишим болуп саналат. Ошондуктан, өкмөт аны Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле өзү чече алат:

- Конституцияда да, эки палатанын регламентинде да Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо тууралуу маселени Жогорку Кеңеш чечет деп жазылган эмес. Кумтөр долбоору инвестициялык келишим, же жөнөкөй тил менен айтканда чарбалык келишим болуп эсептелет. Ал граждандык кодекстин эрежелери жана нормалары менен чечилиши керек.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов болсо мурдагы келишимди кайра карап чыгуу зарылчылыгын Кумтөрдүн биргелешкен ишкана учурунда салыктан бошотулуп калышы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, мурда бийликте туруп, бул маселени чечкен адамдар «Камеко» менен түзүлгөн келишимде Кумтөрдү салыктан бошотушуп, ката кетиришкен. Ал жаңы түзүлгөн келишимге ылайык «Центерра» компаниясы салыкты толугу менен төлөп, бюджетке 30 млн. доллар акча берет деп ишендирди. Бирок депутат Марат Султановдун айтымында, өкмөт өзүнүн «Камеко» менен түзгөн келишиминде салык боюнча бир нече жеңилдиктерди берип жатат. Бул болсо өкмөттүн эмес, палатанын ыйгарым укугуна кирет. Депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, өкмөт 31- декабрда «Камеко» менен түзгөн инвестициялык келишиминде жаңы түзүлгөн «Центерра» компаниясын жол салыгынан жана кошулган наркка салыктан бошотуп койгон. Парламенттик угууда бул келишимди эларалык каржы уюмдары да колдобостугугу маалым болду:

- Өкмөт «Камеко» фирмасынын сунушуна макул болуп, 31-декабрда чыгарган токтомун Дүйнөлүк банк колдобой жатат, - деди депутат Орозбек Дүйшеев.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк жаңы келишимде күмөндүү жерлер бар экендигин белгилептир. Эгерде өкмөт анда жиберген катасын оңдобосо, Париж клубу менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүү кыйындайт деп жатышат. Дүйнөлүк банк жаңы компаниянын түзүлүшү менен өкмөт айткандай тобокелчилдик азайбай эле жогорулайт деп эсептейт. Ал андан тышкары жаңы түзүлгөн «Центерра» компаниясы коомчулук үчүн ачык эмес компания болуп түзүлгөнүн белгилеп жатыптыр. Парламенттик талкууга бейөкмөт уюмдардын жана партиялардын өкүлдөрү катышып, чынында эле Кумтөрдө иштегендер өз ишин жашырышып, эч маалымат бербестигин айтышты. Алар жаңы келишимди коомдук экспертизадан өткөрө тургандыктарын билдиришти. Парламентик талкууда «Кумөрталтын» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы чыгарган токтомун жокко чыгаруу, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу, мурдагы келишимге кол койгон адамдардын күнөөсүн тактоо боюнча башкы прокуратурага тапшырма берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG