Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Экономика

Кыргызстанда 2006-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулайт. Ошондой эле жаңы жылдан тарта жаңы салык кодексинин долбоору Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. Бул жөнүндө 8-декабрь күнү Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, 2006-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесине гранттарды кошуп эсептегенде 22,5 млрд сом каралган. Бул өткөн жылкыга салыштырганда 19,6% көп. Ал эми республикалык бюджеттин кирешесине 19,7 млрд сом каралды. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 3,2 млрд сомдун айланасында болот.

Келерки жылдагы республикалык бюджеттин социалдык керектөөлөр үчүн чыгашасы былтыркыга караганда 2 млрд сомго көп каралууда. Анткени көп жылдардан бери бир көрсөткүчтө кармалып турган керектөөнүн кепилдикке алынган минималдуу деңгээли 1-январдан тарта 140 сомдон 175 сомго жогорулатылат. Министрдин айтымында, бул келерки жылы жетишпеген үй-бүлөлөр үчүн төлөнүүчү жана социалдык жөлөк пулду 25%-40% чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз өкмөтүнүн бюджеттик саясаты 2006-жылы социалдык кызматкерлердин жашоосун жакшыртуу максатында, алардын айлык акыларын орточо эсеп менен 40% көтөрүүнү көздөөдө. Каржы министринин айтымында, мурунку бийлик мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акыларын гана жогорулатып, калган бюджет мекемелеринде иштеген кызматкерлерге көңүл бурбай келген:

-Музейде, китепканада, театрда, кино искусствосунда иштеген кызматкерлердин айлык акылары өтө эле аз бойдон кала берген. Ошондуктан, биз биринчи этапта бюджет тармагындагы кызматкерлер үчүн бирдей тарифтик сетка түзүүгө аракет жасп жатабыз. Мындан ары маданий кызматкерлер иштеген ишинин деңгээлине, классификациясына жана адистигине карай маяна алсын дедик.


Маалымат боюнча, 1-апрелден жана 1-июлдан тарта илим изилдөө жаатында эмгектенгендердин айлык акысы 20%-50% көбөйөт. Ал эми маданият кызматкерлерине 15-20%, мектеп жана ЖОЖ мугалимдериники 20%-50% чейин, дарыгерлердики 20% көбөйөт. Ал эми жаза аткаруу башкармалыгынын кызматкерлери айлык акылары булардан айырмаланып, жаңы жылдын 1-күнүнөн тарта эле 50% жогорулайт.

Келерки жылдын бюджетинде саламаттык сактоо тармагынын чыгашаларына көп каражат каралды. Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, келерки жылы пенсионерлер медициналык жардам алууда бир катар жеңилдиктерге жетишишет. Анын айтымында, СССР мезгилинде пенсияга чыккан карыялар ооруканага жатып дарыланууда акы төлөөдөн бошотулушат:

-Союз мезгилинде пенсияга чыккан пенсионерлер ооруканага акысыз жатып дарыланышат. Ал эми эгемендүүлүк алгандан кийинки пенсионерлер ооруканага жатып дарылануу үчүн 200 сом гана төлөшөт. Калган 450 сом бюджеттен төлөнөт.


Мамлекеттик бюджеттин көлөмү негизинен салык системасына көз каранды. Ошондуктан, салык системасын реформалоо биринчи кезекте турган маселе дейт министр. Анын айтымында, жаңы жылдан тарта жаңы салык кодексинин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталмакчы. Долбоорго ылайык, салыктын түрлөрү азайып, салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйүүгө тийиш. Министрдин айтымында, айыл чарба ишканалары кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат:

Бирок бюджет долбоорунда көрсөтүлгөн суммалар жана берилип жаткан убадаларды ишке ашырууга мамлекеттин чама-чаркы жетеби деген суроо туулбай койбойт. Бул суроо менен Жогорку кеңештин бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Улукбек Ормоновго кайрылдык. Анын айтымында, бюджет долбоору парламенте каралып жатканда дагы реалдуу жагына өзгөртүлүшү ыктымал:

-Бюдджет долбооруна депутаттар тарабынан көп сын пикирлер айтылууда. Анткени, бюджеттин жалпы көлөмү долбоордо жазылгандай социалдык жана башка тарма кызматкерлеринин айлык акыларын орточо эсеп менен 40% жогорулатууга жетпейт. Бул долбоорго дагы толуктоолор киргизилүүсү зарыл.

7-декабрь күнү Бишкекте «Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү» деп аталган жыйын болуп өттү. Жыйын эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага эл аралык банктардын, компаниялардын жетекчилери, ишкерлер, бир нече өлкөлөрдүн элчилери жана премьер-министр Ф.Кулов катышты. Анда негизинен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн жасалып жаткан иштер, чет мамлекеттик кызмат, маалымат алуунун эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз болду.

Адистердин ишениминде чет элдик инвесторлорсуз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү кыйынга тураарын мезгил өзү далилдеди. Бирок кийинки убактарда четтен келген ишкерлер Кыргызстанда кандайдыр бир иш баштоого каражат сарптоодо чочулоо менен мамиле жасай башташкан. 7-декабрда болуп өткөн жыйында буга эң биринчиден өлкөдөгү кырдаал , экинчиден коррупция, кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынып жаткан айрым укуктук-нормативдик актылардын ыңгайсыздыгы себеп болуп жаткандыгы айтылды. Кээ бир мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы чыгып жатканы Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө түздөн-түз тоскоолдук катары белгиленди.
Бирок премьер-министр өлкөнүн учурдагы кырдаалы канааттандыраарлык экендигин белгилеп, инвесторлорду Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жардам берүүгө чакырды:

-Өзүңүздөр байкагандай, кийинки убакта бизге Орусия жана Казакстандык ишкерлер тарабынан инвестиция көп келип түшө баштады. Мунун өзү эле чочулоого негиз жок экенин көрсөтүп турат. Акүйдүн алдына 2-3 киши чыгып, өкмөт башчынын отставкасын талап кылуусунан эле, Кыргызстандагы кырдаал курч деп айтууга болбойт. Бул демократиялык өлкөлөр үчүн нормалдуу көрүнүш деп ойлойм.

Ошондой эле Феликс Кулов Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жана чет элдик инвесторлорлду тартуу үчүн коррупция менен күрөшүүнүн зарылдыгын айтып, бул үчүн эң алгач сот бийлигин күчөтүү жана алардын көз карандысыздыгын арттыруунун зарылдыгын белгилеп кетти.

Бирок, Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал чет элдик ишкерлер үчүн гана эмес, жергиликтүү ишкерлер үчүн деле кооптуу болуп жаткандыгын Кыргызстандагы ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, ишкерлер үчүн түзүлгөн мыйзамдар көп оңдоолорго муктаж:

-Чет элдик ишкерлер эмес, Кыргызстандан биз деле качып кеткибиз келет кээде. Анткени чындыгында эле турмуш бир орунга түшпөй, стабилдүүлүк орун албай жатат. Бийлик дагы деле күчсүз болууда. Ишкерлик тынчтык болбогон жерде өнүкпөйт. Бүгүн жакшы жыйын болуп жатат, бирок өкмөттүн конкреттүү бир аткарган иши тууралуу бир маалымат бергенин көрө элекмин.
Ишкерлик боюнча мыйзамдардын ичинде ишкерликке тоскоолдук кылуучу мыйзамдар да толтура. Ошондуктан, мыйзам жазууда биз да катышуубуз керек.




Кыргызстандын экономикасын чөктүрүп жаткан негизги нерсе-коррупция деп айтылып, аны ооздуктоо үчүн көрүлгөн аракеттердин бири—мамлекеттик кызматка таза адистерди тартуу болуп саналат. Бул жагдайда мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Асылбек Болотбаев иш жеткиликтүү болбой жаткандыгын билдирди. Буга негизги себеп: айлык акынын аздыгы болууда. Асылбек Болотбаев өлкөнүн өнүгүшүнө жолтоо болуп жаткан фактролорлдун бири—айрым кызматкерлер менен депутаттар өздөрүнүн кирешеси тууралуу декларацияны ачык көрсөткүлөрү келбей тургандыгын да айтып кетти.

Жыйында мындан тышкары мамлекеттик органдардан маалымат алуудагы эркиндиктер тууралуу да сөз болду. Анда айтылгандай, мамлекеттик органдардын көпчүлүгү маалымат каражаттары менен иштешпейт. Айрым органдардын интернет баракчалары жок, болсо да же иштебейт же кеңири маалымат алууга мүмкүн эмес.
Бирок канчалык чочулоолор болсо да, чет элдик инвесторлор Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн инветиция берүүгө кызыкдар экендигин Европа банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Даниель Бернг билдирди:

-Кыргызстанда инвесторлор менен сүйлөшүүгө даяр болгон өкмөтүнүн бар жкендигинин өзү жакшы. Бул бүгүнкү жыйындан эле байкалды. Менимче жыйындан чет элдик инвесторлор жакшы гана таасир ала алышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG