Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Пхеньян баллистикалык ракета сынаганын жарыялады


Түндүк Кореянын лидери жаңы баллистикалык ракетанын сыноодон өткөрүлүшүн карап турат. 19-сентябрь, 2024-жыл.
Түндүк Кореянын лидери жаңы баллистикалык ракетанын сыноодон өткөрүлүшүн карап турат. 19-сентябрь, 2024-жыл.

Түндүк Корея заманбап, континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнүн 31-октябрда жарыялады. Өлкө лидери Ким Чен Ын аны "душмандарга жооп" деп атаганын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Түштүк Кореянын штаб жетекчилеринин биргелешкен командачылыгы билдиргендей, 31-октябрдын таңында учурулган ракета Хоккайдодон (Жапония) 200 чакырым алыстыктагы деңизге түшкөн. Жапониянын Коргоо министрлиги ракета миң метр бийиктикте 85 мүнөттөй учканын кабарлады.

Токио менен Вашингтон Пхеньяндын бул кадамын айыпташты, ал эми Түштүк Корея коңшусуна жаңы санкция киргизүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Ракеталык сыноонун алдында эле АКШ менен Түштүк Кореянын коргоо министрлери Пхеньянды Орусиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышкан.

Түндүк Корея Орусияга аскерлерин жибергенин расмий мойнуна ала элек. Анткен менен өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары мындай кадам ташталса, мыйзамга шайкеш келерин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Пхеньянга баллистикалык технологияны колдонуу менен сыноолорду өткөрүүгө тыюу салган. Ким тескерисинче быйыл мындай өңүттөгү сыноолорду күчөттү. Талдоочулар ал ракеталарды Орусияга жеткирүү алдында сынап жатышы мүмкүн экенин болжолдойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG