Айымкыз 2-декабрда Өзбекстан парламентинин (Олий Мажлисинин) Сенаты 4-жалпы чогулушун өткөрдү. Сенаттын кезектеги сессиясында күн тартибине 26 маселе киргизилген. Алардан эң маанилүүсү 2006-жылкы мамлекеттик бюджеттин долбоору жана мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынган жана макулдук берүү үчүн Сенатка жиберилген 9 мыйзам, ошондой эле айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү маселелер.
Өзбекстандын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү, өлкөнүн кылмыш кодексине жана Өзбекстан Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам, Конституция кабыл алынышынын 13 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү, ошондой эле өлкөнүн Конституциялык жана Жогорку сот орунунун ишмердүүлүгү менен байланыштуу маселелер да кезектеги жалпы чогулуштун күн тартибине киргизилгени маалымдалды.
Өлкөнүн Каржы министринин биринчи орунбасары Бахром Ашрафхоновдун билдиришине караганда, бул жылкы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 3 триллион 353 миллиард сумдан көбүрөөк болгон. Ал эми 2006-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси дээрлик 3 триллион 992 миллиард сум болушу болжолдонууда:
-2005-жылкы мамлекеттик бюджеттин каражаттары 3 триллион 462 миллиард сумдан бир аз ашыгыраак болушу күтүлүүдө. Ал 2006-жылкы мамлекеттик бюджеттин каражаттары 4 триллион 263 миллиард сумду түзөт. 2005-2006-жылкы мамлекеттик бюджеттеги каражаттардын айырмасы 1 триллионго жакын болсо, 2005-2006-жылкы мамлекеттик бюджеттеги кирешелердин айырмасы болжол менен 600 миллиард сумду түзүп жатат. Демек, кирешеге караганда каражатта өсүү көп. 2005-жыл мамлекетте саламаттыкты сактоо жылы деп жарыяланганына байланыштуу бюджеттен жалпы 379 миллиард сум, башкача айткнада өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга артык каражат ажыратылды,- дейт Бахром Ашрафхонов.
Өзбекстандын 2006-жылкы мамлекеттик бюджетинин долбоору сенаторлор тарабынан колдоого алынды. Чогулушта эмне үчүн социалдык турмуштагы кемчиликтер жөнүндө эмес, тек гана ийгиликтер жөнүндө айтылды деген “Азаттыктын” суроосуна сенатор Эркин Жураев төмөнкүчө жооп берди:
-1-2 жылда мардикер деген аты менен жок болот деп ишеним менен айта алам. Алардын саны илгеркиге караганда бир топ азайганын байкоо кыйын эмес. Анткени, өкмөт тарабынан мардикерликти жоюу, жайларда жумуш орундарды табуу аракети көрүлүүдө.
Орусия менен Кыргызстандын соода алака-катышы өткөн жылы 420 миллион долларды түздү. Ортодогу алака-катышты жакшыртуу максатында 200 дөн ашуун келишимдерге кол коюлган. Соңку үч жылдын ичинде Кыргызстандан Орусияга товар ташып чыгаруу 2 эсеге, Орусиядан бул жакка товар ташып келүү 3 эсеге өскөн. Кыргызстан Орусияга көбүнесе айыл чарба продукцияларын жөнөтүп, өнөктөшүнөн өнөр жай товарларын, курулуш материалдарын, жабдууларды алып турат. Орусия-Кыргызстан экономикалык карым-катыш маселелери 1-декабрда Бишкекте өткөн ишкерлер жыйынында талкууланды.
Орусиянын ири капиталы Кыргызстандын өнөр жайын көтөрүүгө, асыресе энергетика тармагына 2-3 миллиард доллар инвестиция жумшоого куштар экени эки өлкө ишкерлеринин биргелешкен жыйынында байма-бай айтылды. Кыргызстан азырынча Орусияга агылган эмгек мигранттарын жөнөтүү менен чектелүүдө. Аларды кодулабай, Кыргызстандын азыркы абалына түшүнүү менен мамиле кылуу зарылдыгын Миграция жана калкты жумушту менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Досмир Өзбеков билдирди:
- Орточо эсеп менен алганда, алар жарым миллионго жакын калкты түзөт. Биздин дипломатиялык кызматтын маалыматына караганда, Орусияда жалпысынан 350 миңден ашуун кишилер эмгектенишет. Алардын азыраак бөлүгү гана расмий каттоодон өтүп ачык иштешет. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 17 миң 157 адам гана каттоодон өткөн.
Калктын өсүшү кыйла жайлап, ыкчам өнүгүп бараткан экономикасынын өктөм талабынан улам сырттан келчү жумушчу күчүнө муктаж Орусиянын ири ишкерлеринин Кыргызстанга арбын инвестиция алып келбей жатышынын себебин Орусиянын сода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Борис Пастухов мындайча түшүндүрдү:
- Ири инвестиция анча келбей жатат деген эмне? Баарысы олуттуу инвестиция жумшалчу иш тууралуу сунушка байланыштуу. Эки тарапка пайда алып келчү олуттуу инвестициялык долбоорлор керек? Мына биз Тажикстандан келдик. Ал жерде гидроэнергетиканы, аллюминий өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн 2 миллиард ашуун доллар инвестиция алып келүү ниетиндебиз. Бул оголе чоң акча. Терең ойлонулган инвестициялык сунушту бергиле, биз аны кароого даярбыз. Бул долбоордо эки тарап – биз жана силер болушубуз керек.
Орусия менен Кыргызстан ишкерлеринин жыйынында азырынча ортодогу карым-катышка тоскоол болчу жагдайлар биртоп экени белгиленди. Бажы тосмолору, темир жол акысынын кымбаттыгы, буга кошумча мыйзамдык негизде чечилбеген маселелер ишкердиктин өнүгүшүнө жолтоо болууда.
Кыргызстандын сода-өнөр жай палатасынын президенти Борис Перфильевдин ырасташынча, орусиялык биртоп ишкерлердин бул жерге келиши инвестициялык кызыкчылык жогору экенин билдирет.
- Орусия чөлкөмүндө белгилүү адамдардын, аларды биз жакшы билебиз, ишин таштап бул жерге келиши кызыкчылык бар экенин көрсөтөт. Алар бул жерден биргелешип иш жүргүзүү боюнча сунуштар менен кетишет деген үмүттөбүз.
Орусиянын ири өнөр жайлуу Свердлов облусунун Сода-өнөр жай палатасынын төрагасы Юрий Мартышкин эки өлкө ортосундагы экономикалык потенциал толук пайдаланылбай жатат деген пикирде:
- Бүгүн карым-катыш ачык болууда. Конкрет программа, аны ишке ашыруунун жолдору жана аны көзөмөлдөө сунуш кылынып жатат. Бул өзгөчө маанилүү жумуш. Программа кабыл алынгандан кийин аны аткаруу абзел. Бул ирет демилгени кыргыз тарап көтөрүүдө. Айтылгандар аткарылыш керек. Мурда мындай эмес болчу.
Орусиянын Түмөн менен Маскөө сындуу лөк чөлкөмдөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеген Свердлов облусу Кыргызстан менен кош тараптуу алака-катышты өнүктүрүү боюнча 2001-жылы эле келишим түзгөн.