Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Экономика

Муса Мураталиев, Москва Жекшембиде Чилинин башкалаасы Сантьягодо Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмуна (АТОЭК) кирген өлкөлөрдүн саммити аяктады. Анын катышуучулары дүйнө мамлекеттерине өнүгүүсү ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр үчүн эркин соода системасын түзүү чакырыгын таштады. Жолугушууда ошондой эле террорчулук менен күрөшүү маселеси да талкууланды. Саммитке 21 өлкөнүн лидерлери, алардын катарында АКШ жана Орусиянын президенттери катышты. Жыйын өткөн күндөрү Сантьягодо дүйнөлүк экономиканы глобалдаштырууга каршы массалык нааразылык акциялары өтүп турду.

Бул күндөрү орусиялыктарды кулак түргүзгөн нерсе – Путиндин алыскы Чили, Бразилия өлкөлөрүнө аттанышы болду. Саясатка тийиштиги барлар Сантьягодогу саммите Москванын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүшүнө Америка колдоо көргөзсө экен деп эңсеп атышты. Андай колдоону албетте президент Жорж Буштан күтүштү.

Азия-тынч океан экономикалык кызматташтык уюмуна кошулган өлкөлөрдүн лидерлери соода-алакага тоскоолдуктарды азайтуу чаралары боюнча дүйнө мамлекеттерине кайрылуу жасашкан. Мындай чара баарыдан мурда өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөргө жөлөк болот дешет.

Айткандай эле дал ошол эки күндүк саммит учурунда Сантьягонун көчөлөрүндө экономиканы глобалдаштырууга каршы күрөш ачкандар нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматка караганда, катарына 21 мамлекет кирген АТОЭК уюмунун жетекчилери алгачкы жолу олтурум өткөрүшү экен. Бул уюмга кирген мамлекеттер жер жүзүндөгү сооданын 50 пайызын жүгүрөт экен.

Алыс сапарда жүргөн президент Владимир Путиндин жолугушууларын чагылдырып атышкан сыналгы каналдары жекшембиде анын АКШ президенти Жорж Буш менен жүздөшүүсү түшкү тамак ичүү маалында болгонун билдиришти. Кабарларды окуган Михаил Антоновдун маалымдоосунда:

- Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын өтүшүнө Буш колдоо көргөзөм деп убада кылды, - деди.

Башка булактар таркаткан маалыматтарда ошондон кийин уюмдун олтурумуна келген лидерлер да Путинге колдоо көргөзүп, бирок жеке эле Орусияны эмес, Вьетнамды да колдоого алуу таклибине келишкен.

Москва үчүн дагы бир орчундуу маселе - Жапония менен бир катар маселелерди чечүү эле. Хрущевдун тушунан бери улам кеп болуп, бирок суу кечпей келген жер талаш иши бар. Жакында орус тарап Советтер Союзу тушунда убада кылынган эки аралды Жапонияга берүү мүмкүн деп айта баштаган.

Сантьягодо Жапон премьер-министри Дзюнъитиро Коидзуми менен президент Владимир Путин жолугушуп, бирок кептери бышпай калганы айтылууда:

- Тилекке каршы, азырынча биз алдыдагы маселелерди чечүүгө жетише албадык. Бирок орусиялык тарап да, жапониялык тарап дагы ал маселелерди чечүүгө дилгир экенин көргөзүштү, - деди орусиялык лидер.

Башка булактан келген маалыматта Токио экинчи дүйнөлүк согушта олжого кеткен төрт аралын толугу менен кайтарып алмайын кепке келиши мүмкүн эмес деген пикирде турат.

Сапар Орозбаков, Бишкек Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоо боюнча түзүлгөн эксперттик топ 1,5 миң сунуш келип түшкөндүгүн билдирет. Ал азыр ошол сунуштарды берген уюмдар менен жолугушуу өткөрүп, аларды кабыл аларын же кабыл албасын чечип жатат. Топтун мүчөлөрүнүн билдиришинче салык өлчөмдөрүн төмөндөтүү, салык төлөөчүлөрдүн укугун коргоо өңдүү принципиалдуу маселелер боюнча тараптар бир пикирге келе албай жатышат.

Салык кодексинин жаңы редакциясы мурдагыдан айырмаланып коомчулуктун талкуусуна салынып жатат. Мындан пайдаланып ишкерлер көптөгөн сунуштарды беришүүдө. Эксперттик топтун билдирүүсүнө караганда баардыгы болуп 1,5 миң сунуш келип түштү. Топ азыр ошол сунуш берген уюмдар менен жолугушуу өткөрүп, алардын сунуштарын электен өткөрүп жатат. Топтун мүчөлөрү «алардын көпчүлүгү кабыл алынып, принципиалдуулары гана кийинкиге калтырылып жатат» деп айтышты. Алардын айтымында, декабрь айынын орто ченинде Салык кодексин талкулоо боюнча "Улуттук форум" өткөрүлүп, принципиалдуу сунуштардын тагдыры ошондо чечилет:

-Эгерде биз консенсуска келе албасак эмне болот? Мен "Улуттук форумда" саясий чечим чыгарылат деп ойлойм, -деди каржы министринин орун басары, Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Мурат Исмаилов.

Эксперттик топ даярдаган Салык кодексинин жаңы редакциясына карата баардыгынан көп
сунушту Салык боюнча кеңешчилер палатасы берген болчу. Ал баардыгы болуп 105 сунуш киргизген. Палатанын жетекчилери бул жолугушууларда эксперттик топ берилген сунуштардын көпчүлүгүн четке кагып жаткандыгын билдиришет:

-Биз чынында эле жолугушуп, кодекстин салыкты администрлөө жөнүндө бөлүгүн талкууладык. Тилекке каршы, анын жыйынтыгы биздин үмүттү актабай жатат. Биз берген 20 сунуштун экөөсү боюнча гана макулдашууга жетиштик, – деди аталган палатанын аткаруучу директору Ирина Кемпл.

Эксперттик топ «принципиалдуу маселелер» деп салык өлчөмдөрүн азайтууга байланышкан маселелерди эсептейт. Топтун жетекчилери пайдага салыкты жана жеке адамдардын кирешелерине салыкты 10% чейин төмөндөтүү тууралуу сунуш түшкөндүгүн, аны чечүү "Улуттук форумдун" кароосуна калтырып жаткандыгын билдиришти.

Талаш маселелердин дагы бирөөсү - жол жана өзгөчө кырдаал үчүн жыйындарга байланыштуу. Өкмөт мурда мүлккө салык киргизип, ал салык аталган эки салыктын ордуна киргизилип жаткандыгын, алар бара- бара жоюларын айткан болчу. Эксперттик топтун билдиришинче, бул салыктардын өлчөмү жакын арада төмөндөтүлбөйт:

-Азырынча биз алардын өлчөмүн төмөндөтүүгө барбайбыз. Бир долбоор бар. Биз аны акырына чейин талкуулай элекпиз. Аларды бириктирип бир салык кылышыбыз мүмкүн, –деди Мурат Исмаилов.

Өлкөнүн кыйын абалда экенин жакшы түшүнгөн ишкерлер кошулган наркка салыкты төмөндөтүп, Казакстандыкына жана Орусияныкына теңөө маселесин коюшкан эмес. Алар «аткарууга боло турган реалдуу сунуштарды бердик эле, алардын көбү четте калып жатат» дешет:

-Эксперттик топ салык жүгү мурдагыдай кала турган вариант сунуш кылып жатат. Ал гана эмес байкалбаган нерселердин эсебинен айрым жерлери боюнча салык жүгү жогорулады. Аларды адистер болбосо, ишкерлер өздөрү айрып биле алышпайт,- деди Ирина Кемпл.

Эксперттик топ Салык кодексинин жаңы редакциясы быйыл бүтпөй калгандыгын, аны келерки жылы жаңы шайланып келген парламент кабыл аларын ырасмий жарыя кылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG