Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт


Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган. Архив сүрөт.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган. Архив сүрөт.

Бишкекке 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады.

Азымбакиевдин айтымында, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүп, кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлары пландаштырылды.

Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитине катышат. Мындан сырткары уюмга мүчө мамлекеттердин – Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандын башчылары жана байкоочу өлкөнүн жетекчилери катышат.

Президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 5-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ТМУнун жыйынына катышарын билдирди.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG