Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Экономика

Sorry! No content for 21 Апрель. See content from before

шаршемби 20 Апрель 2005

19-апрель күнү ЕврАзЭстин башкы катчысы Григорий Рапота Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал түшкө чейин Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Түштөн кийин Кыргызстандын премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн апкелинүүчү инвестициялар, ЕврАзЭстин үстүбүздөгү жылдын июнь айында болуучу мамлекеттер аралык кеңеши тууралуу сөз болду.

Евразия экономикалык кызматташуу уюмунун башкы катчысы Григорий Рапота түшкө чейин Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, ЕврАзЭс менен кыргыз парламентинин кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.

Түштөн кийин Евразия экономикалык кызматташуу уюмунун башкы катчысы Григорий Рапота Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев жана эларалык мамилелер боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен жолугушту.

Жолугушууга журналисттер катыштырылган жок. Бирок кийин Рапота менен Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Рапотанын айтымында, Кыргызстандагы кырдаал ЕврАзЭстин кыргыз мамлекети менен иш алып баруусуна чек коё албайт:

-Азыр Евразия экономикалык кызматташуу уюмунда бир кыйла жакшы иштер жүруп жатат. Ошондуктан мамлекеттерде болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр, шайлоолор жана башка саясий окуялар буга жолтоо болушун каалабайт элек. Буга байланыштуу Кыргызстандын жаңы бийлиги менен буга чейин жүргүзүлүп келген ишти аягына чыгаруу керек эле. Анын үстүнө инвестиция жана укук тармактары боюнча биз Кыргызстан менен чогуу алып бара турган иштер бар.

Григорий Рапота эмки жумада Алматы шаарында ЕврАзЭстин туруктуу өкүлдөрүнүн комиссиясы өтөрүн, ал эми үстүбүздөгү жылдын жай айларында мамлекет башчыларынын катышуусу менен ЕврАзЭстин мамлекеттер аралык кеңеши болору тууралуу да кабарлап кетти.

Жолугушуу мезгилинде мындан тышкары Кыргызстанга тартылуучу инвестициялардын айланасында да сөз болгон. Евразия экономикалык кызматташуу уюмунун башкы катчысы белгилеп өткөндөй, 2003-жылы түзүлгөн келишим боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын суу-энергетика ресурстарын чогуу өздөштүрүү, Уралдагы тоо-кен компаниясы аркылуу Кыргызстандагы пайдалуу кендерди иштетүү жана Ысыккөлгө эларалык аба майданын куруу тууралуу маселелер аягына чыкмакчы:

-Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү - өзгөчө ушундай принципиалдуу, негизги тармактар боюнча--бул биринчиден мамлекеттин өнүгүшү, өлкөнүн тынчтыгын бекемдөө жана демократиялык институттардын кызматташуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Анын сөзүн Адахан Мадумаров кубаттады. Анын айтымында, ортодогу кызматташуу уланат:

-Бүгүнкү жолугушуунун Кыргызстан үчүн өтө чоң мааниси бар. Биринчиден, буга чейин инвесторлор келбейт деп коркутуп келишкен, тескерисинче кыргыз мамлекетине инвесторлордун кызыгуусу күчөп жатат. Бир топ кызыктуу долбоорлорду эмне себептен ушул мезгилге чейин кыргыз өкмөтү аны алга жылдырбай келгени түшүнүксүз. Эми мындан аркы кызматташууда алардын баарын ишке ашырууга аракет кылабыз. Бул долбоорлордун ичинен эң алгач Ысыккөлдөгү эларалык аба майданын куруу, Терексай алтын кенин иштетүү, Макмал алтын кенинин кубаттуулугун көбөйтүү, Жерүй кени жана Кайыңдыдагы кабель заводун ишке киргизүү боюнча долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Адахан Мадумаровдун сөзү боюнча келишимдерди ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлмакчы:

-Келишимдерди түзүп жатканда жана ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетпей тургандай кылып иш алып баруубуз керек. Бул талаптарды ЕврАзЭстин өкүлдөрү да түшүнүү менен кабыл алышты.

Евразия экономикалык кызматташуу уюму 2000-жылы бажы биримдигин, бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү, уюмга баш кошкон мамлекеттердин дүйнөлүк экономикага жана эларалык соода системасына кирүү жараяндарын өнүктүрүү максатында түзүлүп, анын курамына Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан киришет.

Төрөкул Дооров, Прага Дүйнөлүк банк Жакынкы Чыгыштагы экономикалык өсүштөр тууралуу докладын жарыялады. Анда айтылгандарга ылайык, соңку жылдарда мунайга, күйүүчү майга болгон баанын кескин өсүшү Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин экономикасынын дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Анткен менен бу өлкөлөр батыл экономикалык реформаларды жүргүзө албай келатышат.

Дүйнөлүк банк бул докладында Мароккодон тарта Иранга чейинки аймакта жайгашкан мамлекеттер өздөрүнүн экономикасында мамлекеттин ролун чектөөлөрү зарыл экенин айтты.

Дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта корунун өткөн жекшембидеги биргелешкен жыйынында жарыяланган докладда “акыркы эки жылдан бери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринин экономикаларындагы өсүш 5,6% түзгөндүгү” кабарланган. Бул соңку он жылдыктагы өтө жогору көрсөткүч.

Айрым мамлекеттер мунай баасы дүркүрөп өскөн убакта өздөрүндөгү соода-сатыкты чектеген барьерди кыскартып, жумушсуздукту жоюу аракетин көрүшүүдө. Анткен менен, аларда бизнести туура жолго коюп, аны өнүктүрүүгө жакшы далалат жасай алышкан жок.

Жакынкы Чыгыш боюнча Дүйнөлүк банктын адиси Мустафа Набли “мамлекеттик башкарууну жалпы коомдук жоопкерчилик катарында таанууда мунайга бай Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр дүйнө боюнча баары бир артта калып калышууда”, дейт.

- Мамлекеттик башкаруунун көрсөткүчтөрүндө бул жаатта прогресс өтө эле аз болуп жатат. Бул реформалардагы өсүштүн же жалпысынан алганда, структуралык реформаларды жакшыртууда өтө маанилүү нерсе. Анткени, структуралык реформаларда өнүгүү жок болсо узак мөөнөткө эсептелген экономикалык ийгиликтер жаралышы күмөн, - дейт Дүйнөлүк банктын Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Мустафа Набли.

Банктын экономисттери региондогу калктын тездик менен өсүшүн эске алып, мунайдан түшкөн кирешенин эсебинен башка секторлордун кеңейтилиши ал мамлекеттерде алдыдагы 20 жылда пайда болуучу 100 миллион жумуш ордун камсыз кылууга жетерин айтышууда.

Андыктан Дүйнөлүк банк эларалык тажрыйбага кайрылып көрүүнү сунуш кылат. Ага ылайык, структуралык реформаларды жүргүзүү иши өздөрүндө “өзгөрүүлөрдү жактаган коалициялары” бар өлкөлөрдө жакшы тушмушка ашкан. Бирок Наблинин айтымында, атуулдук коом өңдүү “өзгөрүүлөрдү жактаган коалициялар” казынасын мунайдан түшкөн киреше аркылуу толтуруп турган мамлекеттерде жакшы иштебейт. Бул да эларалык тажрыйбадан жакшы маалым.

- Биз мунайдан түшүп жаткан кирешени “мамлекеттик казынанын жумшак чектөөчүсү” деп атадык жана ал структуралык реформа үчүн, өзгөчө шайлоо системасында реформаларды жүргүзүү ишинде пайдасы аз, - дейт Дүйнөлүк Банктын өкүлү Мустафа Набли.

Дүйнөлүк банк өзүнүн докладында Иранды “реформаларды жүргүзүүгө дилгирлиги төмөндөп бараткан мамлекет” катарында көрсөттү. Анда айтылгандай, Иран соода тармагында жана каржы секторундагы реформаларда айрым жетишкендиктерди көрсөткөнү менен, акыркы эки жыл ичинде бул жааттардагы өсүш да кескин төмөндөп кеткен.

Докладда экономикадагы ийгиликтер бизнес чөйрөнүн эркиндиги жана мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилиши менен бышыкталышы зарыл экени айтылат.

Доклад авторлорунун бири Женнифер Келлердин ырасташынча, экономикадагы аракеттер коомдук көзөмөл менен жуурулушканда гана, өлкөдө ачык дебаттар болуп турса гана реформаларда ийгиликтер жаралат.

- Адамдар белгилүү бир укуктарга ээ болуулары керек. Алар маалымат алууга, коалиция түзүүгө, өзгөртүүлөрдү жаратууга мүмкүнчүлүк алуулары зарыл. Реформаларды баштап, аларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн башкаруу тармагындагы өзгөрүүлөрдүн болушу керек, - дейт Келлер айым.

Банктын докладында Иракта Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу да сөз козголду. Андан бери Иракта жумушсуздук жогорулап, жакырчылык кеңири жайылып кеткен. Бул көрүнүштөргө каршы социалдык жардам берүү сектору күчүн жоготуп, буга өлкөдөгү жалпы эле коопсуздуктун начардыгы да себеп болуп жатканы айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG