Соңку бир нече айдан бери Орусияда мигранттарга каршы тинтүү күч алды. Аларды базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жапырт кармап жатат. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандарга дароо армияга чакыруу тапшырууда.
Мигранттар үчүн орус жарандыгы эми артыкчылык эмес, коркунучка айланды.
"Эшигибизге аскерге чакырууну кыпчытып кетиптир"
Бехруз 35 жашта. Акча иштеп табуу үчүн Тажикстандан Орусияга келгенине жети жыл болду. Бул убакыт аралыгында ал Санкт-Петербургда жашап, курулуш тармагында иштеп келген. Эми ал Украинадагы согушка айдалып кетүүдөн коркуп, мекенине кайтууга камынууда.
Орусия кошуна мамлекетке согуш ачкандан жарым жыл мурда Бехруз бардык мигранттар кыялданган орус паспортун алган. Бир нече күн мурда Бехруздун үйүнө аскерге чакыруу калтырып кетишкен. Бехруздун агасы ага чалып, дароо бул тууралуу эскерткен.
"Эшигибизге кыпчытып кетишиптир. Ишимди бүткөрүп коюп эле кетем. Балким, бул же кийинки жумада. Мен эч кандай согушка катышкым келбейт. Мындай жашоодон дагы тажадым. Метрого бараткан сайын кимдир бирөө күтүп турабы деп коркосуң. Андан ары ишке же аскердик комиссариатка барып каларыңды да билбейсиң. Мындан улам ар дайым стрессте жүрөсүң. Мен бул жакка өлүш үчүн эмес, иштегени, жашаганы келгем", - дейт Бехруз.
Орусиянын жарандыгын Бехруз "мыйзамга ылайык", эч кимге пара бербей, алдабай алганын айтат. Анын айтымында, мындай болорун билгенде орус паспортун алмак эмес. Мурда аны мекенине караганда көбүрөөк акча таап алуу мүмкүнчүлүгү кармап келсе, азыр бул аргумент чечүүчү болбой калды. Бехруздун пикиринде, согушка барууну каалабагандыктан, мекенине кайткан борбор азиялыктардын көптүгү таңкалычтуу эмес.
"Буга чейин "мигранттар жарандык алгандан кийин, эми ал үчүн иштеп берсин" деп айткандарын көп эле уктум. Бирок орустардын өздөрү бул согушка баргысы келбесе, биз эмнеге барышыбыз керек? Мен ал жакта эмне кылам? Бизде деле Телеграм бар, согушта эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Ал жакка кантип адамдарды айдап барып, алардын тагдыры кандай болуп жатканын угуп жатабыз", - дейт Бехруз.
"Жалгыз гана Путиндики туура"
Бехруздун айтымында, Орусияда ар кандай кырдаалдарды башынан өткөргөн. Кимдир бирөө аны мазактап, келеке кылган учурлар болгон. Бирок ал жалпысынан орусиялыктар ага жакшы эле мамиле кылып келгенин айтууда.
"Өзүңдү кандай алып жүрсөң, сага ошондой эле мамиле жасашат. Ооба, мигранттар уурдап-тоноп, киши өлтүргөн учурлар болот. Эмне, жергиликтүүлөр андайга барышпайбы? Болгону мигрант мындай кылмыш кылса, кыжырдануу күч. Бул нерсени өзгөртүү кыйын. Тилди жакшы билип алгандан кийин жашоо жеңилдей түшөт экен. Ал эми мен иштешкен орус балдардын баары сонун. Алар мени Бэха деп коюшат. Ошентсе дагы паспорт текшерип жатканда, сенин келбетиң славян эмес болгону үчүн дароо баса калышат", - дейт Бехруз.
Ал согуш аяктаса да Орусияга келгиси жок. Кийин акча табуу үчүн Европага барууну көздөп турат. 2022-жылдын 24-февралына чейин орус саясатына көп кызыкчу эмес. Бирок азыр эркиндик жагынан алганда Орусия Тажикстанга окшошуп калганын айтууда.
"Орусияда азыр биздикиндей эле, эгер Путинди сөксөң түрмөгө отуруп калышың мүмкүн. Жалгыз гана аныкы туура жана ал биздин Рахмондой эле "улуу". Мен жаңы келген жылдары мындай эмес болсо керек эле. Азыр Тажикстандан айырмаланбайт деле. Керек болсо андан дагы жаман го. Азыр бизде жок деген согуш жок. Мага согушка барууну мурда эле сунушташкан. Болгон аскерге жолдомо келе элек болчу. Бирок телефондон кимдир бирөөлөр чалып келишим аркылуу армияда кызмат өтөөнү сунушташкан. Мен алар менен сүйлөшкөн дагы эмесмин. Анткени мунун баарынын эч кызыгы жок эле".
Бехруз азыр аман-эсен чек арадан чыгып кетүүнү гана ойлоп жатат. Орусия менен Тажикстан ортосундагы кош жарандуулук тууралуу макулдашууга ылайык, Бехруз сыяктуу тажикстандыктар өз мекенинде аскерде кызмат өтөсө, Орусиянын жарандыгын алар замат резервдегилердин катарын толуктайт.
Тажикстанда туулуп-өсүп, кийинки жылдары Москвада такси айдап келген 43 жаштагы Назрулло Жунайдов согушка айдалып, 10-ноябрда Донецк облусунун аймагында окко учканы кабарланды. Анын жакындарынын бири "Озоди" радиосуна айтканына караганда, Назрулло Орусиянын жарандыгын 25 жыл мурда алып, тажик паспортунан баш тарткан.
"Назрулло "Яндекс-таксиде" иштечү. Ал армияга жолдомо алгандан кийин эле согушка барууну сунушташкан. Эгер баш тартса, камап салышарын эскерткен. Ал баш ийүүгө аргасыз болгон", - деген маркумдун тууганы.
Орус бийлиги Назруллонун эки никеден төрөлгөн үч баласына акчалай жардам көрсөтүүнү убада кылышкан. Андан мурда ушундай эле убада Украинада өлгөн башка тажикстандарга да берилген. Бирок журналисттердин эсебинде алар эч кандай акчалай жардам алышкан эмес.
"Эки жүз доллар" жана паспорт
Пандемия башталган 2020-жылды эске албаганда, 2023-жылга чейин Орусияда жыл сайын эмгек мигранттарынын саны өсүп турган. Былтыр рекорддук көрсөткүчкө жетип, Орусияга 11,8 миллион чет элдик жаран кирген. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы алты айында 3,5 эле мигрант барган. Бул 2022-жылдын ошол эле мөөнөтүнө салыштырмалуу эки эсе аз.
Жумуш күчүнүн таңкыстыгы таксиде, жеткирүү кызматтарында, курулушта, тамактануучу жайларда дароо байкалды. Анткени борбор азиялык мигранттар негизинен дал ушул тармактарда эмгектенет. Чет жактан келгендердин көбү Орусиянын жарандыгын алууга умтулат. Кээ бирөөлөрү мыйзамсыз жолдорго да барган учурлар болот. Жакында эле Новгород облусунда Миграция бөлүмүнүн башчысы мыйзамсыз миграцияга жол берүүгө шек саналып кармалды. Маалыматка караганда, ал 2019-2021-жылдары тажикстандыктарды орус аялдары менен жасалма никеге турууга жардам берип келген.
Миграция башкармалыктарынын биринин мурдагы жетекчиси "Север. Реалии" долбооруна айтып бергендей, жасалма нике аркылуу жарандык алуу схемасы 1991-жылдан бери "иштеп келет".
"Ошол кезде тиешелүү мыйзам пайда болгону, жарандык алууну көздөгөн чет элдиктерге квоталар бөлүнө баштады. Маселен, бир облуска 300 кишиге квота бөлүнөт. Андан кийин башкармалык аларды райондорго бөлүштүрөт. Ошентип отуруп, ар бир районго 20-30дан тиет. Албетте, жарандык алууну каалагандардын саны алда канча көп. Бул квоталарды башкармалыктын жетекчиси "сатат". Ал эми токсонунчу жылдары жөн эле кабинетке кирип келип, "мен сага миң доллар берем, сен мага паспорт бер", - деп эле талап кылышчу.
"Чагымга алдырбагыла"
Квотадан тышкары, чет элдиктер жарандыкка жакын туугандары аркылуу же нике аркылуу жетишет. Эмгек мигранттары негизинен экинчи вариантты көбүрөөк колдонушат.
"Аялдын" ролунда негизинен ичкиликке берилген аялдар чыгышат. Аларга көп акча төлөөнүн да кереги жок. Албетте, жергиликтүү миграция башкармалыгы мунун баарын билет да. Орусияга келгенине бир ай боло элек 30 жаштагы өзбек же тажик жергиликтүү 45 жаштагы аялга үйлөнгөнү жатканы кызык эле да, туурабы?", - дейт эксперт.
Укук коргоочулар буга чейин Орусиядагы мигранттарды пропаганданын курмандыгына айланып, согушка барбоону эскертип келет. Анын үстүнө көп мамлекеттерде, анын ичинен Кыргызстанда чет жактагы согуштук аракеттерге аралашуу кылмыш болуп саналат. Орусия Украинага согуш ачкан алгачкы күндөрдөн бери эле борбор азиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген Валентина Чупик чет элдиктерге кайрылып, тезирээк мекенине чыгып кетүүгө чакырып келет.
Санкт-Петербургда мигранттарга каршы тинтүүлөр Москвага караганда азыраак жүргүзүлөт. 2023-жылы жайында Софийская жашылча-жемиш базасында уюштурулган эки күндүк рейддин алкагында 400дөй мигрант кармалып, алардын 55и Орусияда мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Орусиянын жарандыгын алган 100дөй мигрант аскердик каттоого турбаганы маалым болгон. Алардын баары дароо Фрунзе райондук аскердик комиссариатка жеткирилген.
Би-Би-Си өзүнүн иликтөөлөрүнүн биринде аныктагандай, Украинадагы согушта 100дөй борбор азиялык набыт болгон. Алардын 40ы тажикстандыктар экени белгиленген.
Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына ылайык, 2022-жылы орус жарандыгын 174 миң тажикстандык, 23 миң кыргызстандык жана 27 миң өзбекстандык алган.
Борбор азиялыктарды согушка азгыруу түрмөлөрдө да жүргөн. "Вагнер" менчик аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка барган бир нече кыргызстандык фронтто мерт болгон.
Бехруз согуш аяктагандан кийин да Орусияга кайтууну каалабайт.
"Үйгө барып, бир аз эс алгандан кийин Европага кетем. Германия же Испанияга барганга аракет кылам. Жети жыл ичинде Петербургду аябай жакшы көрүп калдым. Абдан кооз шаар. Бирок мындай тобокелдикке экинчи барбайм", - дейт ал.
2023-жылы Украинадагы орусиялык аскерлердин жоготуулары бир жыл мурдагы караганда 1,5 эсеге өсүп, согуш башталгандан бери өлгөндөр 80 миң адамга жеткен.
Би-Би-Синин журналисттери ачык булактарга таянып, өлгөндөрдүн аты-жөнүн тактаган тизме түзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен.
Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен бирге өлгөн жоокерлер тууралуу аймактардагы администрациялардын, туугандарынын, досторунун билдирүүлөрүн жана ачык реестрдеги маалыматтарды изилдеп келет.
Декабрдын акырына карата алар Орусия Украинага басып киргенден бери өлгөн 40 миң жоокердин аты-жөнүн тактай алышкан. Ошол эле кезде чыныгы сан мындан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин айтышат. Ал эми жикчил аймактагы топторду кошкондо бул сан 100 миңге чейин жетиши ыктымал экенин белгилешкен.
Мындан тышкары дагы 200дөй адам оор жараат алып, согушка кайра кирүүгө жараксыз деген тыянакка келишкен. Журналисттердин маалыматы боюнча, аты-жөнү такталгандардын ичинен 15520 жоокер 2022-жылы, ал эми 24100 жоокер 2023-жылы өлгөн.