Астана мамлекеттик бюджеттен төрт млрд теңгени (тогуз млн доллар) соңку жылдары орусиялык каналдын берүүлөрүн сатып алууга жумшаган. Орусиялык "Биринчи каналдын" берүүлөрүн “Казакстан” телеканалы эң көп сатып алган. Серепчилер казак өкмөтүнүн “Кремлдин пропагандасын” жайылтууга миллиондогон теңге жумшап жатканы түшүнүксүз жагдай жаратарын белгилешет.
Борбор Азия
шаршемби 29 Ноябрь 2023
Оштун Кара-Суу базарындагы соодагерлер салык саясатына нааразылык билдирип чыгышты. Алар көзөмөл кассалык апаратты иштетүүгө жана электрондук эсеп-фактураны толтурууга каршы. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү дрондордун ири чабуулунун мизин кайтарды. Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлгөнүн мэр Собянин билдирди. Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Коомчулукта тууга байланыштуу талкуу күчөдү.