Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

УКМК баасы 300 миллион сом деп бааланган маңзат алынганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган метамфетамин баңгизаты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган метамфетамин баңгизаты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте чет өлкөлүк жаран 7-октябрда 67 килограммдан ашык метамфетамин баңгизаты менен кармалганын 1-ноябрда билдирди. Атайын кызматтын берген маалыматына ылайык, маңзаттын жалпы баасы 300 миллион сом деп бааланган.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен “Пакистан – Ооганстан – Өзбекстан – Кыргызстан” маршруту боюнча метамфетамин баңги каражатын өзгөчө көп өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган метамфетамин баңгизаты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган метамфетамин баңгизаты.

Кармалган шектүү жогорудагы маршрут боюнча Кытайдын Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетамин баңгизатын жөнөтүүнү уюштурганы аныкталган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Метамфетамин күчтүү баңгизаттардын катарына кирет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку үч жыл ичинде маңзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш иши катталган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG