Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Бирок Киев муну четке какты. Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам бүгүн күчүнө кирди. Ал арада сатуучулар базарларда туңгуч тууга суроо-талап көбөйгөнүн айтып жатышат. Депутат педофилдерди өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сунуштады.Прокуратура азыркы колдонулуп жаткан жаза да катаал экенин эскертти.
Борбор Азия
шейшемби 26 Декабрь 2023
Казакстанда Каспий деңизинин жээгиндеги мунайга бай Атырау шаары экологиялык оор абалды баштан кечирүүдө. Деңиз тездик менен тайыздап, балык азаюуда. Ал эми мунай өндүрүүчү ишканалар абаны булгап жатат. Бийлик соңку 25 жыл аралыгында Каспий 2 метрге тайыздаганын, суу жээктен 30 км тартылып кеткенин билдирди. Жетекчилер мунун себебин табият көрүнүштөрүнө жана техногендик факторго байланыштырып, суу тартыштыгын жана климаттын өзгөрүүсүн айтып жатышат. Адистер абал өзгөрбөсө, жакында бул аймактын 700 миң калкы экологиялык мигранттарга айланышы мумкүн экенин коңгуроо кагууда.