Орусия Украинанын Киев, Львов, Одесса, Харьков баштаган ири шаарларына ракета, дрондор менен жапырт сокку урду. Кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда. Бир нече жыл мурда казынага ири зыян келтирди деп айыпталып, бирок чет өлкөгө чыгып кеткен экс-бажычы Нурбек Айбашев Түркияда кармалып, Бишкекке алып келингени белгилүү болду. «Озоди» радиосу Тажикстандын авторитардык лидери Эмомали Рахмондун үч сааттан ашкан жылдык кайрылуусунда залдагылар ага бери дегенде 120 жолу, жалпысынан 22 мүнөт кол чапканын эсептеп чыкты.
Борбор Азия
жума 29 Декабрь 2023
Ошентип 2023-жыл соңуна чыгып баратат. Бийлик бул жылдагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, маянанын жогорулашын жана социалдык мекемелердин курулушун айтып жатат. Ошол эле учурда демократия, жарандык коомго, оппозицияга кысым күчөгөнүн билдиргендер да жок эмес. Алар эркин медиалардын айланасындагы окуяларды, пикири үчүн суралып, камалгандарды мисал келтирип атышат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө узап бара жаткан жылдын сабагын, кийинки жылдын багытын талдадык.