Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

МАГАТЭ башчысы Ирандын жер астындагы уран байытуу жайларын кыдырды


Рафаэл Гросси (солдон экинчи) Натанзда. 2024-жылдын 15-ноябры.
Рафаэл Гросси (солдон экинчи) Натанзда. 2024-жылдын 15-ноябры.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Ирандагы сапары учурунда бул өлкөнүн уран байытылуучу негизги объектилери – жер астында жайгаштырылган Фордо жана Натанз ишканаларына барды. Бул тууралуу 15-ноябрда Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Гросси ал жакка барганы гана кабарланды, андан башка маалымат берилген жок.

Иран өзүнүн өзөктүк объектилериндеги инспекцияларды чектеп, МАГАТЭнин айрым багыттар боюнча адистерине уран байытылуучу ишканаларга кирүүсүнө тыюу салган.

АКШда бийликке кайрадан Дональд Трамп келе жатышы менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр азайышы ыктымал деген кооптонуу жаралып жаткан чакта МАГАТЭ башчысы Тегеранга 13-ноябрда барып, бир катар жолугушуларды өткөрдү жана программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө "конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк жыйынтыкка" жетишүүгө чакырган.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи МАГАТЭ менен кызматташтык "кайрат жана ак ниеттүүлүк" негизинде улана берерин убада кылып, Тегерандын өзөктүк программасы тынчтык гана максатын көздөй турганын кайталаган. Ошону менен катар Ирандын башкы дипломаты сүйлөшүүлөрдө "басым жасалбашы керектигин" белгилеген.

Батыш Иран өзүнүн өзөктүк программасын куралдануу үчүн өнүктүрүүдө деп эсептейт.

Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак.

2018-жылы АКШ ошол кездеги президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG