Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/45937745-E8C3-488B-B9F4-DDF1E3D2E1A3_w203.jpg Бейшемби күнү кечинде премьер-министр Николай Танаев жана өкмөт мүчөлөрү Кыргыз телевидениеси жана радиосу аркылуу «түз эфир» өткөрүп, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана элдин суроолоруна жооп беришти. «Түз эфирге» биздин кабарчыбыз да катышкан.

Бул жолку түз эфир мурдагыдай КТРде эмес, өкмөт үйүндө өткөрүлдү.Өкмөт башчы Николай Танаев башында өткөн 10 айдын ичиндеги өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү жөнүндө кыскача маалымат берди. Анын айтымында, бул мезгилде ички дүң продукт 10,8% га өсүп, экономикалык өсүш эл чарбасынын баардык тармактарында байкалган. «Жыл ичинде пенсия 3 жолу, мугалимдердин айлыгы 2 жолу көтөрүлдү» деди премьер -министр. Анын билдирүүсү боюнча орточо эмгек акы 13,7% жогорулаган. Бирок өкмөт башчынын берген маалыматына караганда, калктын реалдуу кирешелери 4,7% гана өскөн. Премьер өлкөдө чечиле элек маселелер да бар экендигин айтып, биз «аларды жакшы билебиз» деди. Бирок ал бул маселерди атаган жок.

- Биздин эл алдында отчет берүүгө татыган нерселерибиз бар деп айтса болот. Жакшы кабарларыбыз бар. Ошол эле мезгилде биздин дарекке айтылган сын болсо, биз аны угуп, чара көрүүгө даярбыз. Биз баардыгы менен – оппозциядагылар менен да, оппозицияда эместер менен да кызматташууга даярбыз, – деди Николай Танаев өз сөзүн жыйынтыктап.

Өкмөт башчыга жана министрлерге берилген суроолорун жарымынына жакынын энергетикага байланыштуу маселелер түздү. Кыш жакындап келаткандыгына байланыштуу айрым теле көрүүчүлөр электр энергиясы жана газ менен камсыз кылуу маселесине кызыгышты:

- Биз жалпы өчүрүүгө тыюу салдык. Төлөбөгөндөрдүкү гана өчүрүлүшү керек. Маселе электр энергия жана газ үчүн төлөөдө турат, - деди Николай Танаев мурда айта жүргөн сөзүн кайталап. Ал эми коомчулукта кызуу талкууланып жаткан энергетика секторун менчиктештирүү жөнүндө берилген суроого, Николай Танаев «ал жеке менчикке берилсе, тариф кымттабай эле, арзандайт, менин оюма койсо, бөлүштүрүүчү компаниялардын баарын жеке менчикке өткөрүп берет элем» деди. Камбар-Ата ГЭСтерин курулушу жөнүндө премьер анын так мөөнөтүн айткан жок. Ал бул курулушка Орусиядан тышкары Казакстан да катышат деп билдирди. Өкмөт башчы кытайлыктар да Сары-Жаз дарыясына ГЭС курууга кызыгып жаткандыгын кабарлады.

Берилген суроолорго караганда, өлкөдө айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүү жаатында дагы эле кыйынчылыктар болуп жатат. Дыйкандар картошканы быйыл да сата албай жатышкандыгы айтылды. Николай Танаев өткөн жылы кыйынчылыктар болгонун билип туруп, алар картошканы 47% көп өндүргөнүнө өтө кейиди. Ал дыйкандарды айыл чарба министрлигинин сунуштарына кулак салууга чакырды. Аны сатып өткөрүү боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлуп жаткандыгын билдирип:

- Өндүрүлгөн 35-40 миң тоннасын мамлекет сатып алуу маселеси чечилип жатат –деп ишендирди айыл чарба министри Александар Костюк.

Түп районунун тургандары 2 айдан бери инсулин жок деп кайрылышты. Премьер-министр болсо «азыр өлкөдө андай маселе жок, бул жөн эле имиш болсо керек» деп шек санады. Муну Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов да ырастады:

- Бул маселе бүгүну күнү чечилди. Өкмөт бизди колдоп, каржы министрлиги 8 млн сом бөлүп берди. Ал акчалар азыр инсулин чыгарган ишканалардын эсебине барып түштү. Азыр 1,5 айга жете турган инсулин бар, – деди Миталип Мамытов.

Өкмөт башчы биз оппозиция менен иштешүүгө даярбыз деген менен өкмөткө-сын пикир дээрлик айтылган жок.Тагыраак айтканда, андай кайрылуулар окулган жок. Өкмөт мүчөлөрүнүн өздөрү да иштерине ыраазы экени байкалып турду:

- Өзгөрүүлүүлөр чоң экен. Мен үчүн бул чоң жаңылык болду. Баягы айтылып жүргөн идеялар ишке ашырылып, алдыга жылып жатыптыр, – деди социалдык маселерди тейлеген жаңы вице-премьер Токтобүбү Айтикеева.

Сапар Орозбаков, Бишкек Эл өкүлдөр жыйыны өзүнүн жакында болуп өткөн сессиясында «Жибек жолу» долбоорун, Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынан алынган кредиттердин пайдалынышын жана Борбор Азия өнүгүү банкына салынган акчалардын тагдырын иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгын карап, Улуттук банктын жетекчилеринин жана өкмөт мүчөлөрүнүн күнөөсү менен өлкө 41 млн доллар зыян тартканын белгилеген. Депутаттар буга тиешелүү адамдарды, анын ичинде Улуттук банктын азыркы төрагасы Улан Сарбановду жоопко тартуу тууралуу токтом кабыл алышкан болчу. Улан Сарбанов буга байланыштуу билдирүү жасап, депутаттардын бул чечимин шайлоо алдында өз абройун көтөрүү үчүн жасалган аракет деп баалады.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов өзүнүн билдирүүсүндө аталган долбоорлорду ишке ашырууда ошол кездеги мыйзамдар бузулбагандыгын, депутатардын бул чечими шайлоо алдындагы оюн экендигин айтты. Ал бул үчүн комиссиянын жетекчиси Болот Байкожоевди жана «Промстройбанктын» жетекчиси Муратбек Мукашевди түздөн түз күнөөлөдү:

- Билдирүү жасоонун маңызы банкир-депутаттар, так айтканда «Иссыккөлинвестбанктын» жетекчиси Болот Байкожоев жана «Промтройбанктын» жетекчиси Муратбек Мукашев тарабынан келечекке саясий индульгенция алуу үчүн аракеттер жасалып жаткандыгында турат. Бул кадимки көрүнүш. Коргоонунун жакшы жолу - чабуул коюу – деди Улан Сарбанов.

Ал улуттук банкты саясий оюндарга аралаштырууга болбой тургандыгын, ал саясаттан тышкары уюм экенин баса белгиледи. Төрага аталган депутаттардын банктарында көп кемчиликтер бар экендигин айтып, көзөмөл жүргүзүүчү орган катары Улуттук банктын аларды оңдоого багытталган аракеттери бул күчтүү банкирлердин каршылыгына такай туш болууда деп билдирди. Ал муну «кызыкчылыктардын тирешүүсү деп атады.

Улан Сарбановдун билдирүүсүнө карата Болот Байкожоевдин пикирин сураганыбызда, ал аталган комиссия ведомстволор аралык комиссия болуп, ага депутаттар гана эмес, өкмөт мүчөлөрү да киргизилгендигин, чечимди комиссия эмес, палата кабыл алгандыгын билдирди:

- Комиссия түшүнбөй менин артыман ээрчигендей алар акылдары жок адамар бекен. 36 депутатты алдап, туура эмес чечим чыгартып алгандай мен сыйкырчы болуп кетиптирминби. Сарбанов минтип айтуунун ордуна ошол 41 млн доллар жоголгон акчаны кайтарганга аракет кылса туура болот эле деп ойлойм, - деди Болот Байкожоев.

Жибек–жолу долбоорунун, Европа банкынын кредиттеринин жана Борбор Азия банкына салынган акчалардын тегерегинде чыккан чатак эски чатак. Ал долбоор ишке ашырылып жатканда Улан Сарбанов Улуттук банктын жетекчилигине келе элек болчу. Улан Сарбанов, бир жагынан, ал «өз убагында баары мыйзамдуу болгон» деп, өзүнөн мурдагы төрагаларды актоого аракет кылды. Бул, жогоруда айтылгандай, анын расмий билдирүүсүндө даана байкалып турду. Экинчи жагынан, «бул иштер мага чейин болгон, аны укук коргоо органдары териштирсин» деп, өзүн ал иштерге тиешеси жок адам катары көрсөттү:

- 1993-1997 жылдардагы эски иштерге азыркы жетекчиликти, так айтканда мени аралаштыруу, - дагы бир жолу кайталап коеюн, келечекке саясий индулгенция алуу үчүн аракет, - деди Улан Сарбанов бул тууралуу конкреттүү суроо берилгенде.

«Улан Сарбановго чейин болгон иштер үчүн палата эмне үчүн аны кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарды», деп сураганбыбызда, Болот Байкожоев ал маселени чечпей, созуп отуруп, карыз өсүп кеткендигин белгилейт:

- Сарбановдун убагында 23 млн доллар карыз 30 млн долларга чейин өстү. Ошол 7 млн доллар карыз Сарбановдун убагында болду. Эмне үчүн ал эч нерсе жасаган жок? - деди Болот Байкожоев.

Эксперттер бул жерде чынында эле Улан Сарбанов белгилеген «кызыкчылылыктардын тирешүүсү» бар экендигин белгилешет:

- Бул жерде абал таттал. Бир жагынан Сарбанов Эл өкүлдөр жыйынына, анын ичинде ошол эле Байкожоевге баш ийиш керек. Экинчи жагынан Байкожоев банкир катары Сарбановго баш иет. Бул «кызыкчылыктардын тирешүүсү» болуп эсептелет. Биз шайлоо кодексин оңдоп, чиновниктер депутат болбогондой кылмайын боло берет, – деди «МСН» гезитинин аналитиги Лариса Ли.

Палата Улуттук банктын төрагасын түздөн түз кызматтан ала албайт. Ал өзүнүн токтомунда бул жөнүндө президентке сунуш гана киргизген. Президент болсо азырынча өз оюн айта элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG