Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ташов УКМКнын тергөө абагынан 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы айтылды


Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы кабарланды. Бул тууралуу 1-ноябрда Бишкек шаардык сотунда ишкердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болбой калгандан кийин адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.

“УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна барсак Имамидин Ташов жок экен. УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарына ал Юстиция министрлигине караштуу №21 мекемеге которулганын билдирди. Бирок №21 мекемеден да таба алган жокпуз. Имамидин Ташовду башка тергөө изоляторуна которуу үчүн соттун чечими керек. Биз соттун чечимин көрө элекпиз”, - деди ал.

Нурсултан Жаныбеков шектүүнү башка тергөө абагына которуу боюнча сот отуруму болуп, ага жактоочулар да катышышы керек экенин кошумчалады. Имамидин Ташов 1-ноябрда Бишкек шаардык сотуна алып келинбегендиктен анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын кароо 4-ноябрга жылдырылды.

30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Райондук сот анын иши каралган каралбаганын тактап берерин кабарлады. УКМК комментарий бере элек.

Атайын кызмат 30-октябрда Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн денесине өзү атайын залал келтиргенин, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганын маалымдаган.

Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү буга чейин ага жолугуп чыккан.

29-октябрда Биринчи май райондук сотунда прокурор айыптоо актысын окуп, Имамидин Ташов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылганын” айтты. Шектүү коюлган кинелерди четке какты. Кийинки соттук отурум 12-ноябрда болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (BTo/MKt)

XS
SM
MD
LG