Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Экономика

Sorry! No content for 20 Февраль. See content from before

бейшемби 19 Февраль 2004

Сапар Орозбаков, Бишкек Президенттин буйругуна ылайык жаңы салык кодекси апрель айында даяр болуш керек. Азыр жумушчу комиссия жана эксперттик топ түзүлүп, алар ишке кызуу киришти. Бирок жаңы салык кодексинин негизги маселелери кандай чечилери дагы эле айкын эмес.

Жаңы «Салык кодекси» мурдагы «Салык кодексин», бөлөк-бөлөк кабыл алынган салык мыйзамдарын, салык органдары чыгарган жоболорду камтыган бирдиктүү документ болоору белгилүү болуп калды. Анткени, бул маселе боюнча жумушчу комиссиясынын жана эксперттер тобунун мүчөлөрү арасында бирдиктүү пикир бар. Бирок «Салык кодексинин» негизги маселеси болуп эсептелген салык өлчөмдөрү боюнча пикир ар кыл болууда. Башында жаңы кодекс ишкерлердин салык жүгүн азайткан кодекс болот деп айтылган болчу. Айрым адистердин пикиринде бул анын негизги өзгөчөлүгү болуп калыш керек эле. Президент да өткөн жылдын аягында өзүнүн экономикалык стратегиясы менен тааныштырып жатканда ушундай ойго негиз берген сөз айткан болчу:

- Салык саясатынын концептуалдык жобосу Кыргызстандын сервистик борбор болууга аракетин эске алууга тийиш. Бул азыркы «Салык кодексинде» таптакыр жазылган эмес. Биз муну “Cалык кодексинин” жаңы редакциясын иштеп чыга турган жумушчу топтун алдына негизги милдет катары коебуз, – деген болчу Аскар Акаев.

«Салык азайтылышы керек» деген ойду Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров көптөн бери эле айтып келет. Ал азыр аталган жумушчу комиссиянын төрага орун басары болуп дайындалды. Депутат ал оюнан дагы эле кайтпай, айрым салыктарды азайтууга үндөп келет:

- Менин оюмча, өкмөт базар экономикасынын талаптарына туура келбеген жолго салык жана өзгөчө кырдаал боюнча салык өңдүү салыктарды алып салууга барышы же азайтышы зарыл, – деди Акылбек Жапаров жаңы «Салык кодекси» боюнча болуп өткөн “тегерек столдо”.

Бирок жумушчу комиссиянын жума күнкү отурумунда Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Башор Мухападия Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүү тууралуу маселени карар алдында салыктарды азайтуу кадамына баруу максатка ылайык эмес экенин эскерткен. Ал «тышкы карызыңар көп болуп турганда салыкты азайтсаңар Париж клубунун мүчөлөрү силерди түшүнбөйт» деген. Өлкөнүн абалын түшүнгөн ишкерлер да азыр салык жеңилдеринен үмүт этпей калышты:

- Биздин эларалык милдеттенмелерибизге байланыштуу салык өлчөмдөрүн азайтуу абдан татаал жана кыйын. Ошондуктан биз азыр салык өлчөмдөрүн төмөндөткүлө деген маселени койбойбуз, – дейт Ишкерлер ассоциациялар конгрессинин аткаруу комитетинин директору Эрик Таранчиев.

Ишкерлер «салыкты азайпасаңар дагы салык кызматкерлеринин өзүмбилемдигинен бизди коргогудай жоболорду киргизип берсеңер болду эле» дешет:

- Далилдөө жүгү салык инспекторуна артылып, ал бир нерседен шектенсе же бизди бир нерсе үчүн айыптаса, алар өздөрү далилдеши зарыл. Ишкерлер такай эле актанып жүрбөгүдөй болуш керек, – дейт Эрик Таранчиев. Аны Салык боюнча кеңешчилер палатасынын төрайымы Ирина Кэмпл да колдойт. Анын айтымында, эски салык кодексинде анын жоболоруна түшүндүрмөнү Каржы министрлиги берет деп жазылып калган:

-Иш жүзүндө эмне болуп жатат? Соттор «каржы министрлигинин түшүндүрмөсүн алып келсеңер биз маселени силердин пайдаңарга чечебиз» дешет. Сот салык боюнча талаш маселе жөнүндө болуп, анын бир тарабы - салык төлөөчү, экинчи тарабы - Каржы министрлигинин алдындагы кирешелер комитети. Каржы министрлиги ишкерлердин пайдасына түшүндүрмө бермек беле?

Ошентип, март айы «Салык кодекси» боюнча талкуу менен өтөт өңдөнүп калды.

Сапар Орозбаков, Бишкек Шаршембиде премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында экономикалык саясат боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп, кеңештин мүчөлөрү тамекиге лицензия киргизүү тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин сунушун колдогон чечим кабыл алышты.

Тамекиге лицензия киргизүү маселеси өлкөдөгү талаш-тартыштуу маселелердин бири болуп эсептелет. Бир жолу, тактап айтканда, 1996-жылы анын сапатын көтөрүү максатында лицензия киргизилген болчу. Бирок айрым депутаттар «лицензия саналуу гана компанияларга берилип, алардын монополдук үсөмдүгүн жаратат экен, алар каалаган баасын коюшуп, дыйкандардын эмгегин жешет экен» деп жатышып, аны жокко чыгарууга жетишкен. Азыр «Кыргызтамекиси» акционердик коомунун демилгеси менен айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги лицензияны кайра калыбына келтирүү тууралуу сунуш киргизип жатат. Экономикалык саясат боюнча кеңештин мүчөлөрү бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюкту жана «Кыргызтамекиси» акционердик коомунун баш директору Аскарбек Эрматовду угуп көргөндөн кийин лицензияны кайра киргизүү тууралуу сунушка макул болушту.

- Лицензия киргизүүнүн максаты бирөө эле. Бизден чыккан тамеки эң жакшы технология менен бышырылып, сапаттуу болуп чыгышы зарыл. «Силер чыгарган тамеки жаман” деген арыз түшпөш керек, - дейт Аскарбек Эрматов.

Ал эми лицензияны жоюу тууралуу депутаттардын чыгарган чечими жөнүндө ал буларды билдирди:

- Мыйзам чыгаруу жыйынындагы менин кесиптештерим учурунда билбей калышты көрүнөт. Тамекинин ферментациялоонун технологиясын жакшы түшүнбөгөндөрү болду. Бирок аны жоюу туура эмес болгондугун турмуш көрсөтүп жатпайбы. 1996-2000 жылдары тамеки продукцияларын чыгаруу 10 эсе, тамекинин өзүн өндүрүү 3,5 эсе, андан бюджетке түшкөн акча 8 эсе көбөйгөн болчу. 2000-жылдан баштап кыскара баштады. Анткени жаңы пайда болгон мини- цехтер элден тамеки жыйнашып, бышыра башташты. Алардын бир-экөөсү эле болбосо, калгандары тамеки бышырганды билишпейт. Алардын тамекиси өтпөй, өздөрүнө гана эмес дыйкандарга да зыян кылып жатышат.

2000-жылы лицензия жоюлганда аны жоюу тууралуу демилге көтөрүп чыккан депутаттардын бири депутат Өмүрбек Текебаев болчу. Ага кайрылганыбызда ал лицензия киргизүүгө принцибинде каршы эмес экенин айтып, бирок тамеки өндүрүүнүн азайып кетишинде лицензиянын жоюлушунун эч кандай тиешеси жок экендигин белгилейт:

- Бул лицензияга же ферментациялоонун сапатына байланыштуу эмес. Бул - биринчи кезекте монополиялык-коррупциялык топтор кардарларды кууп, тамекинин баасын төмөндөтүп, максималдык пайда табууну көздөгөн саясаттан улам ушундай абал келип чыкты.

Эл өкүлдөр жыйынынын айыл чарба комитетинин төрагасы Самаган Маматов ага кошулуп, тамекиниге лицензия киргизүү эки жактуу маселе экендигин айтат:

- Лицензия киргизүүнүн жакшы жагы бар. Сапаттуу ферментация жасоо үчүн тиешелүү жабдуулар болуш керек. Акыркы жылдары аны көрүнгөн адамдар жасап, тамекинин сапаты начарлап кетти. Бул жагынан алып караганда лицензия киргизсе, туура эле болот эле. Бирок лицензия киргизилгенден кийин аны өз кызыкчылыктарына пайдаланууну көздөгөн адамдар да чыгат. Бул өзү - таттал маселе.

Экономикалык саясат боюнча кеңештин чечими күчкө ээ болуш үчүн ал тууралуу өкмөт токтом чыгарып, Жогорку Кеңеш болсо тиешелүү мыйзам кабыл алышы зарыл. Ошондуктан маселе азырынча биротоло чечиле элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG