Керч кысыгында танкерлер кырсыкка учурагандан кийин деңизге куюлган мазуттан улам Орусиянын президенти федералдык деңгээлде чукул кырдаал киргизди.
Бул тууралуу аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов билдирди. Бир күн мурда Краснодар крайынын губернатору аймактык алкактагы чукул кырдаал жарыялаган.
Ага чейин, 21-декабрда кара май Крымдын жээгине жеткенде Керчте да өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.
«Свобода» радиосунун маалыматына караганда, Анапа жана Темрюк райондорунда 54 чакырым тилкеде сууну тазалоо иштери жүрүп, жээктин 190 чакырымы көзөмөлгө алынды. Тазалоо иштерине төрт миңдей куткаруучу жана ыктыярчы тартылган. Шаршемби күнкү маалымат боюнча 30 миң тонна булганган кум чогултулду.
"Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" май ташыган кемелери 15-декабрда кыйроого учураган. Негизги версия катары катуу шамал аталган.
Эл аралык Greenpeace уюмунун изилдөө лабораториясынын башчысы танкерлердеги 8 миң тонна мазут сууга куюлса, бул Кара деңиздеги чоң техногендик кырсык болуп калышы мүмкүн деп билдирген. Ал азыркыдай шартта деңизге куюлган майды чогултуу мүмкүн эмес экенин айткан. Кооптуу аймакта 10 миңдей канаттуу болушу ыктымал.
Ал эми чөгүп кеткен танкерлердеги мазут узак убакыт бою сууда калышы ыктымал. Кырсык боюнча кылмыш иш козголгон.
Шерине