Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Экономика

Sorry! No content for 9 Ноябрь. See content from before

жекшемби 7 Ноябрь 2004

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны эмдиги жылдын бюджетин 1-окуудан өткөрүштү. Палатанын жыл аягына чукул өтчү сессиясында 2005-жылдын бюджети толугу менен кабыл алынышы күтүлүүдө. Эмдиги жылдын бюджетинин олуттуу проблемасы тышкы карыздар болууда. Париж клубуна кирген өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карыздарынын кыйласын кечип ийбесе, өлкө кыйла эле оор жагдайга кабылары турулуу иш.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен 2005-жылдын бюджет долбоору август айында эле даярдалып, негизги параметрлери аныкталып калганын парламент талкуусуна чейин эле ачыкка чыгарган:

- Биз азыр сандык көрсөткүчтөрдү тактоонун үстүндө иштеп жатабыз. 2005-жылдын бюджетинин негизги маселелери август айында эле такталып иштелип чыккан. Бюджет долбоорунун талкуусу парламенттин жогорку палатасында кандай өткөнүн телекөрсөтүүдөн көрдүм. Менин чала-моңол орусча билгеним парламентте болгон кеп-сөздү так түшүнүүгө мүмкүндүк бербеди. Бир жумадан бери парламентте жүргөн Каржы министри менен да жолугуша албадым, - деп айтты Тапио Саавалайнен.

Эларалык каржы уюмунун өкүлүнүн антип Кыргызстандын бюджетине кадыресе маани берип, көңүл буруп атышынын жөнү бар. Быйыл Кыргызстан Эларалык валюта корунун үч жылдык программасын аягына чыгарды. Дагы жаңысын түзүп чыгуу милдети турат. Анын үстүнө эмдиги жылдын март айында Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Кыргызстандын тышкы карызынын биртобун кечип жиберүү же жибербөө маселеси чечилмекчи.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашевдин ырасташынча, 2005-жылдын бюджетинин кыйла акчасы тышкы карыздарды жоюуга жумшалат:

- Бюджеттин чыгаша жагына тышкы, ички карыздарды төлөгөнгө 6 миллиард 200 миллион сом каралган. Эгерде республикалык бюджеттин кирешеси 16 миллиард 200 миллион сом болсо карыздар ошонун 37,4% түзөт. Бул социалдык бюджет болбойт деген сөз.

Муратбек Мукашев эмдиги жылдын бюджети саясий мааниге ээ дейт. Февраль айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Жыл президенттик шайлоо менен жыйынтыкталат.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана каржы маселелери боюнча комитет төрагасы Жеңишбек Эшенкулов өлкөнүн негизги экономикалык документи айрым бир алымча-кошумчалар менен жыл аягына чейин кабыл алынат, деп эсептейт. Анын айтуусунда, Кыргызстан үчүн оор проблема - коррупция, бюджет акчасын мыйзамсыз чыгымдоо, уурдап-тоноо учурларынын жыл сайын арбып баратышы болууда.

- Бюджетти бекиткен менен биз аны үнөмдөй албай жатабыз. Мамлекеттик бюджетти жеп-ичүүлөр, тоноолор, уурдоолор жылдан-жылга өсүп жатат. Аларды кайрадан мамлекеттин казынасына кайтаруу болбой жатат. Мына, эсептөө палатасынын справкасын карасаңыз. Жылдан-жылга бюджеттик мекемелерди текшерүү көбөйүп жатат. Мыйзам бузуулар да көбөйүүдө. Бирок мамлекеттин казынасына кайтарып алып келүү жок болуп атат. Көпчүлүк мыйзам бузган жетекчилер жазасыз калышууда,- дейт Жеңишбек Эшенкулов.

Муратбек Мукашев кийинки кездери мактаныч менен айтылчу экономикалык туруктуу өнүгүү ырааты өз майнабын берелек деген пикирде:

- Эгерде 1991-жылы ички дүң продукциянын бир адамга келген көлөмү Кыргызстан боюнча 3324 доллар болсо 2005-жылкы бизге көрсөтүп аткан бюджет долбоорунда ал 407 долларды түзөт. Мына ушуну эле айтса болот.

Сапар Орозбаков, Прага Акыркы күндөрү өлкөдө энергетика тармагы жөнүндө көп сөз болууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир нече депутаты «Түндүкэлектро» акционердик коомун концессияга берүү тууралуу өкмөттүн сунушуна каршы чыккандыгы жөнүндө мурда кабарлаганбыз. Бул маселе тууралуу Эл өкүлдөр жыйыны өз позициясын билдире элек. Бирок жыйын бейшемби күнү энергетика маселесине кайрылып, тармактагы ишканаларда электр энергиясын жана газды уурдоо жана ишканалардын каражатын каалагандай пайдалануу кеңири орун алгандыгын белгиледи.

Акыркы 4-5 жылдын ичинде электр энергиясынын тарифи 10 эсе өсүп, ал азыр 40 тыйындан 80 тыйынга чейинки сумманы түзүүдө. Айрым депутаттардын айтканына караганда өкмөт аны дагы көтөрүүнү караштырып жатат.

Өкмөт тарифтин өсүшүн акчанын жакшы чогулбай жаткандыгы менен түшүндүрүп келет. Ал бөлүштүрүүчү компанияларды концессияга бергенде гана акчалар толук чогулуп, тармактын абалы жакшырат деп эсептейт.

Бирок Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары «Түндүкэлектрону» концессияга берүү тууралуу сунушуна караманча каршы болуп жатышкандыктарын коомчулук жакшы билет.

Эл өкүлдөр жыйыны болсо бул маселени карай элек. Бирок бейшемби күнкү өзүнүн отурумунда палатанын депутаттары тармактагы ишканалар чыгарган продукцияны уурдоо, каражаттарды каалагандай пайдалануу кеңири орун алгандыгын, тариф ошонун негизинде жогорулап, ошого байланыштуу ишканалардын абалы начарлап жаткандыгын айтышты.

Мисалы депутат Болот Шерниязов энергетика компанияларынын жетекчилери каражат жетпей жатат деп коюшуп, электр энергиясын айрым ишканаларга арзан берип жатышкандыктарын белгиледи:

- 2003-жылы 50 млн 751 миң сомго жеңилдик берилген. Жеңилдиктер адатта согушка катышкандарга берилет. Жеңилдик берилген ишканалар – «Пинара Бишкек», «Кангелдиев–мини рынок», «Ариана-Омега» жоопкерчилиги чектелген коом жана башкалар экен. Булар Жапан согушуна катышканбы?

Бул маселе боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө келген президенттин атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев эч нерсе айта алган жок:

-Мен ал ишканаларды билем. Бирок мен аны кандай себеп менен беришкенин билбейм. Президент мени ишке алып келгенде ал менин алдыма 4 конкреттүү маселе койгон. Алар - акчаны чогултуу, дебитордук карызды азайтуу, жоготууларды жоюу жана коррупцияга каршы күрөш.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, кызматы вице-премьердик кызмат менен тең деп айтылганы менен тармакты тартипке келтирүүгө анын ыйгарым укуктары жетишпейт. Президенттин өкүлү ишканалардын финансылык иштерине кийлигишүүгө укугу жок экендигин, күнөөлүүлөрдү көрүп турса да эч кимди кызматтан ала албастыгын билдирди. Ал депутаттарды тариф көтөрүлбөйт деп ишендирди.

Энергетика тармагында уурдоолорду иликтөө боюнча мурда депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Комиссиянын төрагасы Жаныш Рүстөнбековдун айтымында, энергия компанияларынын жетекчилери ортомчу фирмалар менен биригип, жылына 2 млрд. кВтт/саат электр энергияны жашырып сатышып, түшкөн акчаны өз чөнтөктөрүнө салып алышат. Депутат бул иштер «Каен-трейдинг», «Агибаль» аттуу эч жерден каттоодон өтпөгөн жалган компаниялар аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгын айтты:

-Мисалы, Поташников деген адам директорлук кылган «Каен-трейдинг» компаниясы Флоридада каттоодон өткөн деп көрсөтүлгөн. Биз ал компанияны текшерсек, ал келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча жок болуп чыкты.

Депутат Давран Сабиров ошондой эле уурдоолор газ тармагында көп экендигин билдирди.

Көп депутаттар тармактын абалы оор болуп турса ишканалардын жетекчилери кымбат баалуу машинелерди минип жүрүшкөндүктөрүн айтып күйүп-бышты. Алардын айтымында, компаниялардын жетекчилеринин айлыгы 22 миң сомго жетет экен.

Депутат Тойгонбек Калматов энергетика сектору өзгөртүлүп кайра түзүлгөндөн кийин анда иштеген адамдар азайбай эле көбөйүп жаткандыгын билдирди:

- Мурда «Кыргызэнерго» акционердик коомунда 12 356 киши иштечү. Реструктуризациядан кийин ал 15 356 га жетти. Көрсөткүчтөрдүн баары төмөн. Жоготуулар көбөйдү. Дебитордук карыздар өндүрүлбөй жатат. Кызматкерлердин саны болсо 3 миңге өстү.

Тойгонбек Калматовдун айтымында тармактагы ишканалар өз керектөөсүнө өткөн жылы 2 млрд. сом жумшаган. А быйыл болсо алар өз чыгымдарын дагы 1 млрд. сомго көбөйткүлөрү келип жатышат.

Депутаттар президенттин өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевден канааттадырарлык жооп уга албагандыктан, бул маселени кийин премьер-министрди чакырып карашмак болушту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG