Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болду


Айбек Молдогазиев.
Айбек Молдогазиев.

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 26-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Молдогазиев ушул эле күнү тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары кызматынан бошотулду. Ал орун басар болуп 2022-жылдын февралынан тартып иштеп жаткан.

51 жаштагы Айбек Молдогазиев 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси болуп баштаган.

Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы болуп иштеген.

Андан соң министрликтеги бир катар департаменттерди жетектеген.

2017-2020-жылдары Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи болуп эмгектенген.

Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаевди кызматтан бошоткон. Аманбаев бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган болчу. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG