Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору 24,01 чакырымды макулдашты. Натыйжада соңку бир жылда такталган тилкелер 100 чакырымдан ашты.
Мунун алдында Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов “чек ара боюнча соңку чечимге жакындашканын” билдиришкен. Анда ошондой эле эки өлкөнүн бири-биринин аймагында жайгашкан объектилери жана Ворух анклавына жол тууралуу да сөз болгон.
Соңку жолугушуунун баяны
Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасын тактоодогу соңку жетишкендиктер жөнүндө маалыматты 5-декабрда өз сайтында жарыялады. Маалыматта айтылгандай, тиешелүү топтордун соңку жолугушуулары Тажикстандын аймагында болду.
“Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Согд облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы жолугушуунун жыйынтыгында “тиешелүү протоколго кол коюлганын, жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнүн” да кошумчалады. Чек аранын калган тилкелери боюнча жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында уланары белгилүү болду.
Бустон шаарындагы жолугушуулардын 1-декабрдагы отурумуна Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов да катышкан. Алар өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.
Мунун артынан эле Кыргызстандын Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен Тажикстандын мамлекеттик “Тоҷикистон” телеканалы Ташиевдин жана Ятимовдун биргелешкен кайрылуусун жарыялашты.
Кыска билдирүүдө Камчыбек Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын айтты:
“Биз жаңы кабыл алган чечимдер биздин мамлекеттердин чек ара боюнча негизги маселелердин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Кийинки жолугушуу Баткенде өтөт. Ал жакта да чечимдер кабыл алынат, жумушчу топторубуз тынымсыз иштешет. Ошондуктан мен жалпы чечимге жакындадык деп ойлойм”, – деди Ташиев.
Саймумин Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин кеп кылды. Экинчи маселе эки мамлекеттин бири-биринин аймагындагы объектилер боюнча экенин кошумчалады.
“Кыргызстанга Тажикстандын аймагында жайгашкан объектилерин пайдаланууга уруксат берилет, бирок жер Тажикстандыкы бойдон калат. Ушундай эле принцип Тажикстан үчүн анын Кыргызстандын аймагындагы объектилерине да тиешелүү болот”, – деди Тажикстандын атайын кызматынын башчысы.
Ятимов да тараптар чек араны аныктоо боюнча негизги маселени чечүүгө жакындашканын ырастап, калган талаштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланарын белгиледи.
Бирок Ворух-Кожалы жолу кандай болуп чечилгени жана Ятимов айтып жаткан кайсы обьекттер экени азырынча белгисиз болуп турат.
Талаштуу тилкелердин тагдыры
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Салыштырмалуу так сан катары 972 чакырым узундук аталып жүрөт.
СССР тарап, эки өлкө тең эгемендик алган соң Тажикстан жарандык согушка кептелип, натыйжада ортодогу чек араны тактоо иштери кечеңдеп отурган. Ошентип, бул жааттагы жумуштар 2002-жылы башталган. 2020-жылдарга чейин тилкенин 519 чакырымы такталганы расмий кабарланган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган. Мындан биз 2020-2022-жылдары 145 чакырым такталганын билип жатабыз.
Ошентип, былтыр апрелге карата тактала элек линиянын көлөмү 308 чакырым болчу. Ошондон бери топографиялык жумушчу топтор тынымсыз жолугуп жатканы менен анын ар биринде канча тилке макулдашылганы кабарланып жаткан жок, кээлеринде гана айтылып турду.
Демек, кыргыз өкмөтүнүн сайтында жарыяланган маалыматтардын негизинде алсак, былтыр апрелден бери кеминде 116,95 чакырым макулдашылды. (2022-жылдын 6-декабры – 17,66 км, 2023-жылдын 8-октябры – 43,32 км, 2023-жылдын 18-октябры – 13,98 км, 2023-жылдын 8-ноябры – 17,98 км, 2023-жылдын 5-декабры – 24,01 чакырым). Бул деген дагы 192 чакырым боюнча орток пикир табыла элек дегенди түшүндүрөт. Балким, жарыялана элек маалыматтарды эске алганда сан мындан да азыраак болушу мүмкүн.
Чек ара боюнча адис Жумали Адилбаев буларга токтолду:
“Менин баамымда, эки президенттин ортосунда саясий өз ара түшүнүшүү болду окшойт. Бул абдан маанилүү нерсе жана так ошого келишкени чек араны тактоону алга жылдырды. Анткени алар дүйнөдөгү кырдаалды, анын ичинде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды, Жакынкы Чыгыштагы окуяны, Ооганстандагы кырдаалды түшүнүп, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги эртерээк ымалага келүүнү тандашты. Башка маселе, былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери менен жолуккан. Ошол маалда ал, “бизде дагы жаңы карталар бар, ортомчу болуп берели” деп, жыландын башын чыгарып койгон эле. Кээ бирлер бул жөн эле айтылган сөз го деп ойлошот, бирок мен антип ойлобойм. Анткени, Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын колониясы болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Менимче, ошол айтылгандай Москвадан да жаңы документтер табылган окшойт. Бул да чек араны тездетүүгө салым кошкон сыяктуу”.
Адистердин маалымдашынча, чек арадагы тактала элек жерлер негизинен буга чейин талаштуу тилкелер. Мындагы эки чоң маселе Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы жерлерге байланыштуу.
Биринчиси, Тажикстандын негизги аймагынан Ворух анлавына өтүп кетип жаткан жердеги кесилиш – Төрт-Көчө. Бишкек бул жер Кыргызстандын жери экенин билдирсе, расмий Дүйшөмбү аны өзүнүкү деп эсептейт.
Бул маселенин татаалданышына 2009-жылкы чек ара боюнча протокол да себеп болуп жатат. Тагыраагы ал маалда Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол коюшкан. Тажик бийлиги так ушуну бетке кармап келет.
Бирок Кыргызстандын бийлиги бул протоколду мыйзамсыз кабыл алынган документ деп эсептейт. Азыркы бийлик муну үчүн парламент депутаты, ошол маалда Коопсуздук кеңешинин катчысы катары кол койгон Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоп, камакка алды. Мадумаров өзү ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келген.
Экинчиси маселе да так ошол, Ворух анклавынан Тажикстандын Кожалы айылына чейинки жерлер. Тажик тарап буга чейин мындагы Кыргызстандын Ак-Сай айылынын ичи аркылуу өтүп келсе, мындан ары аталган айылды айланып өткөн жол кургусу келип жүрөт. Бишкек ага уруксат бербей келген.
Бирок жогоруда айтылгандай, Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов Ташиев менен жолуккан соң Ворух-Кожалы жолу да дээрлик чечилгенин кабарлап жатат.
Бул жерлер кантип чечилиши мүмкүн? Баткен районунун мурдагы акими, чек ара маселелерин изилдеп жүргөн Хаитали Айкынов буга байланыштуу ойлорун ортого салды:
“Азырынча макулдашылган тилкелер жөнүндө жарандарда ачык-айкын маалымат жок. Бирок ушинтип тездик менен такталып жатканы жакшы нерсе. Мен билгенден тиешелүү комиссиялардын башчылары “жыл аягына чейин тактап бүтөбүз” дегендей кылып жатышкан экен, ошондой эле болсун. Бирок сүйлөшүүлөр баары бир кыйын абалда жүрүп жатканын эшиттим. Ар бир тилкеде, айрыкча шахматтык формада жашашка, жолду аркы-берки бети болуп жашап калган жерлерди тактоо өтө татаал. Билишимче, мурдараак эки жолку жолугууда эч кандай жыйынтык болгон эмес. Ошол эле Төрт-Көчө боюнча эл арасында “эстакадалык көпүрө куруу аркылуу чечилет экен” деген сөз чыгып жатат. Башкача айтканда, көпүрө курулуп астынан бир тарап, үстүнөн бир тарап өтүп, каттоо кесилишпей тургандай болот деп уктук. Бирок ал жөнүндө расмий маалымат жок. Азыр Төрт-Көчөдө жол чырагы коюлган. Анда Ворухтан Тажикстанга өтчү жол негизги жол болуп, Баткенден Лейлекке жана Сүлүктүгө өтчү жол экинчи деңгээлде болуп көрсөтүлүп калган. Берки Көк-Таш айылынан дарыянын үстү жагынан да көпүрө курулуп, Кыргызстандын жолу менен Тажикстандын жолу кесилишпей өтүп кетсе деген да ойлор бар экен. Бирок бул жөнүндө да ырасталган маалымат ала элекпиз. Канткен күндө да, жергиликтүү эл бир метр жер жылса дагы ошого сүйүнүп, “чек араны тактоо эртерээк бүтүп калса, тынчтыкка эртерээк келсек экен” деп эле отурушат”.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки коңшу 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.
Чек араларды тактоо иштери так мына ушул окуялардан соң тездеди. Ага чейинки жылдары тараптар делимитация жана демаркация иштерин ар кандай себептерден улам созуп келишчү. Анын ичинде карталарга байланыштуу пикир келишпестиктер бар.
Тажик бийлиги чек арадагы такталбаган тилкелерди 1924-1927-жылкы карталардын негизинде чечүү позициясын карманып келген. Расмий Дүйшөмбү ал маалда Ворух андагы Кожент облусунун, азыркы Согд облусунун курамында турганын белгилеп, ал анклав болгон эмес деген жүйөнү айтчу.
Тарыхый булактар көрсөткөндөй, ал учурда Кожент облусу өзү Өзбек ССРинин курамында болгон. Ошол эле маалда азыркы Тажикстандын Жерге-Тал менен Мургаб аймактары Кыргыз АССРине карап турган. 1929-жылы өз алдынча Тажик ССРи болуп түзүлгөн маалда ага Согд облусу менен Жерге-Тал менен Мургаб аймактары кошулуп берилген.
Так ушул жагдайлардан улам Кыргызстандын бийлиги 1924-1927-жылдардагы документтердин “укуктук күчү жок” деп эсептейт. Расмий Бишкек ошол себептүү талаштарды андан кийинки карталар менен чечүүнү сунуштаган.
Тагыраагы кыргыз тарап 1956-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылкы документтерге жана карталарга таянат. Себеби, бул жылдары түзүлгөн карталарды паритеттик, же эки тараптан тең куралган комиссиялар чийген. Такталбаган жерлерди эске албаганда бул карталарда иш жүзүндө азыркы ээлеп турган аймактар бекитилген.