Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34

Президент өлкөдө кылмыштуулук 50% азайганын билдирди


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып, төрт жыл ичинде өлкөдөгү кылмыштуулук 50% төмөндөгөнүн билдирди.

“Өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө. Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат”, - деди президент.

Президент соңку жылдары Ички иштер министрлигине жакшы шарт түзүлүп, материалдык-техникалык базасы заманбап жабдыктар менен камсыздалып, милиционерлердин айлыгы жогорулап жатканын кошумчалады.

Президент кылмыштуулуктун азайганы боюнча жылдардын статистикасын айткан жок. 2024-жылы январь айындагы Башкы прокуратуранын маалыматында, 2023-жылы өлкө боюнча 41 961 кылмыш катталганы, алардын 4968и оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирери маалымдалган. Кылмыштуулук 2022-жылга салыштырмалуу 7% азайганы айтылган.

Аналитикалык Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук индекси боюнча 54 көрсөткүч менен 41-орунду ээлеген. Коопсуз өлкө индексинин көрсөткүчү 46 деп турат. 2023-жылы Кыргызстан бул порталдын индексинде 31-орунда болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG