Ишемби күнү Вашингтондо чогулган “Чоң Жетинин” каржы министрлери дүйнөлүк финансылык рыноктун көйгөйлөрүн талкуулашты. Биргелешкен билдирүүдө министрлер дүйнөлүк экономиканын өсүшүн жалпысынан оң баалап, ошол эле маалда мунайдын баасынын “асмандын башына жетишин” экономикалык өнүгүүгө кедерги болуп жаткан фактор катары сыпатташты.
АКШнын финансы министри Жон Сноу мунай баасынын жогорулап жатышын терс көрүнүш катары белгилөө менен кошо анын экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасирин ашыкча баалабаш керек деп ырастады:
Баалардын өсүшү менен кошо пайда болгон кыйынчылыктарга карабай, глобалдуу экономиканын өнүгүшү улана берет.
Министрлер АКШнын соода дифицитинин өсшүнө да өзгөчө көңүл бурушту. Сноу Вашингтон администрациясы бюджеттин тартыштыгын кыскартууга аракеттенип жатканын айтты. Азыркы дефицит 400 миллиард доллардан ашат.
Германиянын өкүлү Ханс Айхель Кошмо Штаттары соода дефицитин кыскартуу үчүн чет мамлекеттик, өзгөчө азиялык банктарды пайдалануу парактикасынан баш тартышы керек деп билдирди.
Ал эми британиялык министр Гордон Браун ар бир континент өзүнүн экономикалык проблемаларын өз алдынча чечип алууга даяр боушу керек деди:
Биз экономиканыны глобалдуу өсүшүн, быйылкы жылы күтүлгөн олуттуу өнүгүүнү белгиледик. Аны менен бирге экономикалык өсүштү азыркы деңгээлде кармап туруш үчүн, жетишилген стабилдүүлүктү колдон чыгырбыш үчүн ар бир континент өз салымын кошууга тийиш.
“Чоң Жетинин” өкүлдөрү ошондой эле кедей мамлекеттердин карыз маселесин да талкуулашты. Жыйындын соңунда кабыл алынган билдирүүдө карызды толугу менен кечүү максаты колдоого алынды.
Бирок министрлер АКШ жана Британия тарабынан сунуш этилген долбоордун кайсынысын тандаш керектигин чече алышкан жок.
Браун орток пикирге жетишилбегени менен карыз маселесинде чоң прогресс бар экенин белгиледи:
Карыз боюнча жардамдын кезектеги бөлүгүн кантип каржылайбыз? Эларалык валюта кору, Африка өнүгүү банкы, Дүйнөлүк Банк тарабынан берилген карыздарды кечүүнүн механизмдери кандай болот? Ушул өңдүү маселелерде алга жылуу бар деп айта алам.
Адаттагыдай эле эң өнүккөн мамлекеттердин бул жолку жолугушуусу да нааразылык акциялары менен коштолду.
Демонстранттар кедей өлкөлөргө жардамды көбөйтүүнү талап кылып, АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовицтин Дүйнөлүк банкты жетектөөгө келүүсүнө каршы ураандарды кыйкырып турушту.