Кошмо Штаттар баш кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан "Сервис флай Бишкек" (SERVICE FLY BISHKEK) ишканаcына Орусияга микрочиптерди, авиатетиктерди жана башка жабдыктарды жеткиргени үчүн санкция салды. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин 31-октябрда сайтына жарыяланган маалыматта белгиленген. Анда көрсөтүлгөндөй, аталган компания быйыл январь айынан майга чейин Европадан жана АКШдан жалпы суммасы 1,2 млн доллардан ашуун каражатка жабдыктарды алып Орусиядагы "Склад Форесс" компаниясынын дарегине жөнөткөн.
Жалпысынан бул ирет АКШ орусиялык жана башка Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген 275 кишини жана ишкананы "кара тизмеге" киргизди. Алардын катарында Кыргызстандан тышкары Борбор Азиядан Казакстан, Индия, Кытай, Швейцария, Түркиянын компаниялары бар.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.
Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.
Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.
Шерине