Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл Кыргызстанда экономикалык өсүш жогору болуп жатат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 10 айдын ичинде өлкөнүн ички дүң продуктысы 6,8% өстү. Бирок эксперттер мындай экономикалык өсүш көпкө кармалбасын, жакын арада өлкөнү кыйынчылыктар күтүп турарын айтышууда.

Өкмөт 2005-жылдын бюджетин эсептегенде экономикалык өсүш 5% болот деп киргизген болчу. «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» аттуу программага ылайык өлкөнүн ички дүң продуктысынын өсүш темпи кийинки жылдары да ошонун тегерегинде болууга тийиш. Бирок айрым эксперттер жакынкы жылдары кыйынчылык болуп, Кыргызстандагы экономикалык өсүш кескин төмөндөшү мүмкүн деген ой айтышууда. Алар муну Кумтөр алтын кенин иштетүүнүнүн аякташы, күйүүчү майлардын кымбатташы, өлкөнүн тышкы карызынын өсүп кетиши, жакында болчу шайлоолор менен байланыштырышат. Кыйынчылыктар болорун өкмөт башчы да айтып жатат:

-2005-жылдагы ички дүң продуктысынын өсүү динамикасы боюнча менде кооптонуу бар,- деди Николай Танаев өкмөттүн шаршембиде өткөн жыйынында.

Ал Кумтөрдө алтын казуу азаярын, өкмөт планда белгиленген 5% өсүштү камсыз кылуу үчүн анын ордун башка тармактардын эсебинен толтуруу керек экендигин эскертти. Премьер-министр өзүнүн жакында өткөргөн түз эфиринде күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу импорт өсүп кетип, өлкөнүн соода балансы начарлай түшкөнүн билдирген болчу.

Бирок айрым эксперттер мунайдын баасынын өсүшү Кыргызстандын экономикасына тескери эмес, оң таасир берип жатат деп айтышууда. Мисалы, өлкөдөгү экономика темасында жазган абройлуу басылмалардын бири болуп эсептелген "АКИпресс" журналы «мунайзаттардын кымбатташы менен кошуна өлкөлөрдө экономикалык өсүш жогору болуп, ал болсо өз кезегинде Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн жогору болушуна шарт түзүп жатат» деп эсептейт:

-Бүткүл дүйнөлүк банктын баш экономисти Митро «2003-2004-жылдары Кыргызстандагы экономикалык өсүш биздин КМШдагы соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүбүздөгү экономикалык өсүшкө, биринчи кезекте күйүүчү майлардын баасынын жогорулашы менен байланыштуу» деп айткан. Мен буга кошулат элем,-деди аталган журналдын редактору Алина Сагинбаева.

Ал жакынкы жылдары экономика инерция менен кетип, ички дүң продуктын өсүш темпи көп деле төмөндөбөйт деген ойдо. Бирок 3 жылдан кийин чоң кыйынчылыктар болушу мүмкүн:

-Проблемалар 2008-жылда башталышы мүмкүн. Кумтөр биздин экономика үчүн кандай мааниге ээ экендиги белгилүү. Ал ички дүң продуктынын 10%, өнөр жайдын 40%, экспорттун жарымына жакынын түзөт. Күмтөр өзүнүн өндүрүшүн азайтса, төлөө балансында чоң диспропорциялар келип чыгат.

Алина Сагинбаева Кумтөрдүн алтыны өлкөгө түшүп жаткан валютанын жарымын берерин, ал түшпөй калса өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугуна доо кетерин белгилейт. Кыргызстан эларалык финансы уюдарынын көзүн ошондо анык карайт дейт "АКИпресс" журналынын редактору.

Бул институттар болсо, көпчүлүккө маалым болгондой, Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кетти деп, мурдагыдай акча бербей калышты. Быйыл өлкөгө келип жаткан валютанын бир булагы - Эларалык валюта корунун «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө тузүү программасы» да акырына чыкты.

Өлкөнүн каржы министрлиги болсо өлкөдө экономикалык кризис болот деген сөз ойлоп чыгарылган нерсе деп эсептейт:

-Кумтөр жөнүндө айтсам, бул долбоор кайра түзүлдү. Ал долбоор 2007-жылы бүтпөйт. Ал 2013-жылга чейин созулат. Биз өлкөнүн төлөө балансынын да, финасы секторунун да туруктуулугун ал долбоордун уланышына байланыштырып жатабыз. Эч кандай коркунуч жок. Мен бүткүл элдин алдына андай коркунуч жок деп айта алам,-деди каржы министр Болот Абилдаев, анын бул тууралуу пикирин сурап кайрылганыбызда.

Сапар Орозбаков, Бишкек Жогорку Кеңештин эки палатасы быйыл жыл ичинде өкмөттү аткарууга милдеттендирген миңге жакын токтомдорду, протоколдук тапшырмаларды, сураныч жана сунуштарды кабыл алган болчу. Шаршембиде өкмөт өзүнүн кезектеги отурумун өткөрүп, алардын аткарылышын карады.

Бул маселе жөнүндө маалымат берген өкмөт башчынын Эл өкүлдөр жыйынындагы өкүлү Бектемир Кожоевдин айтуусу боюнча депутаттардын токтомдорун, тапшырмаларын, сураныч-сунуштарын эсепке алуу жана аткаруу иштери жолго коюла баштады. Ал бул маселе өкмөттүн отурумунда 2 жолу, селектордук кеңешмелерде бир нече жолу каралгандыгын билдирди:

-Жыл башынан бери 937 сунуш айтылган. Ошонун 682 аткарылды. Башкача айтканда 73% орундалды.

Бектемир Кожоевдин айтымында, калган 27% же мөөнөтү келе элек же каражаттын жетишсиздигине байланыштуу акырындап аткарылуучу сунуштар.

Өкмөт башчы дароо аткарууга мүмкүн эмес маселелердин аткаруу мөөнөтүн аныктап, бул тууралуу депутаттарга өз убагында маалымат берип туруу зарыл экендигин эскертти.

Ал депутаттар көтөргөн маселелер министликтердин коллегияларында каралып, аларга жоопту орун басарлар эмес, министрлер өздөрү бериш керек экендигин айтты. Өкмөт өз отурумунда депутаттардын маселелерин өз убагында чечпеген чиновниктер жаза алат деген токтом кабыл алды.

Депутаттар быйыл өкмөттү аткарууга милдеттендирген 313 токтом да кабыл алышкан болчу. Эң оор маселе ушул токтомдор болуп чыкты.

Өкмөт жыйынында Эл өкүлдөр жыйынын «Кыргызтелеком», «Дастан» жана «Чакан ГЭС» тууралуу кабыл алган чечимдери тууралуу көп сөз болду. Аталган палата жакында болуп өткөн өзүнүн сессиясында «Кыргызтелекомду» сатуу боюнча өкмөт өткөргөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Бул маселе боюнча маалымат берген Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков аталган палата андай чечим кабыл алганы менен, Мыйзам чыгаруу жыйыны ага макул экендигин айтып, «Кыргызтелекомду» сатуу иштерин улантуу туура болот деген пикирин билдирди:

-Үч мыйзам бири бирине карама-каршы келип калды. Мындай учурда мыйзам иштей берет. Мурдагы сатылсын деген мыйзамдын негизинде биз иштей беребиз,-деди Равшан Жээнбеков бул тууралуу бизге.

Өкмөт башчынын айтуусуна караганда, президент жакында Германияга барганда Германиянын канцлери Герхард Шрөдерден бул маселени оң чечип берүүнү суранган. Николай Танаев депутаттардын мындай чечим кабыл алуусу аларга маалыматтын жетишпестигинен болуп жатат деп, өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин комитеттери менен тыгыз иштөөгө чакырды. Ал тендерди өткөрүүдө ачыктык жетишпей жаткандыгын кошумчалады:

-Кыргызтелекомду» сатып жаткандан кийин ал баардыгына ачык болууга тийиш. Негиздеме да талапка жооп бергидей болуш керек болчу.

Николай Танаев өзүнүн сөзүндө «Дастан» акционердик коомунун акцияларын орусиялык компанияга өткөрүп берүү тууралуу Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган чечим да туура эмес экендигин белгиледи. Ал Орусия менен түзүлгөн аскер-техникалык келишимге ылайык «Дастан» өңдүү курал-жарак чыгарган ишканаларды кимге берүү керек экендигин Орусиянын өкмөтү дайындаган оператор чечерин билдирди.

Өкмөт жыйынында айтылган сөздөргө караганда, ал өзүнүн «Кыргызтелеком», «Дастан», жана «Чакан ГЭС» боюнча чыгарган чечимдерин ишке ашырууну улантат өңдүү.

Эл өкүлдөр жыйыны аталган ишканалар боюнча чечим кабыл алганда, аны палатанын кароосуна Өнөр жайынын жана ишкерликтин стратегиялык өнүгүүсү комитети алып чыккан. Комитеттин жетекчиси Жаныш Рүстөнбековго кайрылганыбызда, ал тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгондугун, өкмөт мыйзамды сыйласа өз чечимин жокко чыгарууга тийиш экендигин айтты. Ал ошондой эле депутаттардын койгон маселелери өкмөт тарабынан жакшы чечилип жатат деген пикирге кошулбайт:

-Биздин эле комитет 16 токтом кабыл алган. Ошол 16 токтомдун бирөөнү да аткарышкан жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG