Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Экономика

Sorry! No content for 24 Апрель. See content from before

жума 22 Апрель 2005

Кожогелди Култегин, Ош Ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга Өзбекстан гуманитардык жардам иретинде ири көлөмдөгү минералдык жер семирткич жана пахта үрөнүн жөнөткөн. Ошол гуманитардык жардам кредит түрүндө берилет экен деген сөз тарап, ага дыйкандар нааразы болуп жатышат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов Өзбекстандан жакында келген гуманитардык жардам тууралуу буларды билдирди:

- Коңшулаш Өзбекстандан келген 805 тонна, же 16 вагон пахтанын чигити үрөн катары пайдаланылат. Ошондой эле 1725 тонна, же 16 вагон үрөн минералдык азоттук жер семирткич келди. Үрөн менен жер семирткичти республикадагы айыл жана суу чарба кайра иштетүү министрлиги өзү келип Анжияндан кабыл алып, облустун аймагына өткөндөн кийин айдоо жер аянтына карата Ош, Баткен, Жалалабат облустарына бөлүп берди.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов бизге мындай маалымат берди:

- Минералдык жер семирткич Алай районуна 30 тонна, Араван районуна 65 тонна, Каракулжа районуна 50 тонна, Карасуу районуна 200 тонна, Чоңалайга 40 тонна, Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө 5 тонна, ошондо 750 тоннаны Ош облусуна бөлдүк. Чигит боюнча Ош облусуна 275 тонна берилген болсо, мунун Алай раойнунун Жаңыалай айыл өкмөтүнө 5 тонна, Араван районуна 100 тонна, ал эми Карасуу районуна 170 тонна бөлүндү.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов да Өзбекстандын гуманитардык жардамын кредит түрүндө таркатуу аракети жүрүп жаткандыгын танбайт:

- Негизинен райондук деңгээлде ошондой көрсөтмө болгон, кармап тургула деп. Эгер кыргыз өкмөтүнөн бул кредит боюнча буйрук чыкса анан көрөбүз. Азырынча бизге так көрсөтмө боло элек.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов да элге бөлүштүрүлүп коюлган минералдык жер семирткич менен чигитти эми кредит түрүндө документтештирип таратуу опол иш экендигин белгилейт:

- Дыйкандарга гуманитардык жардам болгондон кийин жакындан жардам катары таркатса жакшы болот эле. Айрыкча үрөнгө, чигитке муктаж, колунда жок дыйкандарга берсе жакшы болмок. Кредитке алганга документ түзүш керек, күрөө коюш керек, шарттары көп, механизм иштеп чыгыш керек. Убакыт талап өтө көп кылынат. Үрөндү бериш, чигит тигиштин мөөнөтүнөн кечигип калышыбыз мүмкүн.

Гуманитардык жардамды кредит түрүндө тараткан учур болгонбу деген суроого Алым Каримов төмөндөгүчө жооп берди:

- Гуманитардык жардамды кредитке, жеңилдетилген кредитке берилген учурлар болгон.

Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Немат Эргешов Өзбекстандын гуманитардык жардамынын айрым бөлүктөрү элге таратылып жиберилгендигин айтат:

- Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон атуулдарга таркатып бергенбиз. Жардам болуп келген үрөндү резервден алып төлөбөсө, элге кредитке документтерди топтоо өтө кыйын.

Ал эми дыйкан Сабыр Маккамбаев гуманитардык жардамдын кредит түрүндө таратылышын жосунсуз жорук катары эсептейт:

- Өзбекстандан келген гуманитардык жардам жардам иретинде кетиш керек да. Муну кредитке бериш мыйзамга туура келбейт. Өзбекстан укса уятыбыз чыкпайбы, - дейт Сабыр Макамбаев.

Сапар Орозбаков 21-апрелде ишкерлердин 40 ка жакын бирикмелеринин өкүлдөрү чогулуп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Ишкерлер 24-мартта болуп өткөн ыңкылап аягына чыга элек, өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн шашылыш мүнөздөгү жана алыскы келечекке багытталган иш-чаралардын тутумун иштеп чыгуу зарыл деп эсептешет.

Ишкерлердин бул форуму мурдагы салтанат жана шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн форумдардан айырмаланып, ачык жана кызуу талаш-тартыш менен өттү. Ага бийлик тараптан эч ким чакырылбаптыр. Буга нааразы болгондор да чыкты. Алар көйгөйлөрдү бири-бирибизге айтып, эч жыйынтыгы жок тарап кетебизби дешип, бул үчүн форумдун уюштуруучуларын күнөөлөштү. Бирок форумду өткөрүүчүлөр азыр ишкерлер үчүн өз алдынча сүйлөшүп, бир позиция иштеп чыгуу маанилүү экендигин белгилешти:

-Биз бүгүн ич ара териштирип алалы деп, атайын бийликсиз чогулдук -
деди форумду алып барган Корпоративдик башкаруу жана өнүгүү институнун кызматкери Эрик Таранчиев.

Анын айтымында, май айында ишкерлердин сьезди болуп, ошол жерде ишкерлердин ой-пикирлери бийлик өкүлдөрүнө жеткирилет.

Талкуу учурунда айрым ишкерлер бийликтин көзүн карап отуруп өлкөнү жана элди ушул абалга жеткирген биз өзүбүз деп, күнөөлөрүн моюнга алышты. Алар өлкөдө өсүп кеткен коррупция үчүн да өздөрүн күнөөлөштү:

-Ишкерлер өз бизнесин коргош үчүн президентке тапкан акчасынын бир бөлүгүн алып барып берип турушту. Ал болсо элдин баары байып, жыргап жатат деп ойлоп, берген акчаларды ала берди. Элди карабаган бизнесмендердин «пайдасы» ушул болду. Бир гана үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеген ишкерлер революцияга алып келди. Мына, азыр парламентте да жалаң бизнесмендер отурат. Алар Акаевдин учурунда пара берип, депутат болушкан - деди Жеке ишкерлер комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаев.

Ишкерлер өлкөдөгү абалды дагы эле кооптуу деп эсептешет:

- Элдик көтөрүлүш аягына чыга элек. Ал башка формада, башка түрдө уланып жатат. Эгерде биз аны азыр басаңдата алсак, бул биротоло өчтү дегенди билдирбейт. Ал президенттик шайлоо убагында же башка убактарда кайра жаңы күч менен дүрт этип чыгат -деди Владимир Самарский.

Ишкерлер коррупцияны жана буга чейин болуп келген жаман көрүнүштөрдү жоюу үчүн бийлик системасын өзгөртүү зарыл деп эсептешет. Алар акыркы кезде көп айтылып жаткан Конституциялык реформаны колдошорун белгилешип, ага байланыштуу түзүлчү комиссияга ишкерлердин өкүлдөрү да киргизилиши керек деген ойлорун айтышты. Бизнесмендер жаңы конституцияга жеке менчикти коргоого жана анын кол тийбестигин камсыз кылууга багытталган жоболорду киргизүү зарыл деп табышты. Буга байланыштуу алар 24-марттагы ыңкылаптан кийин болуп өткөн талап-тоноолорго жана жер басып алууга өздөрүнүн тынчсызданууларын билдиришти. Алар менчиктештирүү программасынын жыйынтыгын кайра карап чыгууга каршы экенин белгилешип, мамлекеттин колунда калган мүлктү да жеке менчикке берүүнү улантууну жана аны ачык жана адилет жүргүзүүнү бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышты.

Форумда жаңы Салык кодекси тууралуу да көп сөз болуп, ишкерлер аны кабыл албоо максатка мылайык деп чечишти:
- Бул Салык кодекси ишке киргизилсе, тетири иштейт. Бул салык кодекси көмүскө экономиканы андан ары өстүрө турган салык кодекси. Даярдалып жаткан салык кодекси ушундай -деди Туз өндүрүүчүлөр ассосациясынын төрагасы Сарпбек Эшалиев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG