Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн ички дүң продуктка карата эсептегенде жылына 30% инвестиция зарыл. Өлкө жарды болгондуктан, мынчалык каражат ички булактардан табылбайт. Бул кемтикти чет өлкөлүк инвестициялар толтурат деген жалгыз үмүт бар. Бирок, өкмөт кандай аракет кылганы менен өлкөгө зарыл көлөмдөгү инвестиция келбей жатат.

Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев чет өлкөлүк инвестицияны тартуу аракеттери күткөн натыйжаны бербегенин жарыя кылды:

- Бизде азыр 3 көрсөткүч боюнча артта калуу бар. Анын бири -инвестициянын тартуу. Биз тикелей инвестицияны ички дүң продуктынын 30%ине жеткиришибиз зарыл. Бизде ал азыр андай эмес.

Акыркы 4-5 жылда чет өлкөлүк инвестицияларды көбөйтүү үчүн өлкөдө көп эле иштер жасалгансыйт. Президент өзүнүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүн дайындап, ага болуп көрбөгөндөй укук берген эле. Өкүлдүн алдында түзүлгөн катчылык жыл сайын Ыссыккөлдө чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен саммит өткөрүп, алардын берген сунуштарынын негизинде инвестицияларды тартуунун конкреттүү иш-планын иштеп чыгат. Инвестициялык матрицалар деген ат менен белгилүү болгон ал пландар - баардык министрликтер аткарууга милдеттүү документ.

Өткөн жылдын жайында үчүнчү саммит болуп, төртүнчү матрица иштелип чыккан болчу. Катчылыктын кызматкерлери бул матрицалар өз жемишин берип жатат деп эсептешет. Алардын ою боюнча, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы абал түзүлгөн:

- Казакстандын экономикасына салынган инвестицияны карап көрсөк, инвестициянын баары мунай иштетүү тармактарында топтолгон. Бизде болсо баардык тармактарда бар. Бул эмнени билдирет? Бул бизде инвестициялык климат жакшы экенин көрсөтүп турат, - дейт аталган катчылыктын жетекчиси Равкат Хасанов.

Ал мунун далили катары өткөн жылы өлкөгө тартылган тикелей инвестициянын көлөмү 25% өскөнүн белгилейт. Бирок, чет өлкөлүк эксперттер өлкөгө канча инвестиция келсе, ошончо инвестиция кайра кетип, анын «таза» эсептегендеги көлөмү жокко эсе экендигин айтышат. Алар Кыргызстанга инвестициянын келбей жатышынын башкы себеби - баягы эле коррупция экендигин айтышат. Аталган катчылыктын кызматкери Нуритдин Жаманкулов ал тууралуу мындай дейт:

- Коррупциянын деңгээлинин жогорулугунун айынан биз болжол менен 70% инвестицияны жоготуп жатабыз.

Жаманкуловдун айтымында, мындай жыйынтыкты Дүйнөлүк банктын изилдөөсү көрсөткөн.

Инвестициялык матрицалар пайда бербегенден кийин өкмөт совет доорундагыдай план бермей жолго өткөн. Өткөн жылы Николай Танаев инвестиция тартуу боюнча ар бир министрге жана губернаторго план салган. Николай Танаев 12-февралдагы өкмөт жыйынында анын натыйжасын сурай турган мезгил келгенин эскертти:

- Биз силер менен өткөн жылы министрлер жана губернаторлор канча инвестиция тартканы тууралуу жыл аягында отчет берет деп сүйлөшкөнбүз. Эмки селектордук кеңешмеге ушул маселени киргизгиле.

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл Кыргызстанда күн жылуу болуп, жаз эрте келчүдөй болуп жатат. Ошого байланыштуу өкмөт өзүнүн бейшемби күнкү отурумунда Aйыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин жазгы талаа иштерине даярдыгы жөнүндө маселени карап, айрым шашылыш чараларды көрүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бул маселе боюнча маалымат берген Aйыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк жыйынга катышып отурган губернаторлорду эгиндин, пахтанын жана тамекинин аянттарын кеңейтүүгө чакырды. Казакстанда кургакчылык болуп, кокус эгин аз болуп калса, каатчылык болбос үчүн буудайды өзүбүзгө жеткидей камдап алышыбыз зарыл деди министр. Анын айтымында, пахта менен тамекини болсо Орусия гарантиялуу түрдө сатып аларын билдирип жатыптыр. Муну өкмөт башчы Николай Танаев да ырыстап, прогноз боюнча пахтанын баасы жакынкы 3-4 жыл ичинде туруктуу болорун билдирди. Александр Костюктун айтымында, ошол эле мезгилде картошканын жана төө буурчактын аянтын, тескерисинче, кыскартуу зарыл:

- Мен Талас областынан ашып кетсе 10-11 миң тонна төө буурчак эгүүсүн суранар элем – деди Александр Костюк. Муну премьер-министр Николай Танаев колдоду.

Ал таластыктарды төө буурчактын ордуна соя эгүүнү сунуш кылды:

- Соя сепкиле. Бүгүнкү күнү казактар 100 миң тоннадан кем эмес соя сатып алууга
WebChO 13jazSpO Feb 04 даяр
- деди Николай Танаев.

Анын айтымында, өлкөдө иштей баштаган канаттуулар фабрикалары да сояга өтө муктаж болуп жатат. Анын үстүндө соя түшүмдүүлүгү жагынан төө буурчактан кем калышпай, баасы болсо андан бир аз жогору.

Александр Костюктун айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 180 миң гектар жерди көбүрөөк айдоого туура келет. Ошондуктан дыйкандар үчүн быйыл түйшүк арбын болот. Министр быйыл дыйкандардын үрөн менен камсыз болуусу жылдагыдан жакшыраак экендигин билдирди. Ошондой болгон менен эгиндин үрөнү 10 миң тоннага жетпейт экен. Николай Танаев аны мамлекеттик резервден бөлүү тууралуу тапшырма берди. Чоң маселе пахта үрөнү боюнча чыкчудай көрүнөт:

- Пахта үрөнү боюнча бизде катасртофалык абал түзүлүп жатат – деди Александр Костюк.

Өкмөт башчысы пахта үрөн сатып алуу үчүн Жапан грантынан 45 млн. сом бөлүү тууралуу Каржы миниситрине көрсөтмө берди. Бирок буга Болот Абильдаев жана анын орун басары Эмирлан Төрөмырзаев таптакыр каршы чыгышты:

- Президенттин визити алдында мындай кылууга болбойт. Биз ал жерден дагы акча сурайбыз да – деди Болот Абильдаев.

Анын айтымында, жапан өкмөтү кредиттердин кайтарымдуулугу 60% кем болбосун деген шарт коюп жатыптыр. Мындай талап бул гранттын эсебинен таратылып берилген техникалардын акчасы кайтарылбай калгандан улам чыккан экен. Каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев ошол себептен Жапан өкмөтү Кыргызстанга грант берүүнү токтотуп, «биздин акчаларды Өзбекстан менен Тажикстанга» берип жатат деп айтты. Бирок Николай Танаев «эмне кылсаң да жазгы талаа иштерине акча табасың» деп каржы министрин милдеттендирди. Өкмөт жыйынында быйыл да күйүүчү май жаатында кыйын болору айтылды:

- 1-марттан тартып Казакстан дизель отун берүүнү токтотот. Кечээ муну алар ырасташты – деди Николай Танаев.

Өкмөт башчынын айтымында, мунай ташып келүүчүлөргө тиешелүү көрсөтмө берилип, алар азыр дизель отун камдап жатышат. Бирок алар топтогон дизель отуну талаа иштерине жетишсиз. Николай Танаев «Казакстан бизге квота бергени жатат» деди. Ошого карабай ал 1-мартка чейин дизель күйүүчү майын көбүрөөк топтоп алууга өкмөт мүчөлөрүн үндөдү. Өкмөт башчы кандай болгон күндө күйүүчү майлардын баасы өсөрүн айтып, дыйкандарга жеңил болсун үчүн акциздик салыкты төмөндөтүү керектигин белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG