Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды. Ага “массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылды. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров абакта калды. Парламент депутаттары аны үй камагына чыгарууну өтүнүп, судьяга кайрылышты. Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүнө соккусун улантууда. Аймакта гуманитардык кырдаал оор бойдон калууда.
Борбор Азия
жума 8 Декабрь 2023
Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген мемуарында ымандай сырын төгүп, экинчи үй-бүлөсү тууралуу да баяндаган. Мемуардын бул бөлүгү коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Ушундан улам биз бүгүн мамлекеттик деңгээлдеги саясатчылардын кош стандарттуулукка мамилесине, чоң саясаттагы адамдардын эл алдындагы моралдык жоопкерчилигине байланышкан маселелерди талкуулайбыз.