Борбор Азия лидерлеринин 2023-жылдагы дипломатиялык жадыбалы интенсивдүү болуп, бийик деңгээлдеги жолугушуулар көнүмүшкө айланды. Беш мамлекеттин жетекчилери Орусиянын, Кытайдын, Евробиримдиктин лидерлери, Араб өлкөлөрүнүн башчылары, АКШ президенти, Германиянын канцлери менен жолукту. Борбор Азияны кимдер жана кандай максатта бооруна тарткысы келет? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.
Борбор Азия
бейшемби 28 Декабрь 2023
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жакындары акция өткөрдү. Шаардык сот абактагы 11 адамды камакта калтырды. Түркияда токойдо көмүлгөн кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы кабарланды. Кылмышка шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Казакстанда бороон жүздөгөн айыл-кыштакты электр жарыксыз калтырды. Суукта калып, дайынсыз болуп жаткан эки кишинин сөөгү табылды.